Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Молдовада парламенттик шайлоо өтүүдө, анын жыйынтыгы өлкөнүн багытын аныктайт


Молдова, Кишинев. 28-сентябрь, 2025-жыл. Президент Майя Санду добуш берүүдөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө
Молдова, Кишинев. 28-сентябрь, 2025-жыл. Президент Майя Санду добуш берүүдөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө

Молдовада 28-сентябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн мындан аркы өнүгүү багыты аныкталат.

Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дө ачылды, 21:00гө чейин иштейт. Молдова боюнча 1973 шайлоо тилкеси уюштурулган, анын 12си Приднестровьедеги жарандар үчүн.

Молдованын жарандары кайсы добушканада катталганын онлайн текшере алат.

Шайлоодо 14 саясий партия, төрт блок, төрт көз карандысыз талапкер ат салышууда. Божомолдор боюнча негизи күрөш "Аракет жана тилектештик" (PAS) башкаруучу партиясы менен Орусияны жактаган жана социалисттер, коммунисттер кирген Патриоттук блок, "Молдованын жүрөгү" жана "Молдованын болочогу" партияларынын ортосунда жүрөт.

Өлкөнүн президенти Майя Санду эртең менен Кишиневдогу шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал жарандарды шайлоого активдүү катышып, демократияны коргоого чакырды.

"Молдова, биздин жалпы үйүбүз коркунучта турат, азыр ар бириңиздерге муктаж. Силер аны өз добушуңар менен куткара аласыңар", — деди Санду.

Бул парламенттик шайлоолор Евробиримдикке кирүүгө талапкер болуп турган Молдованын келечеги үчүн маанилүү.

Майя Санду башында турган жана Европаны жактаган PAS партиясы 2021-жылдан бери парламенттеги көпчүлүктү кармап турат.

Сурамжылоолорго караганда, PAS азыр бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышы мүмкүн. Коалициялык өкмөт түзүү зарылдыгы аталган партиянын 2030-жылга карай Молдованын шаркетке кошулуу тууралуу максатына тоскоол болорун талдоочулар белгилешет.

Шайлоонун алдында Майя Санду элге кайрылып, Европаны жактаган күчтөрдү колдоого чакырды, Орусия бийликке өз тарапташтарын алып келүү үчүн акча аябай жатканын айтты. Москва молдован шайлоочуларыны добушун сатып алуу үчүн жүз миллиондогон долларларды коротуп жатканын билдирди. Санду орусиячыл күчтөр жеңип чыкса Молдова Европадан оолактап, Украинанын Одесса облусундагы Орусиянын операциялары үчүн плацдармга айланарын жарыялаган.

Орусия башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишип жатат деген айыптоолорду такай четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG