Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Батукаев иши: Атамбаев күнөөлүү деп табылып, жазадан бошотулду


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча “коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.

Мурдагы президент Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишинен тышкары дагы бир нече иште айыпталуучу катары өтүп жатат. Соңку бир ай ичинде Атамбаев айыпталган иштер жанданып, сот отурумдары утур-утур өтө баштады. Ушундан улам соңку окуялардын саясий өңүтү айтылып, Бакиевди Кыргызстанга алып келүү аракети менен байланыштыргандар бар.

2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” делген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып кеткен Батукаев иши боюнча Атамбаевден тышкары Аида Салянова, Индира Жолдубаева баштаган бир нече адамга сот чечими чыккан.

Райондук сотко үч айланып келген Батукаев иши

17-апрелде Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча айыпталган Алмазбек Атамбаевдин ишин карап, мурдагы президентти күнөөлүү деп тапты. Бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза чегерген жок. 2023-жылдан бери Испанияда дарыланып жатканы айтылган Атамбаев реалдуу жаза албаганы менен соттолду болуп кала берет.

Анын адвокаты Замир Жоошев соңку чечим менен мурдагы президенттин жактоочулары макул эместигин билдирүүдө:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

"Прокурор жарыш сөздө [Атамбаевди] күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жоопкерчиликтен бошотууну сураган. Судья ошондой чечим чыгарды. Биз Атамбаевдин акталышын сураганбыз. Анткени Батукаевди бошотуу чечимин чыгарган Нарындын сотуна Атамбаев таасир эткен эмес. Бул сотто аныкталган жок. Биз азыр бул чечимди арызданабызбы же жокпу деген суроонун үстүнөн иштеп жатабыз. Мындай чечимди Атамбаев өзү кабыл алат. Биз юридикалык кеңеш гана беребиз”.

6 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Бул окуя ошол учурда чоң жаңжал жараткан. Бирок Батукаев иши 2019-жылы кайра иликтене баштап, Атамбаев-Жээнбеков тирешинде Атамбаевди алсыраткан иш болуп берген. Алмазбек Атамбаев ушул иштин алкагында суракка чакыртылып, акыры Кой-Таштагы үйүнөн кармалган.

Мурдагы президент айыпталган Батукаев иши ошол 2019-жылдан тарта Биринчи май райондук сотуна үч жолу кайтып келди. Алгач райондук сот 2020-жылы июнь айында Атамбаевди 11 жыл 2 айга кескен. Ушул эле жылы августта Бишкек шаардык соту аталган чечимди күчүндө калтырган. Ушул эле жылы октябрь айында Сооронбай Жээнбековдун бийлиги алмашып, өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөн.

2020-жылы 30-ноябрда Жогорку сот “Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу, акыркы соз сүйлөө укугу бузулган” деген жүйө менен райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра Биринчи май райондук сотуна кароого жиберген.

Бирок 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев ишиндеги” жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү, тагырагы 11 жыл 2 ай мөөнөттүк жазаны кайра күчүнө киргизген.

Бирок Жогорку сот 2023-жылы февраль айында мурда чыгарган чечимдерин жокко чыгарып, кайра кароого жиберген. Ошентип Биринчи май райондук соту Атамбаев айыпталган Батукаев ишин үчүнчү жолу карап, бул жолкусунда мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу мурдагы президентке жаза чегерген жок.

Батукаев боюнча дагы кимдер айыпталган?

Азиз Батукаевди атайын коштоп барып учакка салып жиберген окуя боюнча айыпталган адамдардын саны арбын болгон. Алардын ар бирине ар кандай чечим чыккан. Мисалы, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынса, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго дагы айып тагылып, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жаза чегерилген эмес.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга соттолуп, бирок анын камакта отурган мөөнөтү эсептелип, жазасын өтөгөн деген негизде сот залынан бошотулган. Аталган мекеменин мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевге да кылмыш иши козголуп, кийин кыскартылган.

"Батукаев иши" боюнча айыптуу деп эсептелгендердин ичинен тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө каралып, сот жообунан айып пул менен чыгышкан. Алардын катарында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер-лаборант Ирина Цопова баш болгон 13 киши бар.

Дагы бир мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жакында эле Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок ага да кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза чегерилген эмес.

"Тилекке каршы Батукаев боюнча актоо чечими чыккан жок. Билесиздер эбак мөөнөтү өтүп кеткен. Сот ошону негиз кылып, жаза чегербеген чечим кабыл алды. Биз толугу менен актоону күтүп, ошого далилдерди келтиргенбиз”, - деген Салянова.

Бул иште күбө катары өткөн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Атамбаев баштаган бир топ адамдын күнөөсү бар экенин айтат. Ал Батукаев бошотулган 2013-жылы акыйкатчы болуп иштеп турганын, мунун айынан жакшы эле запкы тартканын айтууда.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

“УТРК убагында “Акун 100 миң доллар алыптыр” деп каралады, өзүмдү кызматтан да алышты. Алмазбек Атамбаев баштаган Индира Жолдубаева, Аида Салянова, Абдухалим Раимжанов баштаган адамдарга чыккан чечим туура эле болду. Алар Батукаевдин бошотулушуна толугу менен күнөөлүү. Дагы бир топтору жаза алышы керек эле.Мындан да катуу жаза алса болмок. Убагында өзүлөрү Батукаевди бошотуп алып, күнөөнү толугу менен мага илишкен да. Кимдин күнөөлүү экенин тарых аныктады. Акыйкатчы кантип бир кишини абактан чыгарып алмак эле?”, - деди Турсунбек Акун.

Ошентип 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кеткен Азиз Батукаевдин иши боюнча бир нече адамга сот чечими чыкты. Бирок бирин дагы абакка камаган чечим чыккан жок. Ал эми “аз эле өмүрү калганы” айтылган Батукаев ошондон бери Орусиянын аймагында жүрөт.

Ошол эле учурда Азиз Батукаев Беларуста баш калкалып жүргөн Апрель окуясында элге ок атуу үчүн өмүр бою соттолгон Жаныш Бакиевге алмашуу үчүн бошотулганы, бул ишке Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жакын адамы Адам Делимханов аралашкан деген да версия айтылып келет.

Иштин саясий өңүтү барбы?

Жогоруда сөз болгондой Алмазбек Атамбаев Батукаев иши боюнча Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, абакта отурган. Ошентип аталган ишке чекит коюлгандай болду.

Бирок Алмазбек Атамбаевдин башка иштери да бар. Ал Кой-Таштагы кармоо операциясына, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга жана Кой-Таштагы үйү турган жер тилкесине байланыштуу иште айыпталуучу катары өтүп жатат. Алардын баардыгы бир өндүрүшкө бириктирилип, коомчулукка "Кой-Таш иши" деген аталышы менен белгилүү.

Ошол 2020-жылдан бери Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан Кой-Таш иши соңку маалда жанданып, күнүгө отурум боло баштаган. Анда прокурор Атамбаевге 11 жылдык жаза берүүнү өтүнгөн. Ишти караган судья ишти изилдөө үчүн мөөнөтүн жылдырып, кийинки отурум 12-майга дайындалган. Анда эки айыпталуучу акыркы сөзүн айтса эле судья чечим чыгарышы керек болот.

Соңку учурда Алмазбек Атамбаевге гана эмес, мурдагы президент Курманбек Бакиевге байланыштуу да сот чечими чыкты.

Конституциялык сот 11-апрелде Курманбек Бакиевди 30 жылга кескен сот чечими кайра кароого жатат деген чечим чыгарган. Бул жагдай Бакиевдин Кыргызстанга келишине жол ачышы мүмкүн. Адвокат Икрамидин Айткулова кылмыш иши кайра каралса, Бакиев көрсөтмө бериши керектигин айтууда.

Ушундан улам мурдагы мамлекет башчыларга байланыштуу сот чечимдери бири-бирине байланыштуу экенин айткандар да болуп жатат.

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун анализи мындай:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Мурдагы президенттер Атамбаевдин, Бакиевдин жана Акаевдин иштери саясий чечим катарында бир нукта кетип бараткандай сезиле баштады. Ошон үчүн Атамбаевдин иши жанданып, Бакиевдин иши чогуу чечилеби деген ойдо калып жатам. Мунун баары саясий чечим менен кетип бара жатат дегенге негиз бар. Буга чейин мурдагы президенттер Дубайда жолуккан. Алардын баарынын укуктук, саясий деңгээлдеги маселелери бар”.

Негизи эле азыркы бийликтин мурдагы президенттерди элдештирүү, аларга байланыштуу иштерге чекит коюу аракети башынан байкалып келет. Президенттердин Дубайдагы жолугушуусунун себеби да ушул болгон. Мындан тышкары 2005-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен Аскар Акаев да азыркы бийликтин тушунда өлкөгө келип, Башкы прокуратура ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу кыскартылганын билдирген.

Азыр мурдагы президенттердин ичинен Курманбек Бакиев 30 жылга соттолсо, Алмазбек Атамбаевдин бир нече кылмыш ишине чекит коюла элек. Калганы мыйзам алдында таза.

Саясат талдоочу Мавлян Аскарбеков мурдагы президенттерди элдештирүү аракети боюнча мындай ойду айтууда

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Бул айрым адамдардын өксүгү гана болушу мүмкүн. Азыркы президент кечээ мамлекетти тоногон, элди кыйнаган, коррупцияга баткан, улуттук кызыкчылыкты саткан президенттерди эмес, кыргыз коомчулугун, элин, саясатчыларын ынтымакка чакырышы керек. Мына Түштүк Кореяны карап көргүлө. Алардын 1950-жылдардан бери мамлекет башчылары камалган, болбосо качкан. Акыркы президенти дагы импичмент жолу менен кызматынан куулду. Жыйынтыгында өнүккөн коом, бай өлкө болуп турат Түштүк Корея. Ошондуктан Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековду эмес, элди ынтымакка чакырыш керек”.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG