Украинанын Куралдуу күчтөрү фронтто кырдаал курчуганын, украин аскерлери айрым конуштардан артка чегингенин билдирди. Соңку суткада 131 жерде кагылышуу болду. Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо өттү. Анын экөөндө добуш бергендер 20% жеткен жок. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров өзүн айыптуу деп тапкан райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна даттанарын айтты. Ал 26-апрелде тергөө абагынан чыгып, ошол эле күнү мандаты алынган.
Экономика
дүйшөмбү 29 Апрель 2024
Орус армиясы Донецк облусунда Новобахмутовка деген айылды өз көзөмөлүнө алганы кабарланды. Биринчи күнгө караган түнү Донецк, Харьков, Сумы жана Запорожье облустарына жасалган минометтук чабуулдардан кеминде жети киши жараат алганы кабарланды.