Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Трамптын атайын чабарманы Уиткофф Москвада Путин менен жолугушту


Стивен Уиткофф жана Владимир Путин.
Стивен Уиткофф жана Владимир Путин.

25-апрелде Москвада орус президенти Владимир Путин АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффду кабыл алды. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалыматка караганда, Уиткофф жума күнү эртең менен Москвага барган. Кремль алардын жолугушуусу тууралуу кыска видеону жарыялады.

Бир күн мурун Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы согушка жакын арада чекит коюларын айткан.

24-апрелде АКШ лидери Орусиянын Киевге болгон чабуулун кескин сынга алып, орус президенти Владимир Путинди согушту токтотууга чакырды. Ал Truth Social платформасындагы баракчасына "Владимир, токтот!" деп жазды.

23-апрелде Лондондо согушту жөнгө салуу боюнча Украинанын, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн башкы дипломаттарынын жолугушуусу үзгүлтүккө учураган. Анын алдында Зеленский Украина Крымдын оккупациясын тааныбай турганын эскерткен. Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, Вашингтон Киевге сунуштады деген тынчтык планында Крымдын аннексиясын таануу, Украинанын НАТОго мүчө болуу дымагынан баш тартышы сыяктуу жоболор камтылган.

11-апрелде Санкт-Петербургда Путин менен Уиткоффтун жолугушуусу өткөн.

Трамп президенттик кызматка киришкенден бери бул Уиткоффтун Орусияга төртүнчү сапары. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG