Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

Казакстандын элчилиги АКШда мыйзамсыз жүргөн жарандарын тез арада чыгып кетүүгө чакырды


Казакстандын АКШдагы элчилиги бул өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жана соттун депортация болуу чечимин алган казакстандыктарды айып санкцияларынан качуу үчүн Америкадан тез арада чыгып кетүүгө чакырды.

"АКШ депортация болуу жөнүндө соттун чечимин алган чет элдик жарандарды CBP Home тиркемесин пайдалануу менен мекенине кыска аралыкта ыктыярдуу чыгып кетүүгө чакырат", - деп айтылган Казакстандын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн сайтына жана социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарына жарыяланган билдирүүдө.

Элчилик мекенине ыктыярдуу кайткысы келгендерге рейсти тандоого, АКШда тапкан каражатын сактап калууга, авиабилетке акчасы жок учурда субсидия алууга мүмкүнчүлүк берилерин, кийин АКШга мыйзамдуу кайткан учурда кармалбай турганына кепилдик каралганын айтууда.

Дипломаттар АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттар ыктыярдуу кайтуудан баш тарткан учурда депортация болуп, айыпка жыгылып, кийин бул өлкөгө кире албай турганын эскертишкен.

"Эгер депортация чечимин алган жаран өз өлкөсүнө кайтып барбаса (мекенине), күнүнө 998 доллар айып чегерилет. Айып төлөөдө өткөн чак эске алынат, демек акыркы беш жылда өлкөдөн чыгарууга чечими чыккандардыкы 1 млн долларга жетиши мүмкүн. Айыпты төлөөгө мүмкүн болбогон учурда өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жарандын кыймылсыз мүлкүн мамлекеттин пайдасына тартып алуу жолдору каралат", - деп жазылган элчиликтин маалыматында.

Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын бири. Трамп президенттикке келген биринчи күнү, 20-январда эле Мексика менен чек арада өзгөчө абал киргизген. Жүздөгөн мигранттар депортация болгон.

Февраль айында Коста-Рикага АКШдан 200дөй мигрант депортация болгону, анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Армения, Түркия, Ооганстан, Вьетнам, Азербайжан, Иран, Иордания жана Гананын жарандары бары кабарланган. Депортация Вашингтондун мыйзамсыз келгендерге убактылуу башкалка берип, кийин өлкөсүнө кайтара турган макулдашуусунун алкагында жүргөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG