“Колума кишен салып, дааратканага алып кирип коюшту. Эки күн ал жерде кыйнап, кармашты”.
Калыс ал күнү адаттагыдай эле ишке чыгып, буюртма кабыл алган. Бир нече убактан кийин анын автоунаасын полиция кызматкерлери токтотуп, жолдон эле тинтүүгө алышкан.
“Ал күнү башка шаарга баратканбыз. Кардарым орус жараны болчу. Жолдон бизди МАИ кызматкерлери токтотушту. Алар дароо эле машинанын багажын ачып, тинтишти. Эмнегедир ошол кезде жүрөгүм бир нерсени сезди. Телефонумду алып чыгып, акырын видеого тарта баштадым. Ошол учурда кардардын баштыгынан бир нерсе табышты. "Шекерге окшош бул эмне зат?" - деп андан сурашты. Ал: “Жашоо керемет болуш үчүн”, - деп жооп берди. Анын колуна дароо кишен тагып алып жөнөштү. Мага алар: "Сен жөн тур, сенин жердештериңдин көбү баңгизат менен кармалганын билесиңби?" - деп коркутушту”.
Калыс айткан тасмада кардар күнөөсүн мойнуна алып, ага кишен тагылып жатканын көрүүгө болот.
Андан кийин Калыс кардары менен кошо Москвадагы тергөө бөлүмдөрүнүн бирине жеткирилген. Жолдо баратып, ал Москвадагы Кыргызстандын элчилигине телефонго тартылган тасманы жиберүүгө үлгүргөн.
"Мен видеону дароо элчиликтин юристине жибердим. Ал кезде жооп келген жок. Полиция бөлүмүндө тиги кардар күнөөсүн мойнуна албай, тана баштады. Ошондо мени карап туруп, кишен тагып, "алып бар" деп буйрук беришти. Алар мени дааратканага камашты. Ошол жерде эки күн кыйнашты. Тамак беришкен жок. Крандан суу ичип отурдум. Телефонумду да беришкен жок. Пол муздак, суук жер болчу. Алар менин мойнума күнөөнү оодарууну каалашты. Сыртка алып чыгып, кардардын баштыгын алып кел дешти. Мен аларга дароо: "менин азыр манжаларымдын изи түшүп калат" деп айттым. Алар мага “сен такси айдоочусундай эмес ашыкча эле акылдуусуң го” дешти. Тергөөчү кылмышкердин баштыгын мага көтөртүп, алып киргизди".
Калыстын айтымында, ал дааратканада эки күн отурган. Экинчи күнү ден соолугу начарлап, ага тез жардам чакырылган.
“Бөйрөгүм иштебей калды. Ошондо гана алар мени чыгарып, тез жардам чакырышты. Дарыгерлердин телефонунан дароо элчиликке чалдым. Таңкы саат 4 болчу. Акыбалымды түшүндүрдүм. Эртең менен полиция кызматкерлери келип, "сен эмне чалдың?" деп кайра басым көрсөтүштү. Алар мени сотко алып барып, колума 10 күн ичинде чыгып кет деген кагаз карматышты”.
Сот Калыска берген документте аны айып пулдарын төлөгөндөн кийин өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынганы жазылган.
Мигрант жигит кылмыш ишинен өз учурунда тартып алган тасмасы куткарып калганына кубанат.
“Бул окуяда күбө болсом да, менин сөзүмдү эч ким уккусу келген жок. Алар мага “Сенин сүйлөгөнгө укугуң жок” деп ачык эле басмырлап жатышты. Колумдагы видеомо ишенип, үн каткан жокмун".
Калыстын кайрылуусу Москвадагы элчиликте үстүбүздөгү жылдын май айында катталган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова окуя боюнча буларды айтты:
“Элчиликке телефон аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны кайрылып, полиция тарабынан кармалганын жана бул жагдайда күнөөсү жоктугун билдирип укуктук жардам сураган. Элчиликтин юристи дароо полициянын жооптуу кызматкерлери менен байланышып, орун алган жагдайга жарандын тиешеси жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзгөн. Ыкчам көрүлгөн аракеттердин жыйынтыгында, кайрылган Кыргыз Республикасынын жараны кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган”.
Калыс ушул жылдын соңунда Кыргызстанга кетүүнү ойлоп жатат. Ал азыр деле такси кызматында иштеп жатат.
“Азыр эми ар бир кардардын баштыгын карап, кылдат мамиле кылып калдым. Кадимкидей коркот экенсиң. Мен деле бул өлкөгө аргасыздыктан келдим эле. Бирок бул жакта биздин укугубуз корголбой турганын түшүндүм. Булар бизди уккусу да келбейт экен. Ушундан улам да биздин баңгизат менен кармалган жарандардын айрымдары күнөөсү жок эле камалып кеттиби деп шек санап калдым”.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Орусиянын түрмөлөрүндө 1 жарым миңге чукул кыргыз жараны отурат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") менен күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча орус соту бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын чегерет. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштарга колдонулат.