Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

Жеңиш чокусунда жоголгон альпинисттер табыла элек


Дайынсыз болуп жаткан альпинисттер
Дайынсыз болуп жаткан альпинисттер

13-июлда Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыккан төрт альпинист 19-июлдан бери дайынсыз болууда. Аларды куткаруучулар эки жолу тик учак менен издеп, бирок майнап чыккан эмес.

28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да издөөгө киришти. Он күндөн бери дайынсыз болуп жаткан альпинисттер кырсыкка кириптер болуп, тирүү калбашы мүмкүн деген чочулоолор да айтылып жатат.

"Кайтып жаткан маршруту оор болчу"

Соңку жылдары Кыргызстанды байырлап калган орусиялык альпинисттер Дмитрий Павленко жана жубайы Светлана Великанова баштаган төрт адам 13-июлда Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыккан.

Альпинист жубайлар менен чогуу литвалык жана дагы бир орус жараны болгон. Алар Жеңиш чокусуна чыгып, эки жума, он күндө кайра кайтышмак.

Бул маршрутту жакшы билген Дмитрий менен Светлана чет элдик альпинисттерге жол көрсөтмөк. Аларга кошулууну көздөп, бирок бара албай калган казакстандык альпинист Ярослав Сабырбаев кесиптештери менен байланышта болуп турган.

Бирок 19-июлда түшүнүксүз себептен улам байланыш үзүлүп, төрт адамдын дайыны чыкпай жатат.

"Алар 7300 метр бийиктикке чыгышты, бирок тоонун чокусуна 100 метр жеткен жок. Анан бир альпинист бирдеме болду окшойт. Анткени эки адамда GPS трекер (көрсөткүч) бар болчу, биз ошону менен кыймылын байкап турчубуз. Ошентип саат 12де алар 7300 метр бийиктикте болушту. Артка кайтканда 7200 метрге аябай жай, 2,5 саатта түшүштү. Негизинен, 100 метрге ашып кетсе жарым саат убакыт кетет. Бул бир адам жакшы абалда болбой, аны сүйрөп же жөлөп-таяп түштү дегенден кабар берет. Анан 6800 метрге жеткенде, тез эле 6200 метрге түшүп кетишти. Ошондо 600 метр тез түшүп жатат. Алар 2,5 саатта араң 100 метр ылдыйласа, 30 мүнөткө жетпеген убакытта 600 метр түшүп кеткенин кар көчкү алып кеттиби деп болжоп жатабыз. Анткени алар тандап алган Жеңиш чокусунун түндүк тарабындагы маршрутта кар көчкү жүрүү ыктымалдыгы жогору болчу".

Альпинисттер Кыргызстандагы "Ак-Сай Трэвел" компаниясынын уюштуруучусу менен жүрүшкө чыккан.

Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири, Эверест чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык спорт чебери Дмитрий Греков "Азаттык" радиосуна билдиргендей, дайынсыз болуп жаткан топту издеп эки жолу тик учак көтөрүлгөн, бирок майнап чыккан эмес.

"Тоолордогу аба ырайынын шартынан улам издөө иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес. ӨКМдин да мындай бийиктикте иш алып бара ала турган адистери жок. Алардын табылып калуу ыктымалдыгы да аз".

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 28-июлдан издөөгө киришти.

Аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Нурзат Муратбекова дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөө тууралуу кайрылуу бир күн мурда гана түшкөнүн билдирди:

"Издөө ишин жүргүзүү боюнча расмий кайрылуу 27-июлда Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен келип түшкөн. Учурда дайынсыз болуп жаткан төрт альпинистти издөө үчүн бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эдельвейс” тоодон куткаруу кошуунунун жети жана министрликтин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 16 адис тартылды".

Тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан альпинисттер тууралуу социалдык тармактардагы санаалаштары ар кандай божомолдорду айтып жатат.

Айрымдар аларды "жардан кулап кетти, кар көчкү алдында калды" десе, дагы бири жараат алып, жыла албай калды деп боолгоп жатышат.

Мунун себебин алар чокуга чыккан альпинисттердин Абакалов деген өтө татаал маршрут менен артка кайтышканынан көрүшүүдө.

"Камсыздандыруу алган эмес"

Ал арада жүрүштү уюштурган "Ак-Сай Трэвел" компаниясынын өкүлү Тимур Малахунов дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин айрымдары камсыздандыруу полисин албаганын билдирүүдө.

"Орусиянын жарандары камсыздандыруу алган эмес. Алууну да каалаган эмес. Бирөө унутуп калыптыр. Жалпысынан акча кетирип, камсыздандыруу полисин алууну каалаган эмес. Бул кардардын өз эрки менен алынат. Алар кайсы компаниядан камсызданганын ачык айта албайм, бул сыр болушу керек. Негизинен Жеңиш чокусу өтө бийик. Ошондуктан ал жакка адамдарды жөнөтүү кооптуу".

Дайынсыз болуп жаткан альпинисттер башында турган Дмитрий Павленко менен анын жубайы Светлана Великанова бир канча жылдан бери Кыргызстанда жашап келген.

Жакын санаалаштарынын айтымында, жубайлар соңку жылдары чет өлкөдөн туристтерди чакырып, Кыргызстандагы чокуларга чыгуу үчүн маршруттарды түзүп келген.

"Азаттык" жубайлардын Кыргызстандагы жашоосун, тоолорго болгон сүйүүсү жөнүндө берүү да даярдаган.

Светлана менен Дмитрий былтыр 24-майда Чүй облусунун аймагындагы Путин чокусуна Украинанын желегин орноткон видеосун жарыялаган. Бул орус бийлигинин Украинага кол салуу чечимине каршы акция болгон. Мындан кийин альпинисттерди кыргыз милициясы чакырып, түшүндүрмө талап кылган.

55 жаштагы Дмитрий Павленко буга чейин 2022-жылы дагы Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыгып бир нече күн дайынсыз кеткен. Бирок кийинчирээк байланышка чыккан.

Жубайы Светлана Великанова дагы тажрыйбалуу альпинст болгонун айтышууда. Алар менен чогуу кеткен Орусиянын жана Литванын жараны делген адамдардын тек-жайы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Кыргызстанда буга чейин да альпинисттер дайынсыз жоголгон учурлар катталган.

2022-жылы Ленин чокусуна аттанган Орусиянын жараны Георгий Веселовский менен Ысык-Көл облусунун тургуну Вячеслав Шейконун бир нече күн дайыны чыкпай, кийин алар каза болгону айтылган.

Ушул эле Жеңиш чокусунан 2021-жылы Польшанын 50 жаштагы жараны Петр Бернхард каза тапкан.

Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон туризмдин бул багытына кызыккандар көбөйгөнү менен ага түзүлгөн шарт жок экени айтылып келет.

"Кыргызстандагы альпинизм ээн талаадай эле"

Альпинизм федерациясынын вице-президенти Илим Карыпбеков бул тармакта мыйзам жоктугунан ушундай учурлар болуп жатканын билдирди.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

"Хан-Теңири менен Жеңиш чокусуна чыгууну "Ак-Сай Трэвел" компаниясы уюштурат. Уюштуруу ишине атайын чатырларды жеткирүү, тамак жеткирүү, кесипкөй гиддерди дайындоо кирет. Бирок алар альпинисттердин өмүрүн камсыздандыруу иштерине жооп бербейт. Себеби, аны ар бир альпинист тоого чыгардан мурда өзү жасашы керек. Мен мисалы Непалга учуп жатам, ал жакка камсыздандырууң жок болсо киргизбейт. Кырсык болсо ким тик учак менен алып келет деп чыгарбайт. Кыргызстанда андай талап жок. Себеби, мыйзам жок. Мунун баары мыйзам менен жөнгө салынышы керек. Азыр альпинистер тобокелге салып эле тоого чыгып жүргөн учур".

Кыргызстандын аймагында эң бийик деп саналган жети чоку бар. Жеңиш чокусу 7439 метр, Ленин чокусу 7134 метр, Тамдыкул чокусу 5880 метр, Семенов чокусу 5816 метр, Сабла чокусу 5621 метр, Каракол чокусу 5280 метр, Жаман-Суу чокусу 5126 метр.

Кыргызстандагы Альпинисттер федерациясынын маалыматына караганда, пандемияга чейин жылына өлкөгө 15 миңден 18 миңге чейин бийиктикке чыгууну каалаган чет элдик келип турчу. Бирок алардын кеминде үчөө же бешөө аскадан кулап ажал табат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG