Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Орусиянын Павлоградга чабуулу үч кишинин өмүрүн алды, сегизи жабыркады


Павлоградга болгон чабуулдун кесепети.
Павлоградга болгон чабуулдун кесепети.

25-апрелге караган түнү Орусиянын Украинанын Павлоград шаарына болгон чабуулунан үч адам каза болду. Арасында жашы жете элек бала бар экени кабарланды. Маалыматка караганда, жума күнгө караган түнү Днепропетровс облусунун Павлоград шаарынан тышкары, облустун дагы бир нече калктуу конуштары чабуулга туш болгон.

"Павлоградда үч адам каза болду. Алардын бири жаш бала. Куткаруу иштери жүрүп жатат",- деди Днепропетров облусунун жетекчиси Сергей Лысак.

Лысак каза болгондордун бири 76 жаштагы аял экенин айтты. Жабыркаган сегиз адамдын алтоо ооруканага жаткырылды. Биринин абалы оор.

Павлоградда чабуулдун кесепетинен көп кабаттуу турак үйдө өрт тутанды. Жергиликтүү бийлик шаардын бир нече районундагы өнөр жай ишканаларында да өрт чыкканын кабарлады.

Бир күн мурунку Орусиянын Киевге соккусунун курмандыктары көбөйүп, акыркы маалымат боюнча 12 кишиге, жараат алгандар 90го жетти..

Бейшембиге оогон түнү Киев дрон жана ракеталардын жапырт чабуулуна кабылган. 25-апрель - украин баш калаасында аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Москва Киевге болгон чабуул боюнча комментарий бере элек.

Далилдерге карабастан Орусия жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG