Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 23-24-апрель күндөрү калаадагы коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышты.
Бул ишке Ош шаардык милициясында кызмат өтөгөн аял кызматкерлер, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, президентке караштуу Дин иштери жана улут аралык мамилелер боюнча агенттиктин жана Ош шаардык казыяттын аял кызматкерлери тартылды.
Анын алкагында коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап жүргөн 300гө жакын адам аныкталып, мыйзамдын беренелери жазылган китепчелер таратылып, эскертүүлөр берилди.
Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салынат.
Апрель айынын башында Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында жана Ош облусунда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Укук коргоо органдары мыйзамды бузгандар айыпка жыгыларын эскертишкен.
Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбей турганы айтылган.
Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. (BTo)
Шерине