Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен чабуул койгонун билдирди. Киевде соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду.
Зеленский Киев облусундагы соккунун кесепеттери тууралуу сүрөттөрдү жарыялады.
«Орустардын Украинага жапырт чабуулу 12 сааттан ашык убакытка созулду», — деди Владимир Зеленский. Анын айтымында, эртең менен да жанкечти дрондор пайда болду.
«Душмандар Киев, Запорожье, Хмельницк, Сумы жана Одесса облустарын бутага алды. Чабуулда башкалаадагы Кардиология институтунун имаратына зыян келтирилди. Киевде төрт киши өлдү, арасында 12 жашар кыз бар. Карасанатай чабуулдар иш жүзүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны аяктаар менен болду, Орусия өзүнүн чыныгы позициясын ушинтип билдирүүдө», — деди Зеленский.
Ал "Москва мындан ары да согушту, кан төгүүнү улантууну кааларын" айтып, дүйнө коомчулугун ага катаал басым көрсөтүүгө чакырды. Украина Орусияга жооп иретинде чабуулдарды улантарын, муну менен ал өлкөнүн киреше булактарынан ажыратууну, дипломатияга келүүгө мажбур кылууну көздөй турганын кошумчалады.
Орусия Украинага жапырт соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Шерине