Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Кумтөрдөн 2024-жылы 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлдү


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчиси Бузурман Субанов Кумтөр кенинен 2024-жылы 12 тонна 509 кг алтын алуу пландалып, жыйынтыгында 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөнүн билдирди. Сатылган алтындан 989,1 млн доллар түшкөн.

Бул тууралуу ал “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна “Кумтөр” ишканасынын өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу маалымат берип жатып айтты. “Кыргызалтын” отурумда “Кумтөрдүн” отчётун кабыл алды.

“План боюнча таза киреше 186,8 млн доллар деп белгиленсе, иш жүзүндө 397,4 млн долларды түздү”, – деди Бузурман Субанов.

“Кумтөр” 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кумтөр” компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG