Эсеп палатасы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармоо боюнча өкмөт бөлгөн каражат натыйжасыз пайдаланылганын жарыялады. Аталган орган бул максатта "Альфа Ойл" компаниясына берилген 25 миллион доллар насыя максатсыз болгон деген жыйынтыкка келген.
Улуттук банк Кыргызстанда соңку бир жылдагы баанын өсүшү боюнча отчет жарыялады. Кескин кымбаттоо кызмат көрсөтүү, эт жана башка азык-түлүктө сезилген. Экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашкан. Өлкөдөгү баа муну менен токтобой, жыл аягына чейин инфляция 15% жетиши мүмкүн экени отчетто айтылган.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаттары “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылды. АКШ президенти Трамп Украинага жаңы талап койду, Орусиянын дрону Польша менен чек арага жетти. Улуттук банк инфляциянын деңгээли 11% ашканын билдирди.
ШКУ саммити алкагында жеке жолугушууларда Ирандын жетекчилиги Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод жана логистикалык борбор курууга даяр экенин айтты. Пезешкиан Кыргызстанга Перс булуңу өлкөлөрүнө, Чыгыш Азияга деңиз аркылуу жүк ташуу үчүн эң ылайыктуу каттамды камсыздай аларын билдирди.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышы өткөн "Бишкек Аренанын" курулушуна канча акча кеткенин атайын комиссия аныктамай болгон. 8-сентябрда бул сумма 386 млн доллар экени расмий айтылды. Курулуш башталганда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев 60 млн доллардай талап кылынарын айтканы маалымдалган.
Прокурорлор Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев баш болгон сегиз адамга тогуз жылдан абак жазасын сурашты. Трамптын администрациясынын чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Москвада Путин, Киевде Зеленский менен жолугушту.
Бишкек менен Оштон Орусиянын Москва, Санкт-Петербург баштаган багыттарына күнүгө бир нече каттам бар. Соңку билдирүүгө Кыргызстандан эч кандай расмий реакция боло элек. Бирок бул ишкердик жана миграция менен тынымсыз орус шаарларына каттаган миңдеген кыргызстандыктарды кооптондурган маселе.
Орусияга учуу кооптуу болуп калдыбы? Бишкектен Москва жана Новосибирск шаарына каттаган учактар да кармалып жатканы белгилүу болду. Шаардык сот “75чилердин ишин” карап жатат.
Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын Европа Биримдигине кошулуу багытындагы кадамдарына байланыштуу Еревандын чечимин тезирээк тактоого чакырды.
Карабактагы согуштан кийин Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтоткон. Андан бери Орусия башында турган ЖККУнун бир катар жыйындарына катышкан жок. Ал эми ЕБге кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам Арменияда 2025-жылдын январь айында кабыл алынган.
Бишкек дүйнөлүк лидерлер жолугуп, глобалдык маселелер талкууланган дипломатиялык аянтчага айланды. Украинадагы беш жылга аяк баскан согуш жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Бишкекте эмне сөз болду? Саммиттин Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн мааниси, салмагы кандай?
ШКУнун Бишкек саммитинин расмий күн тартибинде Украина кризиси талкууланган жок. Бирок 20дай өлкө жетекчилеринин арасында орус-украин согушу, Ирандагы согуш тууралуу сөз болбой койгон жок. Ушу тапта уюмдун эки мүчөсү согуштук кырдаалда. Саммитти утурлай өлкө лидерлери өз ара жолугушууларды өткөрдү.
30-августта Бишкекке Кытайдын төрагасы Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен келди. Ал ШКУнун 25 жылдыгына арналган саммитке катышат. Кытай лидери кыргыз-кытай алакалары өнүгүп жатканын белгиледи. Кытайдын төрагасынын сапары, Кыргызстандын кубаттуу коңшусу менен алакасына токтолобуз.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Казакстанга TRIPP долбооруна акционер катары кирүүнү сунуштады. Армениянын түштүгү аркылуу өтө турган 43 чакырымдык транспорттук коридор Азербайжанды анын Нахчыван эксклавы менен байланыштырат. Ереван өзүнө тиешелүү үлүштөн 5% Казакстанга берүүгө даяр.
2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 7% ашып, жылдык инфляция 11,7% түздү. Азык-түлүк менен башка товарлардын баасы орточо 6% кымбаттаса, кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагынын акысы 11% ашты.
Кыргыз өкмөтү учурда Орусия, Беларус, Кытай жана Өзбекстандан күйүүчү май ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Өлкөдө күйүүчү май баасы жогору бойдон турат. Мунай ташуучулар бирикмеси запас азайганын эскертүүдө. Ушул айда Орусиядан 100 миң тонна келери дагы бир жолу айтылды.
Кытай кыргыз жарандарына бул өлкөгө виза алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөштүргөнү айтылууда. Маалымат каражаттарынын жазышынча, 20-августтан тартып кыргызстандык жарандар 10 суткага чейин визасыз транзит жана Хайнан провинциясына 30 күнгө чейин визасыз кире алат. Бул эрежелер кандай иштейт?
Кытай бажысы 2025-жылы Кыргызстан Бээжинге 48 тоннадай алтын куймасын экспорттогонун көрсөтөт. Андан мурунку жылы 30 тонна алтын сатылган. Алардын жалпы баасы 7,6 млрд долларга жакын. Кыргызстандын Бажы кызматы дагы бул маалыматты ырастап, Кытайга “үчүнчү өлкөнүн” алтыны жөнөтүлгөнүн билдирди.
Борбор Азиянын бир катар шаарында электр жарыгы жапырт өчүп, казак энергетиктери себеби катары Токтогул ГЭСинин агрегатындагы маселени аташты. Кыргыз тарап биргелешкен техникалык иликтөө бүтмөйүнчө бир тараптуу күнөөлөөдөн карманууга чакырды. Алматыдагы блэкаутка Токтогул ГЭСинин кандай тиешеси бар?
Кыргызстанга алып келинген электр унааларын бажы алымысыз киргизүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү.
Дагы жүктөңүз