19-апрелдеги АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү тараптардын Оманда өткөн жолугушуусунан эки аптадан кийин өттү. Оман жолугушуусу акыркы жылдардагы Вашингтон менен Тегарандын ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү болуп калган.
Римдеги сүйлөшүүлөрдө АКШын делегацияларын Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф, Ирандыкын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жетектеди.
Анда тараптар сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын өткөрүүнү макулдашканы белгилүү болду. Үчүнчү айлампа 26-апрелде кайра эле Оманда өтмөкчү.
Дагы талкуу өткөрүү тууралуу бүтүм "жакшы жышаан" катары бааланып жатат.
«Тегеран бул оңой жол эмес экенин түшүнөт, бирок биз ар бир кадамды ойлонуп таштайбыз жана тажрыйбага таянабыз», — деп жазды Иран ТИМинин өкүлү Эсмаил Бакаи жолугушуунун алдында X социалдык тармагына.
Бир күн мурда Аракчи америкалыктардын "жакшы ниетинен күмөн санай турганын" айткан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сүйлөшүүлөр "жемиштүү болот" деген үмүтүн билдирген:
"Биз баарыбыз тынч жана узак мөөнөттүк чечимди каалайбыз", — деген ал.
Ошол эле кезде ал Иранда азыр дагы, болочокто да өзөктүк курал болбошу керек деген таризде сүйлөгөн.
АКШ баштаган Батыш мамлекеттери өзөктүк куралды чыгаруу аракетине Иранды көптөн бери айыптап келет. Тегеран өзүнүн аракети тынчтык максатты көздөй турганын билдирип жүрөт.
Кайчы пикирлер
АКШ президенти Дональд Трамп быйыл январь айында бийликке кайтып келгенден кийин 2015-жылкы келишимден чыгып, Иранга катуу басым кыла турган санкцияларды жаңылады.
Иран АКШнын кооптонуусун эске алууга даяр экенин, бирок уранды байытуу боюнча сүйлөшүүгө барбай турганын билдирип келди.
Өткөн аптада Трамп жана Вашингтондогу расмий өкүлдөр АКШнын сүйлөшүүлөрдөгү позициясы тууралуу бири-бирине кайчы келген маалыматтарды таратышты.
Ак үй аймакка согуштук учак жана кеме жиберүүнү тапшырган.
Трамп 17-апрелде журналисттерге: "Мен согуш вариантын колдонууга шашпайм, Иран сүйлөшүүнү каалайт деп ойлойм", - деди.
18-апрелде ал: «Мен Иранга өзөктүк куралга ээ болушуна жол берилбешин колдойм. Аларда өзөктүк курал болбошу керек. Иран улуу, гүлдөгөн мамлекет болушун каалайм», - деди.
Fox News телеканалына 14-апрелде берген маегинде Стив Уиткофф: "АКШ кандайдыр бир чектелген өзөктүк программасы бар Иран үчүн ачык", - деп айтты.
Кийин ал социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүсүндө мындай пикирин кайра четке кагып, Ирандын өзөктүк программасы толук жок болушу керектигин билдирди.
Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу Израилдин ролу да чечүүчү мааниге ээ.
Израил Тегерандын өзөктүк куралсыз болушуна жан үрөй турганын жарыялаган.
"Израил Ирандын өзөктүк жайларына сокку урушу мүмкүн"
Reuters агенттиги 19-апрелде Израил жакынкы айларда АКШнын позициясына карабай Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урууга даярданып жатканын булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, муну АКШ колдобой турганын билдирсе да, Израил согуштук операциянын ар кандай варианттарын АКШнын администрациясына сунуштады. Анын ичинде авиациялык жана жер үстүндөгү чабуулдар бар.
Агенттик жазгандай, президент Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга дипломатиялык жолду артык көрөрүн айтып, азырынча мындай операцияга Вашингтон катышууга даяр эмес экенин билдирген.
Израил буга чейин мурдагы президент Жо Байдендин командасына да ушундай пландарды сунуштап, АКШнын аскерий колдоосу же чалгын маалыматтары менен бөлүшүүсүн талап кылган.
Трамп Нетаньяхуга Вашингтон мындай кадамды колдобой турганын айтканы кабарланган.
The New York Times басылмасы жазгандай, Израил соккуну май айына пландаган, бирок Трамптын каршылыгынан улам бул чечимден баш тарткан. The Washington Post маалыматы боюнча, президент Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана мамлекеттик катчы Марко Рубио Иран маселесин күч менен чечүүнү жакташат. Ал эми вице-президент Жей Ди Вэнс жана чалгын кызматынын башчысы Тулси Габбард мындай аракеттер аймактык согушка алып келиши мүмкүн экенин, мындан тышкары Ирандын өзөктүк курал жасоого умтулуп жатканы тууралуу далилдер жок экенин эскертишет.
The Washington Post белгилегендей, Трамп эки тараптын позициясын тең эске алып жатат. АКШ менен Ирандын өзөктүк келишим боюнча биринчи сүйлөшүүлөрү 12-апрелде Омандa болгон, экинчи айлампа 19-апрелде Римде өтөт.
Шерине