Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Бишкектеги тыгын: Элдин нааразылыгы, мэриянын аракети жана убадасы


Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги унаалар. Сентябрь, 2025-жыл.
Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги унаалар. Сентябрь, 2025-жыл.

Бишкектеги унаа тыгыны көйгөйүнө байланыштуу мэрия жыйын өткөрдү. Анда калаа бийлиги бир жыл ичинде оңдолуп бүтө турган жолдордун жана тротуарлардын макулдашылган тизмесин даярдамак болду. Азырынча көйгөйдү убактылуу чечүү үчүн Кайгуул милициясы эртең менен жана кечинде кыймыл кымгуут маалында негизги көчөлөрдү иретке салат. Сентябрдан тартып Бишкекте унаа тыгыны чоң көйгөйгө айланды. Айрым учурда машиналар сааттап жылбай калганына даттангандар бар. Буга мэриянын бир катар көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатканы дагы себеп. Жылдан жылга кеңейип, калкынын саны өсүп жаткан Бишкектин бул маселесин кантип чечүү керек?

26-сентябрда Бишкек мэриясы шаардагы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрүп, 1-ноябрга чейин 2026-жылы оңдолуп бүтө турган жолдордун жана тротуарлардын макулдашылган тизмеси даярдалмай болду. Жол оңдоо иштерине тоскоолдук жаратып жаткан объекттер 1-мартка чейин алынып бүтүшү керектиги айтылды.

Азыркы тапта Бишкек шаары боюнча 42 чакырым жолдор оңдолуп, айрымдары кеңейтилип же жаңы салынып жатканынан улам көбү жабык турат. Унаа ээлерине альтернативдүү башка жолдор менен жүрүү сунушталганы менен эртели-кеч жол тыгыны күч алып, шаар тургундарынын негизги көйгөйүнө айланып бараткандай.

Жол кыймылын эртели-кеч жөнгө салуу аракети

Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы мындан улам жол кыймылын эртең мененки 07:00дөн 10:00гө жана кечки 18:00дөн 20:00гө чейин күчөтүлгөн тартипте жөнгө салуу иштерин жүргүзөт. Ошентсе да окуу жылы башталгандан бери бир топко чейин тыгында туруп калып жатканын айткандар азайган жок.

Тыгын маселеси башкы проблемалардын бирине айланып турган чакта Бишкекте 26-сентябрда болгон бир чети кооптонууну жараткан, бир чети кубаныч тартуулаган окуя шаарлыктардын көңүлүн бурду.

Ай-күнүнө жетип калган кош бойлуу келин толготуп, эртең менен эле төрөтканага барыш үчүн жолго чыккан. Бирок тыгындан улам ал дарыгерлерге жетпей, жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин унаасында көз жарды. Келинди коштоп барган кайненеси азыр эне-баланын абалы жакшы экенин айтууда:

"Келиним толготуп, үйдөн эртең менен эле чыкканбыз. Бирок жол аябай тыгын болуп атты. Кудайым бизди жол коопсуздугун караган кызматкерлерге жолуктуруп, алар Бишкектин №2 төрөт үйүнө алып келишти. Бирок ушу жерге келгенге чейин эле келиним унаада көз жарып калды. Жол коопсуздугун караган адистерге ыраазычылыгымды билдирем, алар тыгынга карабай бизди ушу жерге эрте алып келгенге бардык аракетин көрүштү".

Бул борбор калаада тыгындын айынан жаралган мындай жалгыз окуя эмес. Айрыкча баласы ооруп же толгоосу күчөп турган энелерди укук коргоо органдарынын кызматкерлери машинеси менен ооруканага алып жөнөгөн видеолор интернетте аз эмес.

Ал эле эмес мектеп окуучулары, бала бакчага барган балдар жана студенттердин окуусу соңку жылдары Бишкектеги эл аралык түрдүү иш-чараларды өткөрүү учурунда онлайн режимге өткөрүлүп келет. Мындай чара расмийлердин келиши учурунда жолдордун жабылышынан улам тыгын күчөгөндүктөн кабыл алынып келет. Билим берүү тармагында эмгектенген айрым адистер мунун өзү окуу сапатын төмөндөтүшү ыктымал деген пикирлерин айтышкан.

Бишкектин жолдору Советтер союзу маалында пландалып, ал кезде 50 миң гана унаага ылайыкталганын Бишкек мэриясы билдирип келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Бишкекте катталган автоунаа саны азыр 400 миңден ашат. Андан тышкары аймактардан келип, кирип-чыккан унаа күнүнө 300 миңге жетет.

Жол тыгынын жоюу үчүн курулган жолдор

Учурда Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү 15 көчөнүн көбүндө оңдоо, жаңылоо иштери бүтүп, ачылды. Ошол эле кезде 25-сентябрдан тартып Манас проспекти Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин жабылды. Жолду алты тилкелүү кылып кеңейтип, жаңы асфальт басуу иштерин Президенттин иш башкармалыгы жүргүзүп жатат. Бул дагы шаардагы жол кыймылын убактылуу болсо да ого бетер татаалдаштырганын тургундар айтууда.

Ал тапта мэрия тыгын маселесин жоюу үчүн Бишкек шаарында кошумча жаңы жолдорду жана борбор калааны айланып өткөн жолдорду салууну пландап жатат.

"Быйылкы жылга жаңы төрт көчөнүн курулушун планга киргизгенбиз. Алардын бири Токтоналиев көчөсүнүн түштүк магистралдын үстүндөгү бөлүгү. Андан тышкары шаарды ичинен айланып өтө турганга ылайыктап Сухэ Батор көчөсүн 7-апрелден Ауэзов көчөсүнө чейин киргиздик. Ошол эле Ауэзовду Анкара көчөсүнөн Сухэ Баторго чейин жасайбыз. Бул жолду Ахунбаевге алып келип кошобуз. Бишкек шаары азыр кеңейди, анын жака-белиндеги конуштар, айылдар калаанын курамына кошулду. Ошондуктан борбордук көчөлөргө киргизбей, башка жолдор менен айланып өтө тургандай жолдорду планга киргизип, быйыл баштаганы турабыз", - деди "Азаттыкка" Бишкек шаардык мэриясынын транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов.

Шаар бийлиги жол тыгыны жакынкы арада чечилет деп айта албастыгын да кайталап келет.

Мэрия элди жеке унаадан баш тартып, коомдук транспорт менен көбүрөөк жүрүүсүн камсыздоо максатында өткөн жылдары автобустар үчүн жолдордо өзүнчө бир тилке бөлүп берген. Бирок бул айдоочуларды нааразы кылып, көбү каршылыгын билдирген. Быйыл шаар бийлиги кайрадан ушул демилгени көтөрүп, айрым жолдордо автобустук тилкелерди белгилеп, аны коомдук талкууга алып чыкты. Азырынча бул демилге ишке аша элек.

Шаар курууну долбоорлоо

Мамлекеттик курулуш мекемесинин мурдагы жетекчиси, архитектор Ишенбай Кадырбеков жолдорду кеңейтип, кошумча айланма жолдорду салуу менен маселени чечүү кыйынга турарын айтууда. Ал шаар жетекчилиги социалдык объектилерди башкы планга ылайыкташы, деталдык долбоорлоо биринчи керекте жасалышы зарыл деген пикирде:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

"Шаар куруудагы бардык башкы пландарда бала бакча менен үйдүн ортосундагы аралык 200 метрден ашпоосу керек экени көрсөтүлөт. Ал эми мектептер бала окуусуна жөө 700 же 800 метр эле басып жеткендей болуп курулушу шарт. Мына ушундай норма менен долбоор жасалат, мындай шарт түзүлсө ата-эне балдарын унаага салып алып 4-5 чакырым жүрбөйт. Азыр Бишкектеги жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жанында бала бакча же мектеп курулган жери жок. Анысы аз келгенсип, курулуш долбоору жоктугунан мектеп же бала бакчаны келечекте курабыз десе да жер жок. Эгерде шаар долбоордун негизинде өнүксө жер резервде турмак. Азыр "Жер кодекси" жана "Шаар куруу" мыйзамдарынын негизинде кайсы учурда жерди бөлүп берет курулуш үчүн? Шаардын планы болгондо. А биз аны караганыбыз жок. Ошентип, жылдан жылга маселелер топтоло берип, жол тыгынына айланды. Азыр жолдор бир тарапка эки же үч тилкелүү болгону менен эки чекесинде унаалар токтоп турат. Норма боюнча шаар курулса ар бир имараттын алдында унаа токтотуучу жайы болмок. Мисалы Токтогул-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу үй унаа токтотуучу жайы жок курулуп жатканынан мен аларга кайрылсам, "бизге мэрия жолдун бир тилкесин унаа токтотуучу жайга айлантууга уруксат берди" деп муниципалитеттин катын көргөзүп жатат. Көрдүңөрбү, мэрия өзү документ менен жолдун багытын өзгөртүп бекитип берип жатат".

Кадырбеков мындан тышкары мурда №47 түзөтүү мекемеси болгон жерге салынган Мамлекеттик ипотека компаниясынын (МИК) үйлөрү кем дегенде 20-25 миңдей кишиге ылайыкташканын мисал тартып, ошол эле учурда ал жерге алып барчу Гагарин көчөсү кеңейтилбей, инфраструктурасы даярдалбай калганын белгиледи. Анын айтымында, муниципалитеттин башкы планында бул каралган эмес.

Шаарды шаар куруу долбоорунун негизинде салганда гана ушул өңдүү бир топ маселелер чечилип, шаардыктардын нааразылыгын жараткан көйгөйлөр жоюларын урбанист адистер да белгилеп келет. Мэрияда шаар куруу боюнча дасыккан адистердин тартыштыгы барган сайын маселени курчутканын белгилегендер да жок эмес.

Көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларга муктаждык

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов шаар бийлиги муниципалдык менчикке жер тилкелерин сатып алып, анда көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруусу керек деп эсептейт. Аматов ошондой эле монорельс куруу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүп жатканын айтууда:

Рысбай Аматов
Рысбай Аматов

"Ар бир чоң шаарда жер астынан же үстүнөн өткөн жолдор каралган, бул мезгил талабы. Идеянын актуалдуулугун көтөрүшүбүз керек. Муну шаар жетекчилиги менен да сүйлөшкөм. Андан тышкары шаар ичинде ондон ашык унаа токтотуучу жай курсак жакшы болмок, балким мамлекеттик-жеке кызматташуу жолу менен. Ал эми шаарды долбоорлоо институтун негиздеп, ага адистерди тартуудан майнап чыкпайт. Биз департамент же башкармалык деп ача берүүнү адат кылып алганбыз. Бирок Жол-транспорт департаменти бар да, биз ошонун ишин күчтөндүрүп, жол тыгын маселесин приоритеттүү маселе катары көрсөтүп, иштөөгө үндөгөнүбүз жакшы. Ушул эле департамент чет жактан адистерди чакырып, чогуу иштесе да болот".

1978-жылы ошол кездеги Фрунзедеги курулуштун эрежелери бекитилип, 1982-жылы толукталган. Ага ылайык, курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ар биринин 23% унаа токтотуучу жай камсыздалышы керек деп көрсөтүлгөн. Ушул нормага ылайык курулуштар болжол менен 2020-жылга чейин жүрүп келген. Шаардык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен 2022-жылы ал өзгөртүлүп, ар бир курулган батирге бирден унаа токтотуучу жай камсыздалышы керектиги көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүнө келгенде ал норма дагы деле иштебейт.

“Жолдор оңдолуп бүткүчө чыдай тургула”. Бишкек мэринин өтүнүчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:11 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG