Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

“Социал-демократтардын” иши: Сот жабырлануучуларга 12 млн сом өндүрүп берүү чечимин чыгарды


"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверге Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарган өкүм тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, үчөө тең Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Адамчылык”, 196-беренеси - “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” жана 197-беренеси – “Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу” менен күнөөлүү деп табылып үч жылдык пробация менен сот залынан бошотулган. Сот андан тышкары алардын мүлкүн конфискация кылды.

Ошондой эле Темирлан Султанбековду, Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки жабырлануучуга – Нуржигит Туралиевге 8 млн 510 миң сом, Анарбек Катагановго 4 млн 290 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарды. Экөө тең 2024-жылы ноябрь айында Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоого “Социал-демократтар” партиясынын тизмеси менен катышкан. Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эмес экенин билдирип, кийинки инстанцияга кайрыларын айтты.

Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Кийин аларга алдамчылык боюнча да айып коюлган.

“Социал-демократтар” тагылган кинени четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турушту. Ишке “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары жабык өттү.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG