Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:06

Барскоон-Бедел эл аралык автожолунда эң ири тоннелдердин курулушу башталды


Бакыт Төрөбаев Барскоон-Бедел автожолунда курулуп баштаган тоннелдин алдында. 27-сентябрь, 2025-жыл.
Бакыт Төрөбаев Барскоон-Бедел автожолунда курулуп баштаган тоннелдин алдында. 27-сентябрь, 2025-жыл.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Барскоон-Бедел эл аралык автожолунда өлкөдөгү эң ири эки тоннелдердин курулушунун башталышына расмий түрдө старт берди. Бул тууралуу Минкаб кабарлады.

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктуна алып барчу Барскоон-Бедел маршрутундагы автожолдун курулушу өзү быйыл 27-августта башталган. Аны баштоо аземине президент Садыр Жапаров катышкан.

Маалыматта айтылгандай, “Сөөк” жана “Ашуу-Суу” ашууларында эки тоннел курулат. “Сөөктөгү” тоннелдин узундугу 5 340 метрди, ал эми “Ашуу-Суудагы” тоннелдин узундугу 3 840 метрди түзөт. Бул өлкө тарыхындагы эң узун жана техникалык жактан татаал тоннелдерден болуп калат.

Учурда жолдун курулуш иштерине 287 адис жана жол курууга багытталган 162 атайын техника жана жабдуулар тартылган. Ошондой эле куруучулар үчүн бардык шарттары каралган 4 лагерь курулган.

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда учурда эки автожол – Ош облусундагы Эркечтам ашуусу аркылуу жана Нарын облусундагы Торугарт ашуусу аркылуу кирген жолдор бар. Курулуп баштаган үчүнчү жол – “Барскоон-Үч-Турпан-Аксу” унаа жолу Ысык-Көл облусундагы Бедел ашуусу аркылуу курулат. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG