Орусияда кыргызстандыктар кармалган "Бодрость" мончо комплексинин башкаруучусуна жана эки адамга мыйзамсыз миграция уюштуруу беренеси менен иши козголгонун Орусиянын ИИМнин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Телеграм-каналы аркылуу билдирди.
Маалыматта Москванын Тимирязев районундагы мончодо буга чейин орус полициясы мыйзамсыз миграцияга каршы иш-чара өткөргөнү айтылган. Рейддин жыйынтыгы менен полиция бөлүмүнө 60 мигрант жеткирилип, алардын 25ин Орусиядан чыгаруу маселеси каралып жатканы айтылган.
"Мыйзамга жат иш шаардын полициясы жана ФСБнын жана Улуттук Гвардиянын бөлүмдөрү менен биргеликте табылды. Үч шектүү Москванын Тимириязев районундагы четтен келген такси айдоочуларга кызмат көргөзгөн уюмдун ишине колдоо көрсөткөн. Рейд учурунда полиция өндүрүштүн ичинде тиешелүү документи жок иштеген жана жашаган чет элдиктерди кармап, алар өлкөдө жүрүү эрежесин бузганы аныкталды. Полиция мигранттарга карата Орусия Федерациясынын Административдик мыйзам бузуу кодексинин 18.8-беренеси менен акт түзгөн. Ага ылайык айып пул салуу жана өлкөдөн чыгаруу каралган. Орусиянын Кылмыш кодексинин 322.1-беренеси менен эки адам камакка, мончону иштеткен аял үй камагына алынды", - деп жазылган маалыматта.
18-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин менен жолугуп, Москванын мончосундагы окуяны талкуулаган. Элчи кыргызстандык мигранттар катышкан окуяга тынчсыздануусун билдирип, Орусия тараптан бул маселени калыс жана акыйкат кароону суранган.
17-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончодо 10-апрелде өткөрүлгөн рейд боюнча билдирүү таратканын ТАСС маалымат агенттиги жазган. Анда мекеме "Бодрость" мончосунда болгон окуяны "коомдук жайларды пландуу текшерүү" деп атаган. Билдирүүдө рейд учурунда дээрлик 60 кыргызстандык жаран кармалганы кабарланган. Алардын 25ине Орусиянын миграция мыйзамдарын бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, айрымдары "радикалдык топторго тиешеси бар" деген шек менен кармалган. Ошондой эле алар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүшкөндүктөн күч колдонулганы белгиленген.
Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго мончодогу операциянын мыйзамдуулугу, андагы жарандарга күч колдонуунун себептери боюнча маалымат берүү жана күч колдонуу негизсиз болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота тапшырган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев коопсуздуктан улам сабалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын айткан. (ST)
Шерине