Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

Кырсык

Sorry! No content for 29 Февраль. See content from before

шейшемби 27 Февраль 2024

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шахты-Жыргалаң айылында кар көчкү басып каза болгон төрт туристтин тек-жайы такталды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маркумдар 29, 30, 42 жана 46 жаштагы адамдар экенин кабарлады.

Милициянын маалыматында, 23-февралда 23 турист Жыргалаң айылындагы конок үйүнө жайгашкан. Алар 25-февралда таңкы саат 9:00до эки топко бөлүнүп, тоого чаңгы тепкени кеткен. Ошол эле күнү 14 адамдан турган топ тоодон түшүп келе жатканда көчкү жүргөн.

Алардын ичинен он адам куткарылып, калган төртөө каза тапканы белгилүү болду.

"Каза болгон төрт адамдын сөөгү кар алдынан чыгарылып, тек-жайы аныкталды. Алар, Чехия мамлекетинин 1978-жылы туулган К.П., 1994-жылы туулган С.М., 1982-жылы туулган Ж.Т. жана Словакиянын 1995-жылы туулган О.Л. аттуу жарандары экени аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда, Ак-Суу РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан териштирүү жүрүп жатат", - деп билдирди облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, көчкү астында калган балдарды туристтер өздөрү казып чыгарып, тоодон түшүрүү үчүн жардам сурашкан.

Мындан кийин аталган министрликтин тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынан алты куткаруучу тартылып, маркумдардын сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Облустагы ооруканалардан билдиришкендей, калган туристтер облустук жана райондук ооруканаларга медициналык жардам алуу үчүн кайрылган эмес.

Кайгылуу окуяга байланыштуу 27-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Анда ыйгарым укуктуу өкүл каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аймактагы коопсуздукту чыңдоо боюнча тиешелүү кызматтарга тез арада чараларды көрүү тапшырмасын берген.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Жаныбек Кожоевдин айтымында, буга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Караколдогу бардык конок үйлөргө жана аларда жаткан конокторго туристтик милиция кызматкерлери тарабынан эскертүүлөр берилген.

"Бизде аба ырайына байланыштуу эскертүү берилген. Баарына айтылган. Коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргөн. Конок үйлөргө турист тоскондорго чейин айтылган", - деди ал.

Ал эми туристтерди коштоп жүрүп, окуяга күбө болгон адам (аты-жөнүн чыгарбоону өтүндү-ред.) ошол күнү тоодо кар калың жааганын айтууда. Чехиялык туристтерди эки гид баштап барып, окуядан кийин алардын бири бутун кокустатып алган.

Азырынча туристтердин кайсы туристтик фирма аркылуу келгени тактала элек.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылына кышкысын чет элдик коноктор лыжа тепкени, жайкысын жайлоолорду көргөнү келишет. Айылда тыштан келген конокторду тейлеген 18 конок үйү бар. Айылда 220 түтүн эл жашайт.

Кыргызстанда акыркы жылдары тоо туризми жанданып жатканы маалым. Бирок ошол эле маалда келген адамдарга коопсуздук жаатында шарттар түзүлбөгөнү, туристтерден камсыздандырууну талап кылган мыйзамдын жоктугу ушундай кырсыктарга себеп болуп жатканы айтылып келет.

Өлкө аймагында эң бийик деп саналган жети чоку бар. Жеңиш чокусу 7439 метр, Ленин чокусу 7134 метр, Тамдыкул чокусу 5880 метр, Семенов чокусу 5816 метр, Сабла чокусу 5621 метр, Каракол чокусу 5280 метр, Жаман-Суу чокусу 5126 метр.

Буга чейин аталган чокуларга чыгуу үчүн келип альпинисттердин дайынсыз жоголгон же көчкү астында калып каза тапкан учурлары көп эле катталган.

"Уурдагандан уялбадыңар!". Садырбаевдин сатылбаган акыйкаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:19 0:00

Кыргыз эл баатыры, режиссер, белгилүү саясий ишмер Дооронбек Садырбаев быйыл тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Садырбаев өткөн кылымдын 70-жылдары “Акбаранын көз жашы”, “Махабат дастаны” сыяктуу белгилүү тасмаларында, кара сөз чыгармаларында, ырларында намыс, акыйкаттыкты ачык баяндаса, өлкө эгемендигинен кийин саясатка башын сайып авторитардык бийлик орноткусу келген бир эмес, эки система менен күрөштү. Замандаштары Доке деп атаган Садырбаевдин саясий жолун өзүнчө, чыгармачылыгын өзүнчө китеп, кино кылып баяндаса түгөнбөйт деп эскеришет. 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG