Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 22-23-апрелде Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ташкент сапарында Өзбекстандын президенти жана тышкы иштер министри менен сүйлөшүү өткөрүү пландалганын Орусиянын тышкы саясат мекемесинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, сүйлөшүүдө Москва менен Ташкенттин ортосундагы мындан аркы кызматташтыкка, чөлкөмдөгү коопсуздукка жана эл аралык уюмдардын аянтчасында өз ара кызматташууга маани берилет.
Тараптар өткөн жылдын май айындагы Орусиянын президенти Владимир Путиндин Өзбекстанга сапарынын жыйынтыгы менен кабыл алынган макулдашуулардын аткарылышын да талкуулашат.
Лавров Өзбекстанга былтыр 28-29-октябрда бара турган болуп, бирок сапар иш графигинин өзгөрүшүнө байланыштуу кечирээк мөөнөткө жылдырылган.
Өткөн жумада Сергей Лавров Казакстанга КМШ мамлекеттеринин министрлер кеңешинин 11-апрелдеги жыйынына катышуу үчүн барган. Ал КМШ лидерлерин Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 80 жылдыгынын урматына уюштурулган Жеңиш майрамына катышуу үчүн Москвага чакырган.
Шерине