Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Абактагы Султанбековдун ачкачылыгы, Европарламентте көтөрүлгөн маселе


Темирлан Султанбеков жана Европа парламенти. "Азаттыктын" коллажы
Темирлан Султанбеков жана Европа парламенти. "Азаттыктын" коллажы

Европарламенттин депутаты шайлоодо добуш сатып алууга шек саналып камалган оппозициячыл Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды.

Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык жарыялаганына эки апта болду. Ал өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоп, укуктары бузулуп жатканын билдирди.

"Эсим ооп, жыгылып калайын дедим"

Адвокат Улан Сейитбековдун билдиришинче, Султанбековдун абалы мурдагыдан начарлай түшкөн:

“Маанайы жакшы эле, болгону колу, денеси муздак экен. Бүгүн “эсим ооп, жыгылып калайын дедим” дейт. Санитардык бөлүмдөн сурасам, "биз карап жатабыз, баары жакшы" дейт. Арыктап кетиптир. Учурашсам, колдору муздак, кан басымы түшүп кеткен окшойт”.

Темирлан Султанбеков абактан өлкө жетекчилерине адвокаты аркылуу утур-утур кат жолдоп, шайлоодо акыйкаттык болбогонун жазып келет.

23-ноябрдагы президент Садыр Жапаровго кайрылуусунда өзүнүн конституциялык укугу бузулганын айткан:

Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

“Сиз жергиликтүү кеңештерге шайлоону жарыялаганыңыздан кийин эл аралык уюмдардагы бардык ишимди эки айга токтоттум, анткени сиздин шайлоонун таза, ачык-айкын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү тууралуу айткан сөзүңүзгө ишенгенбиз. Шаардын өнүгүшүнө салым кошолу деп шайлоого катыштык. Чыныгы программабыз бар эле, биздин партия гана бардык темада ачык айтып, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун айтып, бардык жерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү”.

Султанбеков шайлоочулардын добуштарын сатып алды деп айыптоого негиз болгон 15 миң сом акча үгүтчүлөрдүн айлык акысы экенин Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан текшерүүгө болорун кошумчалаган. Күнөөсүз экенин далилдөө үчүн жалганды аныктоочу атайын детектордон өтүүгө даяр экенин билдирген.

Темирлан Султанбековдун каттарына бийлик азырынча жооп бере элек.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 15-ноябрда Социал-демократтар партиясын шайлоодон четтетүүдө саясат жок экенин айткан:

Дайыр Орунбеков
Дайыр Орунбеков

"Азыр дагы Социал-демократтар партиясын шайлоодон өткөрбөй коюуга эч ким кызыкдар эмес. Болгону алар акча таратып, добуш сатып алуу фактысы менен четтетилип жатат. Бул окуяга саясий боёк берүүнүн кажети жок. Таза шайлоо өткөрүү - президентибиз Садыр Жапаровдун негизги максаттарынын бири. Бул аракеттер токтобойт, мындан ары да уланат".

21-ноябрда Бишкектин Административдик соту "Социал-демократтар" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчүн карап, арызды канааттандырган эмес.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Административдик соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылганын айтууда.

Европарламентеги билдирүү

Европарламенттин депутаты Начо Санчес Амор Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча билдирүү таратып, окуяга көз салып жатканын маалымдаган. Европарламенттин 25-ноябрдагы жыйынында да ал Султанбековдун маселесин көтөрдү.

Начо Санчес Амор.
Начо Санчес Амор.

“Султанбеков мырза 13 күндөн бери ачкачылык кармап жатат, анын ден соолугу күндөн-күнгө начарлоодо. Биринчи сот отуруму январга дайындалган экен. Бир катар эл аралык уюмдар өздөрүнүн камтамачылыгын билдирүүдө. Жакында Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын жаңы келишими талкууланат. Анда адам укугу жана демократия тууралуу бөлүм камтылган. Бул Темирлан Султанбеков жана башкалардын ишинде кыргыз бийлигинин саясий эркин баалоого жакшы мыкты мүмкүнчүлүк болмокчу", - деди Европарламенттин депутаты.

"Султанбековдун рейтинги көтөрүлүп кетиши мүмкүн"

Саясат талдоочу Марс Сариев Султанбековду абакта кармоо бийликке пайда алып келбестигин, тескерисинче геосаясий оюндарга жол ачылышы мүмкүн экенин белгилейт:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

"Бул Кыргызстандын ички саясий иши эмес, чоң геосаясий оюн башталып жатат. “Социнтерн” жана Орусияга тиешелүү... Ошон үчүн Темирлан Султанбековду жарыштан чыгарып, оппозиция жана саясий туткун кылганы анын рейтингин да көтөрүп ийиши мүмкүн. Анан кийин парламенттик, президенттик шайлоо болот, ага чейин тышкы оюнчулар саясатты күчөтүп жибериши ыктымал".

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда 26 жаштагы Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.

Бишкек шаардык милициясы аларга 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келет.

Султанбеков ачкачылык кармап жаткан маалда анын атасы Медетбек Султанбеков уулунун коопсуздугуна бийлик жооптуу болорун айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG