Беларуста 2020-жылдан бери өкмөттүн саясатын сындаган кеминде 33 адам мажбурлоо менен психиатриялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу БУУнун өкүлү билдиргенин "Настоящее время" телеканалы жазды.
Маалыматка караганда, 33 адамдын сегизи ооруканадан чыгарылган. Калган 25 адамдын абалы тууралуу так маалымат жок.
БУУнун эксперттери беларус бийлигин ооруканага жаткырылган адамдарды адвокат менен камсыз кылып, өз укуктарын коргоо үчүн шарт түзүп берүүгө чакырды.
Маалыматта психиатриялык ооруканага мажбурлап жаткыруу адам укуктарын одоно бузуп, тебелеп-тепселөө экени эскертилген.
Советтер Союзунун доорунан калган мындай ыкма анын курамына кирген айрым мамлекеттерде бийликти сындагандарды жазалоо үчүн дагы деле колдонулат.
Александр Лукашенко 25-мартта ант берип, Беларустун башчылыгына жетинчи ирет киришти. Укук коргоо уюмдары анын бийлигин "Конституцияга каршы" деп мүнөздөшөт.
30 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Лукашенко шайлоо боюнча айтылган бардык сындарды четке каккан.
2020-жылы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Лукашенконун жеңишине каршы жапырт нааразылык акциялары уюштурулуп, аларды таркатууда миңдеген адамдар кармалган.(AiA)
Шерине