Кыргызстанда 4100 гектар жерде чегиртке бар экени аныкталды. Зыянкечтер каптаган аянттын 700 гектары Базар-Коргон, 2200 гектары Ноокен, 750 гектары Сузак районунда. Ош облусунун Араван районунда 450 гектар жерден чегиртке табылган.
Учурда аталган аймактарда зыянкечтерге каршы каражаттар себилип жатат.
Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Алакунов "Биринчи радиого" курган маегинде айтты.
Алакуновдун билдиришинче, чегиртке 8-10 жылда бир жапырт каптап турат. Былтыр өлкө аймагында 113 миң гектар жерде зыянкечтерге каршы иш жүргөн. Быйыл чегиртке 133 миң гектар жерди капташы мүмкүн деп күтүлүп жатат.
"Чегирткенин 50дөн ашуун түрү бар. Анын эң коркунучтуусу Марокко жана Италия чегирткеси. Булар Марокко же Италиядан учуп келген эмес. Жергиликтүү эле чегирткелер. Өтө сугалак келип, көп төлдөшөт. Бир жылы каптаса, кийинки жылга жумуртка таштап кетет. Личинкасы жаз алды менен чыгып, жайыт болсун, айдоо болсун мойсоп кете берет. Ургаачылары уругун адырга, тоо боорлоруна таштайт, личинкалар жайытта жеми түгөнгөндө айдоого түшөт. Ошого жеткирбей дарылап жатабыз", - деди Алакунов.
Алакуновдун белгилешинче, зыянкечтерге каршы акыркы үлгүдөгү дарылар чачылып жатат. Дары чегирткенин өзүн жок кылганы менен жумурткасын жок кыла албайт. Мындан улам союз маалында бул зыянкечтин жумурткасын жок кылуу үчүн адырларды да айдаган ыкма болгонун, бирок ал экономикалык жактан кымбатка түшөрүн, экинчиден жер кыртышын бузарын айтты.
Адис климаттын өзгөрүшү менен акыркы жылдары чегиртке деңиз деңгээлинен 2000 метр бийик аймактарда да табылып жатканын кошумчалады. Ошол себептүү, чегиртке пайда болгонун байкаган малчыларды жергиликтүү бийликтерге дароо кабар берүүгө чакырды. Учурда ар бир райондо чегирткеге каршы күрөшүү штабдары түзүлүп, карантиндик лабораториялар ачылган.
Чегирткеге каршы техникаларды кыргыз өкмөтү 2018-жылы Азык түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен алган.
Марокко чегирткеси Кыргызстандын түштүк аймактарында, Италия чегирткеси Нарын облусунда, Чүй облусунун айрым райондорунда, Талас облусунун Манас районунда кездешет. Булар бир күндө 100 чакырым аралыкты учуп өтүүгө жөндөмдүү, ургаачысы 40-80 жумуртка таштап тез көбөйүшөт.
Кыргызстандын аймагында туран чегирткеси, чырым кобылкасы, атбасар кобылкасы жана сибирь кобылкасы деген түрлөр да бар.
Өлкө аймагында чегиртке эң көп каптаган учур 1980-жылы катталган. Анда зыянкеч 570 миң гектар жерди мойсогон. 1989-жылы – 160 миң гектар, 2008-жылы – 157 миң гектар жана 2018-жылы – 146 миң гектар жерди каптаган.
Экологдор чегиртке канаттуулардын, айрыкча эл ичинде "ооган чымчык" деп аталган таранчынын негизги азыгы экенин белгилешет. (ST)
Шерине