Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:47

БУУнун Иранга каршы санкциясы кайра күчүнө кирди, Тегеран аны айыптады


Орусия менен Кытайдын Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүү мөөнөтүн алты айга жылдырууну сунуш кылган резолюциясы БУУнун Коопсуздук кеңешинде колдоо тапкан жок. Муну менен Иранга каршы эл аралык санкциялар кайрадан 28-сентябрга караган түнү күчүнө кирди.

Мунну алдында Коопсуздук кеңешинде 26-сентябрда Орусия менен Кытайдын санкцияларды алты айга жылдыруу тууралуу резолюциясы добушка коюлган.

Резолюция БУУнун 15 мүчөдөн турган Коопсуздук кеңешинде кабыл алынышы үчүн кеминде тогузу "макул" болуп, Улуу Британия, Франция жана АКШдан вето койбошу керек эле.

Жыйынтыгында Орусия менен Кытайдын сунушун төрт гана өлкө (Орусия, Кытай, Пакистан, Алжир) колдоду, дагы тогуз өлкө каршы, экөө калыс болду.

Иран жекшембиде санкциялардын калыбына келишин айыптаган билдирүү таратты.

Ирандын өзөктүк программасына байланышкан санкциялар 2015-жылкы келишимдин алкагында алынган.

Иран жана алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ + Германия) ал жылы түзгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектейт, ага жооп катары АКШ Ислам жумуриятына салынган экономикалык санкциялардын көбүн алып салат деп макулдашылган. Дональд Трамптын тушунда, 2018-жылы Вашингтон келишимден чыгып кеткен жана санкциялардын көбү калыбына келтирилген.

Иран буга атомдук программасын кеңейтүү менен жооп кайтарган.

Келишимди калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2022-жылы токтоп, былтыр кайра жанданды.

Шерине

XS
SM
MD
LG