Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

21-апрелдин аба ырайы: аймактарда жамгыр, тоолордо кар жаайт


Бишкек.
Бишкек.

"Кыргызгидрометтин" билдиришинче, 21-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Аталган кызмат тараткан маалыматка ылайык, 20-апрелде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн, жолдордо муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 8…13;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Баткенде түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG