Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Экономика

Кыргызстандын Улуттук банкы.
Кыргызстандын Улуттук банкы.

Улуттук банк эсептик ченди 11% түшүрдү. Эсептик чен буга чейин 13% деңгээлинде кармалып келген. Кыргызстандын башкы банкы өлкөдө инфляциялык процесстер төмөндөп баратканын, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын апрель айында 5,2% болгонун билдирүүдө.

Улуттук банк эсептик ченди 2022-жылдын март айынан тарта 8,5 пайыздан 14 пайызга чейин жогорулатып, анын айынан банктардын насыялык пайыздары да кескин өсүп кеткен болчу. Мунун кандай таасири болот? Банктардагы насыялардын пайызы төмөндөйбү?

Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет. Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо – түшөт.

Улуттук банк эсептик ченди төмөндөтүү чечимине таасир кылган жагдайларды инфляциялык процесстердин алсырап баратышы, азык-түлүк бааларынын басаңдашы жана экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашы менен негиздеди.

“2022-жылдын башынан бери Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты инфляциялык басым көрсөтүүнүн өсүшүн чектөөгө өбөлгө түзүп, өлкөдө баа динамикасынын туруктуулугун камсыз кыла алды, бул учурдагы инфляцияны орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч чегинде калыптандырууга жана экономикалык чарба субъекттеринин инфляциялык күтүүлөрүн төмөндөтүүгө алып келди. Мындай шарттарда Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган, Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытына туура келет”, - деп жазылган Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Маалымактка ылайык, Кыргызстандын банк сектору туруктуулукту сактап, негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшүн көрсөтүүдө. Жалпысынан коммерциялык банктар өтүмдүү финансылык ресурстардын жетиштүү көлөмүнө ээ. Мындан улам, ички валюта рыногу туруктуу деп эсептелген.

Банктар насыя пайыздарын түшүрө элек

Кыргызстандын банктарындагы насыялардын үстөк пайызы учурда 32 пайызга чейин жетет. Улуттук банктын эсептик чен боюнча чечими азырынча коммерциялык банктардын насыялоо ишине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизе элек. “Азаттык” сурамжылаган банктардын кызматкерлери насыялардын үстөк пайызы мурунку бойдон берилип жатканын билдиришти.

Коммерциялык банктардын биринин Шабдан аттуу кызматкери буларды билдирди:

“Эгер онлайн насыя алам десеңиз 28% менен берилип жатат. Анча-мынча 18% бар. Бизнес-насыялар бар, алар андан да арзаныраак. Анан кийин, жөнөкөй, керектөө насыялары бар, аларды 20% чейин алсаңыздар болот. Эгерде эч кандай күрөө жок ала турган болсоңуздар, 23% менен берилет. Дагы “Агронасыя” деген бар, алар мурдараак 13% менен берилчү, 15-18% менен же 17% менен берилип жатат. Улуттук банк [эсептик ченди] түшүрдү. Мен башка банктар менен өзүбүздүкүн салыштырып көрдүм. Учурда биздики 28% менен, бирок анча-мынча банктардыкы бар экен, 30-31% менен. Бул бардыгында эмес, бирок анча-мынчаларда ушундай көрсөткүчтөр бар, эң жогоркусу 32% чейин бар экен. Биздики болсо жаңы жылдык акцияга байланыштуу бааны 31 пайыздан 28 пайызга түшүргөнбүз. Акция бүткөндөн кийин эч кандай көтөрүп салган жокпуз, ошол боюнча калтырганбыз”.

Улуттук банктын жобосу боюнча, эсептик чендин көлөмү мекеменин коммерциялык банктарга берген кыска мөөнөттүү насыяларынын үстөк пайызына түз таасир этет. Ал өз кезегинде коммерциялык банктардын элге берген насыяларынын үстөк пайызын да төмөндөтүүгө түртөт.

Финансы жана насыя маселелери боюнча эксперт Бактыбек Шамкеев эсептик чендин төмөндөшү насыялардын арзандашына түрткү берерин айтат.

“Эсептик чен көп жагдайды камтыйт. Биринчиден, ресурстардын баасы эске алынат. Инвестициялык климат бир кыйла жагымдуу болуп, көп каражат кире баштайт. Мындан улам, рынокто финансылык ресурстар арзандайт. Улуттук банк дагы өзүнүн эсептик ченин төмөндөтүп, коммерциялык банктарды ошол боюнча насыялайт. Башкача айтканда, насыянын үстөк ченин 2% төмөндөтөт. Коммерциялык банктар дагы калкка берип жаткан насыяларынын үстөк ченин ошончо арзандатат. Мындай жол аркылуу финансылык-насыялык уюмдардын пайыздык чени төмөндөйт”.

Валюта рыногунда абал турукташып калдыбы?

Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу басым кылган. Мындан улам, 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен. 2023-жылдан бери 13% көрсөткүчтө болчу. Эсептик чендин 11% көрсөткүчү соңку эки жылдан берки эң төмөн чек болгону менен, мындан он жыл мурдагы же 2015-жылдагы эң өсүп турган чекке барабар болууда.

Бактыбек Шамкеев коммерциялык банктардын насыясынын үстөк пайызы кандай жол менен түзүлөрүн түшүндүрүп берди:

“Адатта коммерциялык банктар рынокто 4-6% тегерегинде ойной берет. Анын үстүнө депозиттик базаны дагы карайт. Эгерде алар депозиттик базадан 15-16% менен алып, ошол акчаны колдонсо, анда алар ошол 15-16% үстүнө 4-5% кошот. Ошондо коммерциялык банктын үстөк пайызы жок дегенде 20-21% тегерегинде болот. Өкмөттүк банктар болсо үстөк пайызды өкмөттүн саясатына жараша кошот. Коммерциялык банктар рынокко карайт. Эгерде суроо-талап көп болсо, анда жок дегенде 5-6% чейин көбөйтүп коюшу мүмкүн”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 23 коммерциялык банк иш жүргүзөт. Мындан тышкары 600дөн ашуун насыя берүүчү уюмдар бар. 2023-жылы коммерциялык банктар 263 млрд сомдук, башка насыялык уюмдар 63 млрд сомдук насыя берген. Адатта эң көп насыя соода тармагына, керектөөгө жана айыл чарбасына берилет.

Алардын ичинен керектөө насыясынын үстөк пайызы эң жогору болуп эсептелет. Улуттук банктын расмий маалыматына карасак, коммерциялык банктардагы насыялардын үстөк пайыздары 12 пайыздан 23 пайызга чейин жетет. Ошол эле маалда, коммерциялык банктардын сунуштаган насыялары иш жүзүндө 31% чейин чыгып кетет. Натыйжалуу пайыздык чени 59-60% чейин жеткен учурлар да бар.

Чоң-Кемин өрөөнү. Иллюстративдик сүрөт.
Чоң-Кемин өрөөнү. Иллюстративдик сүрөт.

6-майда президент Садыр Жапаров “Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Демилгелчи депутаттар бул мыйзам өлкөнүн кен иштетүү, айрыкча өзгөчө коруктагы аймактарда кен казуу иштерин көзөмөлдөөнү күчөтөрүн айтышат.

Деген менен, геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү сыяктуу биосфералык аймактарда жүргүзүлүүгө тыюу салынган иштердин тизмеси бул мыйзамдан алынып калышы коомчулуктун, экологдордун тынчсыздануусун пайда кылды. Мыйзам Кыргызстандын коруктарында кен иштетүүгө жол ачабы?

Мыйзамды өзгөртүү эмне берет?

Президенттин сайтына 6-майда жарыяланган маалыматка ылайык, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын азыркы редакциясынын 24-беренесине өзгөртүүлөр кирип, анда “жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуштаган талапкер аукциондун жеңүүчүсү болуп эсептелери”, “ири жана орто алтын, күмүш кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекетке үлүштү сунуштаган талапкер эсептелери” жазылган.

Ал эми “өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Министрлер кабинети тарабынан белгиленет”.

Жаңы мыйзам ошондой эле тиешелүү мыйзамдарга “биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер Министрлер кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн” деген беренени да киргизүүнү камтыйт.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-апрелде кабыл алган.

Жыйында депутат Дастан Бекешев: “Мындай жоопкерчиликти жалгыз Министрлер кабинетине берүү терс таасирин тийгизбейби? Кийин мындай аракеттер Ысык-Көлдө же дагы башка жерде жасалбайбы?” - деген суроолорду көтөргөн. Ага баяндамачы, депутат Марлен Маматалиев жооп берип, “азыр мындай чечимди бир гана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өз алдынча кабыл алып келе жатканын” айтып, “алар эч кимден уруксат сурабай макул болуп жаткандыктан, жаңы мыйзамга ылайык, тиешелүү экспертизалар чыккан соң чечимди Министрлер кабинети кабыл ала тургандай кылуу керектигин” кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин 17-апрелиндеги жыйыны:

Мыйзам чукул даярдалганбы?

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ишкердикке сезилерлик таасир эте турган мыйзамдык өзгөртүүлөр жөнгө салуучу таасирин талдоодон (АРВ) өтүшү керек.

Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган бул мыйзам долбоорунун талдоосунда эмнегедир Орусиянын тоо-кен тармагына шилтемелер бар. Мындан улам ар кандай сандар келтирилгенде кайсы өлкө тууралуу кеп болуп жатканы суроо жаратат.

“Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын эксперттик талдоосунан.
“Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын эксперттик талдоосунан.

Мындан тышкары, документте аталган мыйзамдык өзгөрүү Кыргызстандын аймагындагы биосфералык зоналарга кандай таасир этери жөнүндө анализ камтылган эмес. Анда өлкөнүн өзгөчө коруктагы аймактары тууралуу даректүү гана баяндаган маалымат бар.

“Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын эксперттик талдоосунан.
“Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын эксперттик талдоосунан.

Атайын жүргүзүлгөн талдоону мыйзамды демилгелеген депутаттардын бири Марлен Маматалиев бекиткендиктен, “Азаттык” түшүндүрмө сурап ага кайрылды. Алгач макул болуп, бирок кийин кайсы мыйзам тууралуу сөз болуп жатканын билген соң, “кайра чалам” деген бойдон байланышка чыккан жок. “Азаттык” азыр да бул суроо боюнча анын пикирин чагылдырууга даяр.

“Кеп Кызыл-Омпол жөнүндө болуп жатат”

Жаңы кабыл алынган бул мыйзамды жактагандар аны мамлекеттин тоо-кен тармагын реформалоого болгон кадам катары баалашат.

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков мыйзам экономиканы тоо-кен тармагы аркылуу көтөрүүгө жол ачат деп эсептейт:

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

“Кенге болгон бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк рыноктогу суроо-талапты, экологиялык жактан экспертизасын да карап чыгып, экономикага пайда алып келүү максатында кабыл алынып жатат. Бизде жаратылыш парктарына, биосфералык аймактарга кирип калган кендер экономикага пайда келтире турган жагдайлар менен чыгып жатат. Аны иштетейин десе, биосфералык аймакка кирип калган, чектөөлөр бар. Эми ошол чектөөлөрдү алуу керек деген маселе жаралып, Министрлер кабинетине тапшырма берилүүдө. Алар текшерип, экспертиза жүргүзүп, эгер иштеткенге мүмкүнчүлүк болсо, чектөөлөрдү алып, иштетүүгө жол ачып берет. Эгер болбойт деп тыянак чыкса, иштетилбейт”.

Бирок бул мыйзам “бийликке каалаган кенди ачып, иштетүүгө жол ачат” деп чочулагандар да жок эмес.

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Эмил Токтошев бул мыйзамды Кызыл-Омпол кени менен байланыштырды:

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

“Негизинен билесиздер да, кеп эмне жөнүндө болуп жатат? Бул Кызыл-Омпол жөнүндө болуп жатат. Президент да, Министрлер кабинетинин төрагасы да “биз мыйзам алып келебиз, баарын мыйзам чегинде кылабыз” дешкен. Эми мыйзам менен жол ачылды. Азыр өкмөттө кендерди каалагандай иштеткенге, биосфералык аймактарды ачканга мыйзам менен өздөрүнө жол ачып алышты. Бул жерде толук жоопкерчиликти Министрлер кабинети алып жатат. Бирок ага карабастан, ошондой иштер башталганда, биз, коомчулук, экологдор, экоактивисттер көз салып, айтып турушубуз керек. Парламентти көрдүңүздөр да, эгерде Министрлер кабинетинен мыйзам түшсө, толук колдоп берет. Буга коомчулук гана баа бере алат”.

Президент Садыр Жапаров быйыл 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан:

“Жергиликтүү бюджет дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салыктар түшөт. Пайдасы 100% биздин Кыргызстанга калат. Азыр Кумтөрдү кандай иштетип жаткан болсок, Кызыл-Омполду да ошондой 100% өзүбүз иштетебиз. Биз азыр Жогорку Кеңешке 2019-жылы кабыл алынган мыйзамды жокко чыгаруу боюнча мыйзамды киргизебиз”, - деген президент.

Президенттин Тоң жана Кочкор районунун тургундары менен 19-февралдагы жолугушуусу:

2019-жылы Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө каршы нааразылык чыккан. Экологдор уран казуу жаратылышка эбегейсиз зыянын тийгизерин эскерткен. 2019-жылы уран жана торий кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги быйыл февралда Кыргызстанда кайрадан уран кенин казууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Экология кантет?

Ал арада коомчулук, айрыкча экологдор бул мыйзам өлкөдөгү жаратылыш коруктарынын кыскарышына алып келерин, мунун кесепети оңой болбой турганын эскертип, коңгуроо кагууда.

Ысык-Көл облусунун экс-губернатору, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “бардык аракеттер бийликтин приоритеттерине байланыштуу экенин айтты:

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

“Биз биоартүрдүүлүктү жана айлана-чөйрөнү сактап калгыбыз келеби же тоо-кен тармагын өнүктүргүбүз келеби? Бул маселеде принципиалдуу түрдө тандоо жасашыбыз керек. Дүйнөлүк практиканы карай турган болсок, кандай гана баалуу нерсе болбосун, өзгөчө коруктагы биосфералык аймактарды казууга, кен иштетүүгө тыюу салынат. Атүгүл биосфералык аймактын чордонунда басып жүрүүгө да болбойт. Шамал кулаткан же чириген дарак жатса, ага да тийгенге болбойт. Мындай жерлерде бир гана илимий байкоолорго уруксат берилген”.

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин экология жана климатология факультетинин ага окутуучусу Бактияр Асанов биосфералык аймактарда кен иштетүү кыска мөөнөттө натыйжалуу болгону менен келечеги бүдөмүк дейт:

Бактияр Асанов
Бактияр Асанов

“Чалгындоо жана башка иштер биосфералык аймактын жоголушуна алып келет. Азырынча кыска убакытта пайда алып келиши мүмкүн. Бирок узак убакытка карасак, анын калдыгын ким тазалайт? Ким рекультивация кылат? Зыяны канча жылдарга калат? Муну эсептеген киши жок. “Экосистемалык кызмат” деген сөз бар. Жаратылыш боюнча сакталып калган нерсе биз казып алган акчадан кымбатыраак турарын эч ким эсептеген жок".

“Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдын азыркы редакциясында бул аймактарга өзгөчө корголуучу жаратылыш жайлары, флоранын жана фаунанын ар түрдүүлүгү, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөрү, жаратылыш жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси, туристтик, курорттук-рекреациялык комплекси жана башка жайларды камтыган зоналар кирет.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Мындан сырткары өлкөдө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу, 13 мамлекеттик жаратылыш паркы жана 63 убактылуу коругу (заказник) бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG