Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

Бишкекте Азербайжандын маданий күндөрү өтөт


Азербайжандан келген делегация. 20-апрель, 2025-жыл.
Азербайжандан келген делегация. 20-апрель, 2025-жыл.

Кыргызстандын борбор калаасында 21-апрелден 25-апрелге чейин Азербайжандын маданият күндөрү өтөт.

Анын алкагында Бишкектин тургундары концерттик программалар, спектаклдер, сүрөт көргөзмөлөрү жана адабий, маданий иш-чаралар менен тааныша алат.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

"Бул иш-чаралар кыргызстандык көрүүчүлөргө азербайжан элинин бай маданияты, салт-санаасы жана искусствосу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Маданият күндөрү Кыргызстан менен Азербайжан элдеринин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана маданий байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө багытталган", - деп жазылган маалыматта.

Азербайжандын белгилүү маданият ишмерлеринен турган расмий делегация 20-апрелде Кыргызстанга келди. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жетектеген топ тосуп алды.

Кыргызстан менен Азербайжан Түрк кеңешинин мүчөсү. 2010-жылы түрк элдеринин тили, адабияты, маданияты, тарыхы боюнча илимий изилдөө иштерин координациялап, жергиликтүү булактарга таянып, түрк тилдүүлөрдүн адамзат цивилизациясына кошкон салымын баалоо максатында Түрк академиясы түзүлгөн.(ST)



Шерине

XS
SM
MD
LG