Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

ӨКМ экологияны калыбына келтирүүгө 52 млн доллар бөлүнөрүн билдирди


Жалал-Абад облусу селден кийин.
Жалал-Абад облусу селден кийин.

Кыргызстанда RESILAND CA+ аттуу ири экологиялык демилге ишке кирди. Бул программа табигый кырсыктарды алдын алууга, жаратылышты коргоого жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

ӨКМдин билдиришинче, долбоордун алкагында экологияны калыбына келтирүүгө 52 млн доллар бөлүнөт. Анын 45 млн доллары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (IDA) жеңилдетилген насыясы болсо, 5 миллиону PROGREEN фондунун, 2,4 миллиону Түштүк Корея менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун (KWPF) гранты.

"Программа Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Өзгөчө көңүл Кара-Дарыя дарыясынын бассейнине бурулат – бул аймакта сел коркунучу жогору. Андагы коргоо иш-чаралары Кыргызстандын гана эмес, агым боюнча төмөн жакта жайгашкан өлкөлөрдүн да коопсуздугун камсыздайт. Мөңгүлөрдүн эришине каршы туруктуу чаралар көрүлөт. Суунун жоготуусун алдын алуу жана акыл-эстүү башкаруу үчүн токой чарбасын, жашыл зоналарды жана суу агымдарын багыттоочу инженердик курулмалар курулат. Бул чаралар ички коопсуздукту гана эмес, суу түгөнүп бараткан коңшу мамлекеттерди да эске алат. Сууну ичүү жана ирригация максатында узак мөөнөттүү сактоо негизги милдет катары белгиленген", - деп жазылган маалыматта.

2024–2029-жылдар аралыгына белгиленген долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк колдоо көрсөткөн.

Долбоордун ишке кириши менен 70 миң гектар жер туруктуу башкарууга алынары, 17 миңден ашуун адам табигый кырсыктардан корголору, аймактарда миңдеген жаңы жумуш орундар пайда болору, эл аралык экологиялык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгары белгиленген.

ӨКМдин маалыматында, акыркы 12 жылда өлкө аймагында 900дөн ашуун сел жүргөн. Беш жыл ичинде сел жана суу ташкынынан 32 адам каза болгон. 2024-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жүргөн селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Быйыл март айында жарыяланган БУУнун Айлана-чөйрө программасынын Атласында Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн.

Атласта белгиленгендей, абанын температурасынын көтөрүлүшү менен табигый кырсыктардын да саны көбөйгөн. Өлкөдө орто эсеп менен 200 өзгөчө кырдаал катталса, анын 90% суу ташкыны, жер титирөө, жер жана кар көчкүлөрү. (ST)



Шерине

XS
SM
MD
LG