Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:03

Сириянын бийлиги Башар Асадды камоого ордер чыгарды


Бийликтен кулатылган мурдагы президент Башар Асаддын сүрөтүнө атылган октор.
Бийликтен кулатылган мурдагы президент Башар Асаддын сүрөтүнө атылган октор.

Сириянын бийлиги тогуз ай алдын бийликтен кулатылган мурдагы президент Башар Асадды камоого ордер чыгарганын жарыялады. Дамасктын тергөө соту Тауфик аль-Али билдиргендей, Асад атайылап киши өлтүрүүгө жана адам өлүмүнө алып келген кыйноолорго айыпталууда.

Кулатылгандан кийин качып кеткен Асад өткөн жылдын декабрь айынан бери Орусияда жашырынып жүргөндүктөн ордер сыртынан берилди.

Сириянын мамлекеттик SANA агенттигинин маалыматына ылайык, айыптоолор 2011-жылы Дераа провинциясындагы саясий өзгөрүүлөрдү жана эркиндикти талап кылган тынчтык митингдерин басууга байланыштуу. Асаддын режими митингдин катышуучуларын жапырт камап, уруп-сабагандын аягы миңдеген адамдардын өмүрүн алган кандуу жаңжалга айланган.

Сот өз чечими Сирия бийлигине Башар Асадды Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыялоого мүмкүндүк берерин белгиледи. Анын айтымында, тергөө репрессия учурунда каза болгон же дайынсыз жоголгон үй-бүлөлөрдүн арыздары боюнча башталган.

Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад былтыр жыл аягында козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон. 14 жылга созулган согуштан кийин Сириянын далай аймактары талкаланып бүлүнгөн бойдон кала берүүдө.

Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун (АКШ, Орусия жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган) лидери Ахмед аль-Шараа ушул жылдын башында убактылуу президент болуп дайындалган. Ал бардык сириялыктардын, этностук азчылыктардын, аялдардын укук-кызыкчылыктары эске алынган шартта өткөөл өкмөт түзгөн. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG