Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Орусияда мунай заводдор өрттөнгөн сайын Кыргызстанда бензин кымбаттоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үч жыл мурда коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын дээрлик бардык облустарын тынымсыз аткылап, бомбалап келаткан Орусиянын өзүндө соңку жылдары улам бир аймагы согуштук дрон чабуулуна кабылууда. Бул үчүн орус бийлиги Украинаны айыптайт, кээде кабылган чабуулдары тууралуу жаап-жашырууга аракет кылат. Бирок социалдык түйүндөргө тараган сүрөт-видеолордон ишканалар, айрыкча мунай иштеткен заводдор, кара май сакталуучу кампалар алоолонуп өрттөнүп жатканын көрүүгө болот. Украин тарап айрым учурда гана комментарий берип, соккуларын үч жылдан ашык убакыттан бери айласын кетирип жаткан коңшусунун согуштук мүмкүнчүлүгүн азайтуу, андан коргонуу аракети деп атайт.

Украинанын дрон чабуулдарынан улам Орусияда мунай заводдору жана күйүүчү-майлоочу май сактаган кампалар өрттөнүп, мындан улам бензин менен дизель тартыш болуп, баасы да жогорулоодо.

Бул жагдай орус базарынан күйүүчү-майлоочу май алган Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да таасир этүүдө. Кыргызстанда жай айларынан бери күйүүчү май улам кымбаттап жатат.

Орусиядагы кырдаал

Мисалы, оккупацияланган Луганскиде күйүүчү май үчүн кезек кескин узарды. Ушундай абалга Приморьенин тургундары да туш болду.

Луганскидеги тургундардын бири журналисттерге буларды айтып берди:

“Эки сааттан бери кезекте турам. Акыры бензин куюучу жайдан бош колонка көрдүм. Менин кезегим жеткиче бензин түгөнүп калбаса экен”.

Жакында эле Санкт-Петербург товардык-чийки зат биржасында АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы дагы бир жолу рекорд жаңылап, тоннасы 73 миң 200 рублдан ашты.

Акыркы күндөрү Нижний Новгород, Ростов, Рязань облустарында жана оккупацияланган Крымда да кара май тартыштыгы байкалууда.

Севастополь шаарынын тургуну Илья Кочнов мындай дейт:

"Бензиндин баасынын өсүшү айдоочулар үчүн чоң көйгөй. Ошентсе да мурдагыдай эле май куюп жүрөм. Башка айлам барбы?".

Орусияда күйүүчү май бир нече айдан бери кымбаттап келет. Бирок өлкөдө бул маселе тууралуу расмий маалымат эми гана чыга баштады.

Өлкөнүн Экономика министрлиги быйыл бензин, дизель жыл аягына чейин 10-12% кымбатташы болжолдонуп жатканын билдирди.

"Августтун аягында бензин тартыштыгы Забайкалье, Приморье, Курилы жана Крымда байкалса, сентябрда Рязань, Нижегород, Саратов, Самара, Ульяновск, Пенза, Ростов, Астрахань облустарында да катталды. Жакын арада бензин тартыштыгы Москва облусунда да болушу мүмкүн” – деп айтылат Орусиянын Экономика министрлигинин маалыматында.

Орус бийлиги менен федералдык маалымат каражаттары азыркы кырдаалды күйүүчү майга болгон сезондук суроо-талап менен түшүндүрүп жатат.

Эксперттер болсо бул абалды мунай иштетүүчү заводдордун мүмкүнчүлүгү менен АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензинге болгон жогору суроо-талаптын ортосундагы айырма жана логистиканын кымбатташы менен байланыштырат.

Негизги себептердин бири – Орусиядагы мунай заводдоруна украин дрондорунун тынымсыз соккулары. Сентябрда эле төрт ири заводго чабуул жасалып, жыл ичинде жалпысынан 40ка жакын ишкана жабыркады. Алардын жарымынан көбү ишин уланта элек.

Азырынча «Роснефть» менен «Лукойлго» таандык заводдорду кошо эсептегенде беш ири ишкана толук токтоп турат. Натыйжада мунайды кайра иштетүү көлөмү 17 пайызга азайганы белгилүү болду. Бул абал аймактардагы май куюучу станциялардын жапырт жабылышына алып келди. Кремль болсо Орусиянын ички күйүүчү май рыногу толук камсыздалып, абал көзөмөлдө турганын айтууда.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиядагы күйүүчү май базары толук камсыздалган деп эсептейт:

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

"Баа ар кандай себептерден улам өзгөрүп турат. Бирок өкмөт энергетика жана бензин баасын туруктуу кармоо үчүн активдүү чараларды көрүп жатат. Бензин экспортуна коюлган тыюуну да билесиздер. Ошондуктан рынок туруктуу, абал көзөмөлдө."

