Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

"Украинадагы согушка азгырышкан". "Орус үйүнүн" айланасындагы иштин жаңы жагдайы


Ош шаарындагы "Орус үйү".
Ош шаарындагы "Орус үйү".

Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамга "кыргызстандыктарды Украинадагы согушка азгырышкан" деген айып коюлганы белгилүү болду.

Алардын арасында "Орус үйү" уюмунун кызматкери бар экени расмий такталды. Бул уюмду түзгөн “Россотрудничество” агенттигинин башчысы Евгений Примаков чагым деп атап, кесепети оор болорун эскерткени кыргыз коомчулугунда сынга кабылды.

Угузулган айып

17-апрелде УКМК Оштон кармап, Бишкекке алып келген төрт адамдын Украинадагы согушка адамдарды жөнөтүүгө шектелип жатканы дайын болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" шектүүлөрдүн бири, Ош шаардык мэриясында фотограф катары иштеген Сергей Лапушкиндин адвокаты Эркинбек Жакубакунов билдирди.

“Иштин баары ортодогу бир адамдын көрсөтмөсү менен гана болуп жатат. Азырынча конкреттүү факты жок. “Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандарын жалдаган” деген айыпты угузушту. Бирок бул (ред: Сергей Лапушкин) “мен эч кимди үгөттөгөн эмесмин, жалдаган да эмесмин” деп күнөөнү мойнуна алган жок. Өткөндө бөгөт чарасы каралды, андан бери тергөө иштери жүрө элек. Бул боюнча кыргыз улутундагы жаран. Кармалгандардын бири Лапушкин, экинчиси “Орус үйүндө” жана мугалим болуп иштейт экен. Үчүнчүсү, Майлуу-Суудагы лампа заводдо электрик болуп иштечү экен. Алардын “Орус үйү” менен байланышы кандай болгон? Алар текст жазып, бири-бирине беришип, кесиптик жактан гана кызматташып жүрүшчү экен”, - деди адвокат.

Козголгон кылмыш иши жана төрт адамдын кармалышы “жалданмачылыкка” байланыштуу экени буга чейин айтылганы менен сөз жарандарды Украинадагы согушка азгыруу жөнүндө болуп жатканы биринчи ирет ачыкталды. Арадан бир апта өткөнүнө карабай, УКМК эч кандай маалымат бере элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасы 19-апрелде каралып, баары эки айга камакка алынганын билдирген. Аларга Кылмыш-Жаза кодексинин 416-беренеси (“Жалданмачылык”) менен кылмыш иши козголгонун тактаган.

Айыпталып кармалган төрт кишинин экөөнүн аты-жөнү ачыкка чыккан. Бири - Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон.

Примаковдун сынга кабылган билдирүүсү

Дал ушул орусиялык уюмдун өкүлүнүн бул иште шектүү катары кармалышы окуяны дагы кызытты. Тагыраагы, "Орус үйү" долбоорун каржылаган Орусиянын “Россотрудничество” агенттигинин башчысы Евгений Примаков Секеринага козголгон ишти "чагым" деп атады. Ал телеграмдагы баракчасына "өз кызматкерин бошотуп аларын" да жазды:

“Бул чагым. Натальяны чыгарып алабыз. Биз өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз. Жыйынтык чыкты: ал натыйжалуу жана жагымсыз болот”, - деп жазды.

Буга удаа эле Оштогу “Орус үйү” уюму Телеграм каналы аркылуу расмий билдирүү таратып, кызматкери Секеринанын тагдырына тынчсыздануусун билдирген.

“Ар кандай божомолдордун жана бурмалоолордун алдын алуу максатында белгилеп кетүүбүз керек. Орусиянын Илим жана маданият борбору өз ишмердүүлүгүн Орусиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборун жана Кыргызстандын Москвадагы Илим жана маданият үйүн түзүү жана иштетүү тууралуу өкмөттөр аралык келишимде аныкталган тармактарда гана жүргүзөт”.

Дал ушул өкмөттүк органдын жетекчиси Евгений Примаковдун билдирүүсү чыккандан кийин социалдык тармактарда талкуу жүрүп, муну орунсуз деп мүнөздөгөндөр да болду.

“Буга эмнеге мынча теригип жатышат, түшүнүксүз. Балким алар кооптоно тургандай бир нерсе бардыр, азырынча билбейбиз. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мындай аракетин негизсиз деп айтуу кыйын. Анткени стратегиялык өнөктөш болгон Орусиянын чет элдик мекемеси менен кызматташкан адамдардын кармалышы абдан дыкат, кылдат иликтенип жасалган аракет болгон деп эсептейм. Анткени алар деле Орусия менен мамилени эске алып, негизсиз шектенип кармабайт болуш керек”, - деди журналист Миржан Балыбаев.

Ошентип, жарандарды Украинадагы согушка жөнөтүүгө шектелип кармалган төрт адамдын окуясынын улам бир жаңы жагдайы белгилүү болуп жатат.

УКМК маалымат бере элек, алар кимди жана канча кишини кандай жол менен жалдаганы азырынча суроо бойдон калууда.

Кыргызстан Украинадагы согуш башталганы бейтарап позицияда экенин айтып келе жатат. Ошондуктан, кыргыз бийлиги бул согушка кайсы тарапта болбосун кыргыз жарандары катышса, кылмыш жообуна тартыларын эскерткен.

Буга чейин Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушка катышкан үч кыргызстандык аныкталып, сот жообуна тартылган.

10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон.

Бирок ал адамдарды кимдер азгырып, согушка жөнөткөнү жөнүндө маалымат айтылган эмес.

"Согуштан качып келген". Согушка барам деп соттолгондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:57 0:00

Россотрудничество жана "Орус үйү"

Россотрудничество - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) менен иштер, чет жакта жашаган орусиялыктар жана эл аралык гуманитардык алака боюнча федералдык агенттик.

Өзүн Орусиянын гуманитардык таасирин арттыруу жана чет жактагы мекендештерди колдоого багытталган федералдык орган катары көрсөтүп келет.

Анын дүйнөнүн 80 мамлекетинде "Орус үйү" деп аталган 96 өкүлчүлүгү бар экени расмий маалымдаган. Түздөн-түз орус президенти Владимир Путинге баш ийет жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин карамагында.

Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан кийин Россотрудничество Евробиримдиктин жана башка бир нече мамлекеттин санкциясына кирген.

Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында "Орус үйлөрү" жигердүү иш алып барат.

“Россотрудничество” – чет өлкөдө жашаган орусиялыктарга колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн федералдык аткаруу органы деп айтылганы менен Орусиянын пропагандасын жайылтат деген сындарга кабылган. Азербайжан быйыл “Россотрудничество” уюмунун ишин токтотуп, “Орус үйү” өкүлчүлүгүн жапкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG