Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

Орусиянын энергетика министри Путиндин "жеке билдирүүсүн" Токаевге тапшырды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилев (солдо).
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилев (солдо).

Ишемби, 19-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилевди кабыл алды.

Акордонун расмий билдирүүсүндө Цивилев Токаевге орус президентинин "купуя билдирүүсүн" тапшырган. Казакстандын президентинин администрациясы бул эмне болгон билдирүү экенин тактаган жок.

"Жолугушуу маалында Казакстан менен Орусиянын кызматташтыгынын маанилүү багыты болгон энергетика жааты талкууланды", - деп билдирди Акордо.

Өткөн жумада Казакстанга жумушчу сапар менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да келген. Аны менен жолукканда казак ТИМинин башчысы Мурат Нуртлеу Казакстанда атомдук энергетика куруу маселесин эске салган.

"Инвестициялык долбоорлорго байланыштуу бизде орусиялык бизнес менен биргеликте ишке ашчу өтө көп долбоорлор бар, жакында ишке кире тургандарынын саны 170 ишканадан ашып кетти. Албетте алардын ичинен эң маанилүүсү Казакстандагы АЭС курулушу. Биздин тармактык министрликтердеги кесиптештер тиешелүү иштерди кылып турат", - деп айткан Мурат Нуртлеу Лавровго.

Казакстандын расмий өкмөтү АЭСти ким кура турганын расмий билдире элек. Министрлер кабинети тизмедеги талапкерлер арасында кытайдын CNNC корпорациясы, түштүк кореялык KHNP компаниясы, орусиялык "Росатом" ишканасы жана француздардын EDF компаниясы барын билдирген. Бийлик тандаган подрядчылар тууралуу Энергетика министрлиги июнда кабарлоону убада кылган.

6-октябрда Казакстанда АЭС курулушу боюнча референдум өткөн. Бийликтердин маалыматында, добуш бергендердин 71 пайызы станциянын курулушун колдогон. Токаев Астанада добуш бергенден кийин АЭС курулушу менен эл аралык консорциум алек болорун билдирип, бирок деталдарын айткан эмес.

Казак бийлиги АЭС энергетикадагы тартыштыкты жаап, жаңы жумуш орундарын пайда кыларын, ата мекендик илимдин өсүшүнө өбөлгө болуп, атом энергетикасы жаатында жергиликтүү кадрлар даярдаларын айтып келет.

АЭСке каршылар долбоордун жана өзөктүк реакторлор иштеп чыккан электр энергиянын тарифи кымбат болорун, калдыктарды жок кылууда маселе жараларын айтышат. Мындан тышкары алар станцияны курган подрядчыга көз карандылык күчөрүн белгилешет. Экоактивисттер АЭС Байкал көлүнүн экосистемасына орду толгус зыян келтирерин да белгилешет. Станция көлдүн жээгиндеги Үлкөн кыштагына курулары айтылууда. Адистер аймакта сейсмикалык термелүү күч экенин, жер титиреген учурда станция кыйрап, радиациядан улам аймак жашоого ыңгайсыз болуп калышы ыктымал экенин эскертишет.


Шерине

XS
SM
MD
LG