Ал арада Израилдин армиясы Бейрутка авиасоккуларын улантып, радикал топ ракеталарын атып жатат.
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Бейруттун түштүк ыптасындагы конуштарга шейшемби күнү эртең менен кайрадан сокку урду.
Ал чөлкөм алдыңкы күнү да бутага алынган. Маалыматка караганда, Израилдин армиясы ошол чабуул тууралуу Х социалдык тармагы аркылуу жергиликтүү тургундарга эскертүү берген.
АР агенттиги дүйшөмбүгө караган түнү тараптар бири-бирине сокку урганын жазды. “Хезболла” радикал уюму Израилге 250 чакты ракета атканы, жети киши жарадар болгону маалымдалды. Айрым дүрмөттөр Тел-Авивге чейин жеткен.
Ливандын армиясы жекшембиде Израилдин соккусунан бир аскери набыт болгонун жана 18и жаракат алганын билдирди. ЦАХАЛ радикал тобунун согушкерлерин гана бутага алганын белгилеп, аскердин өлүмүнө өкүнөрүн айтты.
Бирок Самира ал-Саед аттуу жергиликтүү тургун дүрмөт тийген жерде жайкын адамдар гана турганын айтты:
"Бул согуш тилкеси эмес, бул жерде карапайым адамдар жашайт. Тээ тиги жакта бала бакча жайгашкан, ушул имаратта армиянын генералы турат. Алар бардыгын бутага алып, күм-жам кылып жатышат. Муну адилеттүүлүктү орнотуу эмес, Израилдин агрессиясы деп аташ керек".
Ал арада Израил менен “Хезболла” жарашуу келишимине жакындаганы кабарланды. Ливандын жогорку жетекчиликтеги төрт булагы АКШ президенти Жо Байден жана Франциянын мамлекет башчысы Эммануэл Макрон ок атышууну токтотуу тууралуу 36 сааттын ичинде жарыялашарын билдирди.
Дүйшөмбү күнкү брифингде АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер Вашингтон тынчтык макулдашуусун сүрөөнгө алганын, бирок тараптар мунасага келе электигин белгиледи:
"Өткөн жумада силер менен сүйлөшкөндөн бери олуттуу прогресс байкалды, бирок бул багыттагы аракеттер аяктай элек. Жараян соңуна чыкканда гана келишимге жетишилди деп айта алабыз. Биз келишим түзүү аракетин улантабыз жана ийгиликке жетебиз деп үмүттөнөм. Бирок бул үчүн эки тарап тең шарттарга көнүүгө тийиш".
Долбоорду Израилдин коопсуздук кабинети жактырууга тийиш. Бирок ашынган оңчулдардын өкүлдөрү арасында ага каршы чыккандар, армия согуштук аракеттерди улантууга тийиш деп эсептегендер бар.
Элдешүү планына ылайык, тараптар 60 күнгө ок атууну токтотушат. Бул аралыкта Израил аскерлерин Ливандын түштүгүнөн чыгарып кетүүгө тийиш. Чек ара аймагынын үстүнөн көзөмөл Ливандын өкмөттүк армиясына өткөрүп берилмекчи. “Хезболла” өзүнүн оор куралын Литани дарыясынын түндүгүнө алып кетиши керек.
Маалыматтарга караганда, Израил радикал топ келишимди бузган учурда тиешелүү аракет көрүү укугунун сакталышын талап кылууда.
Еврошаркеттин башкы дипломаты Жозеп Боррел Израилдин келишимди жактырбоого “жүйөсү жок экенин”, бардык коопсуздук маселелери эске алынганын билдирди.
"Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.
2023-жылы 7-октябрда Израил Газадан ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун кол салуусуна кабылып, 1197 киши өлтүрүлгөн, 251 кишини жоочулар барымтага алып кетишкен. Израил радикал топко каршы согуш жарыялаган.
Эртеси "Хезболла" Ливан тараптан Израилге ракеталар менен чабуул кое баштаган. Ошондон бери Израил армиясы менен согушкерлердин аткылашуулары уланып келатат. Абал быйыл сентябрдын этегинде курчуп, 1-октябрда ЦАХАЛ Ливандын түштүгүнө жөө аскерлерин киргизгенде Израил менен "Хезболла" ортосундагы толук масштабдуу согушка айланган.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Израилдин соккуларынан 3 миң 770ке жакын адамдын өмүрү кыйылды. Маркумдардын канчасы карапайым тургундар, канчасы согушкерлер экени айтылбайт. Андан тышкары чек ара аймактарынан 1,2 миллиондой адам жер которууга аргасыз болду.
Израил Ливан менен чектеш райондорундагы жоочулардын чабуулдарынан 90дай аскер жана 50гө чукул жайкын тургун каза тапканын билдирген.
Шерине