Орус президенти Владимир Путин Александр Дарчиевди Орусиянын АКШдагы жаңы элчиси кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.
РБК басылмасы Дарчиев ишин Вашингтондогу Америка мамлекеттеринин уюмундагы туруктуу байкоочу кызматы менен чогуу алып барарын жазды.
Александр Дарчиев АКШ жана Канада институтунун мурдагы кызматкери. Ал 1992-жылдан бери дипломатиялык кызматта, анын ичинде Орусиянын АКШдагы элчилигинде түрдүү кызматта иштеген. 2014-2021-жылдары Орусиянын Канададагы элчиси болгон.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин Москва менен Вашингтондун ортосунда сүйлөшүүлөр кайра жанданып, тараптар башка маселелер менен катар элчиликтердин ишин калыбына келтирүүнү талкуулай башташкан. Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Орусиянын АКШдагы жаңы элчисин дайындоо макулдашылган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул кызматка 64 жаштагы Дарчиевдин талапкерлиги жактырылганын билдирди.
2017-2024-жылдары Анатолий Антонов Орусиянын АКШдагы элчиси болгон. Былтыр күздөн бери бул кызмат бош турган. (AiA)
Шерине