Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

Орусияда жазуучуну өлтүрүүгө айыпталган кыргызстандык 12 жарым жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын Преображенский райондук соту жазуучуну Раиса Кирсанованы өлтүрүүгө айыпталган кыргызстандыкты күнөөлүү деп таап, 12 жыл 5 айга кести. Бул тууралуу Московский Комсомолец басылмасы соттун маалыматына таянуу менен жазды.

2024-жылдын 20-октябрында белгисиз адам мас абалда 78 жаштагы жазуучу, искусство таануучу жана мурдагы театр кызматкери Раиса Кирсанованы өз үйүндө сабап салган. Жазуучу алган жарааттан улам ооруканада каза болгон.

Окуя болгон жерден кылмышка шектүү катары Кыргызстандын 39 жаштагы жараны кармалган.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, шектүү Москвадан иш таба албай, ичип алып көчөдө сейилдеп жүрүп, тоңуп калган. Ал Преображенский районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн подъездине кирип, болгон батирлердин эшигин каккылаган. Жазуучунун эшиги ачык калгандыктан ал анын үйүнө кирип, аягында аны сабап салган.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG