Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түштү. Анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабаркап, баса албай жатканын айтууда. Башкы прокуратура аскердин сабалганы боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Кылмыш
жекшемби 11 Май 2025
Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева Москвадан операция жасатып келди. Ал ден соолугу, азыркы жашоо-шарты тууралуу айтып берди. 2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында 36 жаштагы келин туш болгон окуя коомчулуктун үрөйүн учурган.