Орусиянын күйүүчү май тармагындагы маселелерди тескеген уюму эсептеп чыккандай, ишканалардын чыгымын эске алганда, быйыл бензин менен дизелдин баасы дээрлик 15 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бирок Росстаттын маалыматына караганда, жыл башынан 1-сентябрга чейин бензиндин чекене баасы 6,7 пайызга, дизелдики 2,1 пайызга өстү.

Орусияда кара майдын кымбатташы менен анын тартыштыгы айдоочуларга гана эмес, жалпы экономикага да таасир этүүдө. Акыркы апталарда мына ошонун айынан азык-түлүк жана кызмат көрсөтүү баасы дагы жогорулаганы байкалды. Орусиянын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын январь–август айларында бюджеттин тартыштыгы 4,19 трлн рублди түздү.

Кыргызстандагы баага тийип жаткан таасир

Бул арада Кыргызстандагы айдоочулар акыркы бир нече аптадан бери бензиндин баасынын тынымсыз өсүп жатканына кабатыр болууда. Бишкектеги айдоочулар баа мындан ары дагы көтөрүлө берсе эмне кыларын билбей турганын айтууда.

“Мурда 500 сомго бензин куйсак, азыр 800-1000 сомго куюш керек болуп калды. Кандай кылабыз эми? Күн сайын кымбаттап жатса. Скутер алып эле жүрүп калат окшойбуз. Акчасы барлар жүрө беришсе керек, бирок карапайым адамдарга өзгөчө кыйын болууда. Айрыкча таксидегилер тыйынын жеткире албай убара болууда” – деди айдоочулардын бири.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин июндун башында 73 сом болсо, учурда 77–78 сомго жетти. АИ-92нин баасы 65 сомдон 71–72 сомго көтөрүлдү. Дизель майы 73 сомдон 77–78 сомго чыкты.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына караганда, соңку эки айда эле өлкөдө күйүүчү майдын чекене баасы литрине орто эсеп менен 4 сомго кымбаттады. Мындан ары да өсүш болушу мүмкүн.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов Кыргызстандагы ички керектөө үчүн көпчүлүк көлөм Орусиядан ташылып келерин, бүгүнкү күндө бул өлкөнүн өзүндө тартыштык болуп жатканын айтууда:

Канат Эшатов
Канат Эшатов

"Анткени алардын мунайды кайра иштетүүчү бир нече заводу дрон чабуулунан улам иштебей турат. Андан сырткары дагы бир топ заводдор пландык ремонтко токтотулган. Ошондуктан Орусиянын кээ бир субъектилеринде өздөрүндө жетишпей калды. Орусиянын бийлиги так ошол ички көлөмдү жабуу үчүн башка аймактардагы иштеп жаткан заводдордон тартыштык болуп жаткан аймактарга жөнөтүүдө. Мындан сырткары Москва күйүүчү-майлоочу майды сыртка экспорттоого тыюу салды. Албетте, бул тыюунун Кыргызстанга тиешеси жок. Себеби, биз Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жайгашканбыз. Биз ташый беребиз. Бирок тартыштыктын эсебинен кескин түрдө сатып алуучу дүң баа өсүп жатат. Август айынан тартып жума сайын баа көтөрүлүп жатат. Сентябрдын башынан бери да ошондой эле өсүп келатат”.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Орусиядан импорттолот. Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн деп кооптонууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы туруктуу экенин билдирген. Ал “Биринчи радионун” эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик бергенин айткан:

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Чолпон-Ата шаарында өткөн саммитте Адылбек Алешович (Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы) кесиптеши Михаил Владимирович Мишустин (Орусиянын премьер-министри) менен сүйлөшкөн. Ал Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик берди”, - деген Данияр Амангелдиев.

Мурдараак Энергетика министрлиги 3-сентябрда өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү экенин билдирген. Ошондой эле, Орусиянын кара майды экспорттоого киргизген чектөөсүнүн мөөнөтү Кыргызстанга тиешеси жок экени белгиленген.

Бишкек Москванын бензин “туткунуна” түштүбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:16 0:00


  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG