Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

"Израилге Батыш жээкти аннексиялоого жол бербейм". Трамп Газа боюнча жолугушууларды өткөрдү


Палестиналыктар Израилдин армиясы түрттүргөн үйүнүн жанында. Иордан дарыясынын батыш жээги. 19-август, 2025-жыл.
Палестиналыктар Израилдин армиясы түрттүргөн үйүнүн жанында. Иордан дарыясынын батыш жээги. 19-август, 2025-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иордан дарыясынын батыш жээгинин Израил тарабынан аннексияланышына жол бербей турганын билдирди. Ал Газадагы согушту жөнгө салуу жаатында жакын арада оң жылыштар болот деп ишенерин кошумчалады.

Хамасчылардын көзөмөлүнө алынган Газадан айырмаланып, батыш жээкти Махмуд Аббас жетектеген палестин автономиясынын администрациясы башкарат. Израил ал аймакты, чыгыш Иерусалимди жана тилкени 1967-жылкы согуш учурунда басып алган. Эл аралык кысымга карабай Израилдин бийлиги анклавдагы урушту күчөтүп жатат.

25-сентябрда Дональд Трамп Газа маселесин чечүү үчүн бир топ жолугушуулар болгонун, анын ичинде Израилдин өкмөт башчысы менен сүйлөшкөнүн билдирип, барымтадагы кишилерди эркин кылууну, жоочулардын туткунунда өлгөндөрдүн сөөгүн кайтарып алууну жана региондо тынчтык орнотууну көздөгөнүн белгиледи:

Дональд Трамп
Дональд Трамп

"Израилге батыш жээкти аннексиялоого жол бербеймби? Жок, бербейм. Андай болбойт. Нетаньяху менен сүйлөшсөм да сүйлөшпөсөм да мен андайга жеткирбейм. Мен сүйлөштүм. Бирок Израилге Батыш жээкти ээлеп алууга уруксат бербейм. Жетет. Токтош керек".

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри ханзада Файзал бин Фархан ал-Сауд араб жана мусулман өлкөлөрү Израил Батыш жээкти аннексиялап алса анын арты олуттуу кесепеттерге алып келет деп Трампка эскертишкенин, америкалык лидер аларды жакшы түшүнгөнүн билдирди:

"Президент Трамп менен абдан маанилүү жолугушуу болду. Менимче, араб жана мусулман өлкөлөрү Батыш жээкти басып алуу Газадагы абалга гана эмес, туруктуу тынчтыкка кандай коркунуч жаратышы мүмкүн экенин так айтышты. Президент Трамп биздин позицияны түшүндү. АКШнын президенти Батыш жээктеги аннексия кооптуу жана опурталдуу экенин жакшы билет деп ойлойм".

Сауд Арабиядан тышкары Бириккен Араб Эмирлиги, Катар, Египет, Иордания, Түркия, Индонезия жана Пакистан катышкан кездешүү 23-сентябрда уюштурулган. Лидерлер Израил менен ХАМАС радикал тобунун эки жылдан бери уланып келаткан согушун талкуулашты.

Израилдик айрым министрлер бир катар өлкөлөрдүн Палестина мамлекетин таануу чечимине жооп катары Иордан дарыясынын батыш жээгинин бир бөлүгү аннексияланганын жарыялоону сунуш кылууда. Алардын пикиринде, муну менен ал жерде палестин мамлекетин түптөө ыктымалдыгы түбөлүккө жоюлат.

Ашынган оңчулдар кирген бийликтеги коалиция эки мамлекет түзүү принцибин биротоло ойрон кылууну көздөйт. Айрым саясатчылар атүгүл палестиналыктарды өз жеринен кууп чыгуу, ал жактарга жөөт конуштарын куруу саясатын ачыктан ачык жакташат.

Газадан айырмаланып, батыш жээкти палестин автономиясынын администрациясы башкарат. Израил ал аймакты, чыгыш Иерусалимди жана Газа тилкесин 1967-жылкы согуш учурунда басып алган. Палестиналыктар өздөрүнүн болочок мамлекетин дал ошол жерде түптөөгө үмүттөнүшөт.

Ушу тапта Иордандын батыш жээгиндеги 130 чакты жөөт конуштарында жарым миллиондон ашуун киши жайгаштырылган. Эл аралык коомчулук ал кыштактарды мыйзамсыз жана тынчтыкка тоскоол катары баалайт.

Палестинанын президенти (палестин автономиясынын администрациясынын башчысы) Махмуд Аббас 25-сентябрда БУУда сүйлөгөндө Газадагы тынчтык планынын үстүнөн АКШ лидери, Сауд Арабия жана Франция менен иштешерине ишендирди.

Үстүбүздөгү айда БУУнун Башкы ассамблеясы анклавдагы согушту токтотуу жана "эки элге эки мамлекет" принцибинин негизинде тынчтык орнотууга багытталган декларацияны кабыл алган.

Эл аралык коомчулуктун кысымына карабай Израил Газадагы операциясын күчөтүп жатат. Тилкедеги маанилүү ооруканалардын бири шейшембиде талкаланганы 26-сентябрда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, ал жерде күнүнө 700-1000 бейтапка жардам берилчү.

Газа
Газа

"Медициналык жардам борбору бомбаланганда айланадагы кишилердин теңи туш-тарапка кете баштады. Бул жерде жашоого мүмкүн эмес, жардам көрсөтүүчү жайлар жок. Ооруканага чабуул коюлгандан кийин эл көчүп жатат", - деп айтты Газанын тургуну Дииб Заза.

Анклавдагы гуманитардык абал күндөн күнгө начарлап баратат.

Ачка калган адамдардын азап чегүүсүн бир аз болсо да жеңилдетүүнү көздөгөн гуманитардык миссияны коштоо үчүн жуманын таңында Испаниянын согуш кемеси жолго чыкты. Газага жардам ташып бараткан Global Sumud Flotilla шаршембиде Грециянын Гавдос аралы жанында эл аралык сууда сүзүп баратканда учкучсуз аппараттан кулак тундурган гранаталар ыргытылганы кабарланган. 50 чакты кемеден турган миссия бул үчүн Израилди айыптады. Окуядан эч ким жабыркаган жок, бирок бир нече кеме зыян тартты.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги мындай дооматка түз жооп бербегени менен гуманитардык жардамды портторунун бирине калтырууну, болбосо зарыл чара көрүлөрүн эскерткен.

Кампанияга бир катар укук коргоочулар, мыйзам чыгаруучулар, адвокаттар менен активисттер арасында климатты коргоо аракеттери менен таанылган швециялык Грета Тунберг катышууда.

Гуманитардык жардам жүктөлгөн кемелер буга чейин да Газага жетүүгө аракеттенип, бирок Израилдин блокадасынан өтө албай, миссиясынын өтөсүнө чыга алган эмес.

Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси бейшембиде маалымдагандай, согуш башталгандан бери тилкеде 65 миң 502 киши каза тапты, 167 миңден ашууну жарадар болду.

Израил армиясынын өкүлү Эффи Дефрин Газа шаарында хамасчылардын таяныч пункту табылганын, ал жакта курал-жарак, жардыруучу заттар бар болуп чыкканын билдирди. Анын айтымында, 7-октябрь теракттарына тиешеси бар бир согушкер жок кылынды.

АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАС Израилдин билдирүүсүнө байланыштууу комментарий жасай элек.

2023-жылдын 7-октябрында радикал топтун согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20дай киши тирүү деп болжолдонууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG