Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Ташкенттин "ийгилиги" жана Астананын "дипломатиялык жеңилүүсүбү"? Эки лидердин АКШ сапары


Шавкат Мирзиёев жана Дональд Трамп.
Шавкат Мирзиёев жана Дональд Трамп.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясына катышып келгенден кийин тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну жана АКШдагы элчи Ержан Ашикбаевди кызматтан алды. Буга казак делегациясынын Нью-Йоркко сапарынын жыйынтыгы негиз болдубу же башка да себептер барбы?

АКШга сапардан кийинки кадрдык чечимдер

Мурат Нуртлеу Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри кызматынан алынды. Соңку бир айдан бери бул саясатчынын айланасында түрдүү кеп айтылып жаткан эле. Айрымдар ал камакка алынды дешсе, кээ бир булактар Нуртлеу казак саясатындагы көмүскө башкаруучуга айланганын, ал бир топ суроо жараткан кылмыштарга тиешеси бар экенин жазып чыгышкан.

Бирок кызматтан кеткени менен президентке жакын бул аткаминердин саясий карьерасына чекит коюлду деп айтууга болбойт. Өлкө башчысы, Нуртлеу сыяктуу эле тышкы саясат мекемесинде көп жыл иштеген дасыккан дипломат Касым-Жомарт Токаев аны өзүнө эл аралык инвестиция жана соода-сатык кызматташтыгы боюнча жардамчы кылып дайындады. Башкача айтканда, 49 жаштагы Нуртлеу эми Өкмөт үйүнөн Акордого которулуп, чет элдик инвесторлор менен иштөө жагын тейлейт.

Мурдагы министр Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин ичинде таасирлүү бөлүм түзгөндүгү тууралуу айыптоолор соңку кадрдык өзгөрүүлөрдүн көлөкөсүндө калып кеткендей сезилгени менен ал материалдар азыр да ачык жарыяланып турат жана расмий органдар ал жерде жазылгандарды төгүндөй элек.

Orda.kz сайтына чыккан макалада, мисалы, атайын кызматта түзүлгөн өзүнчө көмүскө бөлүмдүн өкүлдөрү Нуртлеуга жакпаган, анын кызыкчылыктарына туура келбеген адамдарды артынан аңдып, тыңшап, куугунтуктап жүргөнү, жада калса Украинада саясий бозгунда жашаган, киши колдуу болгон журналист Айдос Садыковдун өлүмүнө да тиешеси болгону тууралуу маалыматтар келтирилген. Басылманын Youtube каналындагы чыгарылыштардын биринде башкы редактору Гүлнар Бажкенова Нуртлеуну кылмыштарга, казак-кытай чек арасындагы товарлардын аткезчилигин калкалоого жана көзөмөлдөөгө ачыктан ачык эле айыптаган.

Мына ушундай мазмундагы чуулгандуу макалалар жарыяланган соң алгачкы жолу журналисттердин алдына чыкканда Мурат Нуртлеу мындай сөздүн баарын "жалган жана абсурд" деп атаган. 8-сентябрда кабарчылардын суроолоруна учкай жооп берип жатып ал ким эмне деп жазса да көңүл бурбай турганын билдирген.

Мурат Нуртлеу парламенттин жыйынында.(солдон биринчи)
Мурат Нуртлеу парламенттин жыйынында.(солдон биринчи)

26-сентябрда, АКШга барып Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын сессиясына катышып келгенден кийин Касым-Жомарт Токаев Нуртлеуну министр кызматынан бошоткон жарлыкка кол койду.

Казакстандык саясат талдоочу Виктор Ковтуновский "Азаттык Азияга" комментарий берип жатып министрдин кызматтан алынышы Гүлнара Бажкенова келтирген айыптоолорго байланыштуу болушу ыктымал деген ою менен бөлүштү:

"Бажкенованы сотко беришкен жок. Анын өзүнө да, жетектеген медиа ресурска карата да эч кандай санкция болгон жок. Демек, айыптап жаткан тарап өзүн ошентип алып жүрүүсүнө негиз берүүчү кандайдыр бир аргументтерге ээ окшойт деген ой жаралбай койбойт. Нуртлеунун отставкасы буга кыйыр түрдө болсо дагы далил".

Айыптаган материал жарыяланып турса аны төгүндөгүлө деген талап коюлбаганы Казакстанга мүнөздүү эмес көрүнүш. Анткени мамлекеттин колунда өлкөнүн медиа мейкиндигин каалашынча көзөмөлдөй ала турган толтура ыкмасы, каражаты бар экенин сөз эркиндигин коргоо менен алектенген эл аралык уюмдар айтып келишет. Мисалы, мыйзамда "жалган маалыматты жайылтуу", "жалаа жабуу" деген беренелер бар, аларды бийликке жакпаган адамдарга жана уюмдарга, анын арасында жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы колдонушат. Бирок Orda.kz жарыялаган маалыматтар боюнча андай чара көрүлгөн жок.

Бул күндөрү АКШда жүргөн Гүлнар Бажкенова өзү Фейсбук баракчасына пост жазып, Нью-Йоркто казак дипломатиясы "жеңилүүгө" дуушар болду деген оюн ортого салды:

"Казак тарап Трамп менен жолугушууну уюштурууга аракет кылган, бирок ал ишке ашкан жок. Тышкы иштер министрлиги үчүн бул олуттуу жеңилүү, бирок буга таң калуунун кереги жок, анткени мекеменин жетекчилиги андан маанилүүрөөк иштер менен алек да".

Токаев Трамп менен жолукпай калганы Казакстандын АКШдагы элчиси Ержан Ашикбаевдин да кызматтан алынуусуна себеп болгон чыгар. Бул кызматта ал 2021-жылдан бери иштеди, жаңы дайындоо тууралуу азырынча маалымат жок.

Дипломатиялык кызматтарда көп жыл иштеген саясат талдоочу Казбек Бейсебаев белгилегендей, элчиликтердин иши канчалык натыйжалуу экендиги президенттин ошол өлкөгө сапарларын, жетекчилиги менен жолугушууларын уюштура алгандыгына жараша да өлчөнүп, бааланат:

— АКШдагы биздин элчилик президент Токаевдин президент Трамп менен жолугушуусун уюштуруу тапшырмасын алгандыр. Бирок АКШ президентинин күн тартиби түрдүү иш-чараларга жык толгонун да түшүнүү керек, анын ким менен жолугары эл аралык маселелердин актуалдуулугуна карап мурдатан талкууланып, макулдашылат. Бул көрүнүп турду. Мисалы, Трамп Украинанын жана Түркиянын лидерлери Зеленский жана Эрдоган менен жолугушту. Өзбекстандын президенти Мирзиеёв менен жолугушуусу кыска эле өттү, ал өзбек тарап АКШдан "Боинг" учактарын сатып алып жатканына байланыштуу болгон чыгар. Биз, белгилүү болгондой, локомотив сатып алмай болдук, бул үчүн Трамп бизди телефондон куттуктады. "Боинг" менен локомотив ортосунда айырма деген бар да баары бир.

АКШ президенттери Борбор Азияга бир да жолу келген эмес. Трамп келеби?

Казакстан БУУнун Башкы ассамблеясы алкагында өткөн жолугушууларда Кошмо Штаттардан 4 миллиард доллардан ашуун каражатка темир жол локомотивдерин сатып алуу тууралуу келишимге кол койду.

Өзбекстан 8 миллиард долларга 22 "Боинг" учагын сатып алмай болду. Алыскы аралыктарга учуучу бул лайнерлер Өзбекстанга 2031-жылы бара баштайт.


Касым-Жомарт Токаев жана АКШнын соода министри Говард Лютник локомотив сатып алуу тууралуу келишимге кол коюу аземинде. 2025-жылдын 22-сентябры.
Касым-Жомарт Токаев жана АКШнын соода министри Говард Лютник локомотив сатып алуу тууралуу келишимге кол коюу аземинде. 2025-жылдын 22-сентябры.

Расмий Ташкент мындан тышкары америкалык Traxys компаниясы менен биргеликте геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 1 миллиард долларга келишим түзүлгөнүн кабарлап, муну өтө маанилүү минералдарды казуу, кайра иштетүү жана жеткирүү чынжырчасын түзүү боюнча алдыңкы технологияларды колдоно баштоого карай "жол карта" деп атаган.

Казакстандык эксперт, коммуникациялар багытындагы адис Еркин Үдербай казактар өзбек бийлигин адатта "деги элдин балдары тың" деген сыяктуудай үлгү тутуп, эмне иш кылбасын, алардыкын туура деп эсептеп турушарын белгилөөдө:

"Мисалы, кечээ күнкү "Өзбекстан АКШдан учак, ал эми Казакстан локомотив сатып алып жатат" деген жаңылык. Казактар: "Биз кайдагы бир локомотив сатып алып жатканда Өзбекстан учак алууда! Локомотивдин эмне кереги бар эле, бизге да учак керек!" дешет. Эгер тескерисинче болсо "Учактын эмне кереги бар, өзбектерге окшоп локомотив сатып алыш керек болчу" деп чыгышмак, бул турган иш".

Бул жолу Нью-Йоркто Башкы ассамблея алкагында Трамп Борбор Азия лидерлери арасынан жеке өзү кабыл алганы жалгыз өзбек президенти Шавкат Мирзиёев болду. Кыска жолугушуу учурунда америкалык президент журналисттердин көзүнчө Өзбекстандын башычысын "өтө акылдуу жана иш билги лидер" деп атады.

— Баары бир мен сизди Өзбекстандан күтөм. Биринчи сапарыңыз..., - деп Трампка айтып келатып Мирзиёев бир аз паузадан соң "Сиз мага Самаркандга келем деп убада кылгансыз" деп кошумчалады.

— Ырас болот. Мен ойлонуп көрөм,- деп жооп берди АКШ президенти.

Шавкат Мирзиеёв жана Дональд Трамп. Сүрөт өзбек президентинин басма сөз кызматыныкы.
Шавкат Мирзиеёв жана Дональд Трамп. Сүрөт өзбек президентинин басма сөз кызматыныкы.

АКШнын кызматта турган президенти Борбор Азияга келгени буга дейре боло элек.

Мирзиёев Нью-Йоркто Трамптын атайын өкүлү Сержио Гор (Сергей Гороховский) менен да жолукту. Теги ташкенттик Горду Өзбекстандын кызыкчылыгын көмүскө сүрөгөн адамдардын бири деп аташат.

Өзбек президенти ушуну менен Трампты экинчи жолу чакырып жатат. 5-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшкөндө да Мирзиёев аны Өзбекстанга келип кетүүгө чакырган.

Деңиз каттамына түздөн-түз ээ болуу мүмкүнчүлүгү жок жана Кытай менен Орусиянын ортосунда жайгашып калган Борбор Азия өлкөлөрү тышкы саясатында баары менен жакшы ымалада болуп, эки чоң коңшусунун да, Батыштын да кызыкчылыктарын эске алган тең салмактуу кызматташтыкты сактап турууга аракет кылып келишет.

Экономикасы жагынан аймактагы алдыңкы эки өлкө болгон Өзбекстан менен Казакстан 2024-жылы союздук мамиле тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Эки мамлекет бирин бири кылымдардан бери уланып келе жаткан достук жана маданий алака байланыштырган бир тууган элбиз деп атаганы менен соңку жылдары ортосунда чет элдик инвесторлордун жана дүйнөлүк оюнчулардын көңүлүн өзүнө бурдуруу жагынан ачык айтылбаса да атаандаштык маанай байкалууда.

Казакстан эгемендик алган алгачкы жылдардан тартып чет элдик инвесторлордун иштешине шарт түзүп, аларга ачыктыгын көрсөтүп келет. Инвесторлор адатта казак жергесиндеги мунай, газ кендерине кызыгат.

Өзбекстан дүйнөгө ачык өлкө катары өзүн мурдагы президент Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин тушунда гана көрсөтө баштады. Соңку кезде ал экономиканы бир гана тармакка басым жасабастан, ар кыл багытта өнүктүрүү, өндүрүш секторуна каражат тартуу жагынан бир топ көзгө көрүнүктүү ийгиликтерге жетишип олтурат.

Бирок Мирзиёев Трамп менен көзмө-көз жолугуп койсо эле Ташкент дипломатиясында триумфка жетти деп эсептөө азырынча эрте экенин башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов айтууда.

— Трамп менен жолугушуунун болушу же болбошу Борбор Азия лидерлеринин дипломатиялык ийгилигинин кандайдыр бир көрсөткүчү эмес деп эсептейм. Зеленский үчүн, ооба, мындай жолугушуу маанилүү, анткени ал Украинанын Орусия менен согушуна зарыл саясий колдоо алып, орус агрессиясына каршы күрөшүүсү үчүн Трамптан керектүү сигналдарды алышы зарыл болчу. Ал эми Трамптын Мирзиёев менен жолугушуусунда алар бирин бири мактап-жактаганын эле уктук. Трамптын мактап жатканы түшүнүктүү, анткени Өзбекстан АКШдан 8,5 миллиард долларга "Боинг" сатып алууда. Кошмо Штаттар үчүн бул экономикасына өтө маанилүү инвестиция, ал эми Өзбекстан үчүн өлкөнүн алтын-валюта корун күмөн иштерге коротуу. Себеби Өзбекстандын аба аркылуу жүк жана жүргүнчү ташуу тармагы азыр менчиктештирилип жатат. Демек, лайнер сатып алуудагы жоопкерчилик менчик авиа компанияларга түшөт. Экөөнүн жолугушуусунда биз Трамп өзбек экономикасына инвестиция салгысы келгени тууралуу эч кандай милдеттенме уга алган жокпуз. Анан кайсы дипломатиялык ийгилик тууралуу сөз болмок эле?

"Азаттык Азия" даярдаган макаланын түп нускасы бул жерде.

Шерине

XS
SM
MD
LG