Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

"Владимир, токто!" Трамп Киевдеги чабуул үчүн Путинди сындады


Киевдеги чабуул тогуз өмүрдү кыйды, Трамп Путинди сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Киевдеги чабуул тогуз өмүрдү кыйды.

Орус күчтөрүнүн Киевди бутага алган соңку ракеталык жана дрон чабуулунан тогуз адамдын өмүрү кыйылды. Аны улай АКШ президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путинди сындады.

Орусия 24-апрелге караган түнү Украинанын бир катар аймактарына, анын ичинде Киевге ракета жана дрон менен чабуул койду.

Украин баш калаасына жасалган соңку айлардагы эң ири чабуулдан тогуз адамдын өмүрү кыйылып, жетимишке чукул киши жараат алды.

Украинанын бийлиги тараткан маалыматка караганда, түнкү чабуул маалында орус армиясы 210дон ашуун ракета жана дрон колдонгон. Алардын ичинде баллистикалык жана канаттуу ракеталар да болгон. Айрымдары Кара деңизден учурулганы кабарланды.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү 100дөн ашык ракетаны атып түшүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, чабуулда Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы колдонулган.

"Киев жана анын айланасындагы аймактар, ошондой эле Житомир, Днепр, Харьков, Полтава, Хмельницкий, Сумы жана Запорожье облустары жапырт чабуулга дуушар болду", — деп жазды Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Телеграмга.

АКШнын президенти Дональд Трамп бир күн мурун Зеленскийге каршы кескин сын айткан болсо да социалдык тармактагы кыска билдирүүсүндө Орусиянын чабуулун айыптады.

«Мен Киевге жасалган Орусиянын соккуларын айыптайм. Зарылчылыгы жок болчу. Убактысы да абдан туура эмес. Владимир, токто! Жумасына 5 миң аскер өлүп жатат. Тынчтык келишимине келели!», — деп жазды ал.

Орус армиясынын соккусунан набыт болгон тургундун сөөгүн парамедиктер көтөрүп баратышат. 24-апрель, 2025-жыл. Киев.
Орус армиясынын соккусунан набыт болгон тургундун сөөгүн парамедиктер көтөрүп баратышат. 24-апрель, 2025-жыл. Киев.

Дипломатиялык аракеттен майнап чыга элек

Соңку күндөрү Батыш өлкөлөрүнүн согушту токтотуу же болбосо убактылуу ок атышууну камсыз кылуу аракеттери жыйынтыксыз болуп жатат.

Орусия чабуулдарын күчөтүп жатса, Украина АКШнын сунуштаган тынчтык планынын жоболоруна каршы экенин билдирүүдө.

"Эгерде Орусия чынында эле ок атышууну токтотууну кааласа, анда мындай ири чабуулдарды токтотушу керек", — деди украин президенти Владимир Зеленский Түштүк Африкадагы сапары учурунда.

Ал түнкү чабуулга байланыштуу бул сапарын токтотуп, Украинага кайтты.

23-апрелде Лондондо тынчтык орнотуу боюнча боюнча жаңы сүйлөшүүлөр өтөт деп күтүлгөн эле. Бирок Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун акыркы мүнөттө ал жыйынга катышуудан баш тартуусу бул сүйлөшүүсүн макамын төмөндөтүп койду.

Украинанын тышкы иштер министри жолугушуунун макамы төмөндөп калганына калганына карабай Лондонго барган.

Ал Путинди сынга алып, Трамптын администрациясына да капачылыгын билдирди.

"Путин сөз менен эмес, иш менен өзүнүн тынчтык аракеттерине көңүл бурбастыгын көрсөттү. Согушка чекит коюучу тарап Украина эмес, Киев эмес. Москва кыймылдашы керек", — деп жазды Андрей Сибига социалдык тармактагы барагына.

Лондондогу жолугушуулардын деңгээлинин төмөндөшү, сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз болуп жатышы өлкөлөр ортосундагы кайчы пикирлерди да көрсөттү.

Маалыматтарга караганда, Рубионун чечими Зеленский Вашингтондун сунушуна, тагыраагы Крым жарым аралын Орусиянын аймагы катары таанууга каршы чыккандан кийин кабыл алынган.

Бул сунуш АКШнын көп жылдан бери уланып жаткан саясатына каршы келет. Ошондой эле кайсы гана украин лидери болбосун саясий жактан өз жанын кыюуга тете чечим болуп эсептелет.

"Бул тууралуу сүйлөшүүнүн өзү мүмкүн эмес. Бул биздин Конституциябызга каршы келет. Бул биздин аймак, Украин элинин жери", — деген эле Зеленский Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн алдында журналисттерге.

Америка сунуштаган планда Украина НАТОго кошулуу дымагынан баш тартуусу керек деген дагы бар. Анткен менен бул дагы Украинанын Конституциясында бекитилген максат.

Трамп Зеленскийди сынга алды

23-апрелде кечинде Дональд Трамп социалдык тармактар аркылуу жана журналисттерге маек куруп жатып, Зеленскийге дагы сын айтты.

Ал ошондой эле орус президенти Владимир Путин Американын сунуштарына макул болушу мүмкүн экенин кыйытты.

Апта башында Путин Киев менен түз сүйлөшүүлөр даяр экенин ишарат кылган болчу.

Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф 25-апрелде Москвага учуп барып, Путин менен жолугары күтүлүүдө.

"Менимче, Орусия даяр. Көптөр Орусия бүт Украинаны алгысы келип жатат дешет. Бирок бизде Орусия менен келишим бар. Эми Зеленский менен келишүү керек. Мен Зеленский менен сүйлөшүү оңой болот деп ойлогом. Азырынча тескерисинче болууда", — деди Трамп журналисттерге.

Зеленский социалдык тармакта Трампка жооп берип, АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2018-жылдагы Крымды бошотууга чакырган билдирүүсүн кошо жарыялады.

"Биз бул согуштун "тоңдурулган жаңжалга" айланышын, 2-3 жылдан кийин кайрадан согуш тутанышын каалабайбыз. Бизге бекем коопсуздук кепилдиктери керек. Эгер сиз (АКШ) НАТОго мүчөгө болууну колдобосоңуз, бул сиздин чечимиңиз... Бирок Орусиянын ага тыюу салган укугу болбошу керек", — деди Зеленский 24-апрелде Түштүк Африка президенти Сирил Рамафосанын жанында сүйлөп жатып.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Түштүк Африка республикасынын мамлекет башчысы Кирил Рамафоса. 24-апрель, 2025-жыл. Претория.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Түштүк Африка республикасынын мамлекет башчысы Кирил Рамафоса. 24-апрель, 2025-жыл. Претория.

Трамп кызматка келгенден кийин 24 сааттын ичинде Украинадагы согушту токтотом деп убада кылган. Кийин маселе 100 күн ичинде чечилерине үмүт артарын айткан. Анткен менен баары ал ойлогондой болбой, сүйлөшүүлөр барган сайын татаалдап жатат. Орус армиясы аскердик жана жарандык объектилерди бирдей аткылап, согуш талаасында үстөмдүк кылууда.

Ошол эле учурда АКШ жана Украина ушул аптада сейрек кездешүүчү минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюуга даярданып жатышкан.

Бул келишимдин айынан февраль айында Трамп менен Зеленскийдин Ак үйдө кайым айтыша кетишкен.

Шерине

XS
SM
MD
LG