Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Кремль Макрондун билдирүүсүн кескин сындады


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон

Кремль Франциянын президенти Эммануэл Макрондун шаршемби күнкү кайрылуусун кескин сынга алды. Макрон анда Орусияны Европа үчүн "коркунуч" деп атап, Франция Евробиримдиктин башка өлкөлөрүн өзүнүн “өзөктүк кол чатырынын” астына аларын четке каккан эмес.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Макрондун сөзүнөн кийин Франция тынчтыкты ойлобой, Украинада “согуштун уланышын каалап” жаткандай сезим жаралганын, анын кайрылуусу "өтө тирешүү" маанайында болгонун билдирди.

Бейшемби күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТОнун аскер күчтөрүн Украинага жайгаштыруу демилгесин четке какты. Анын айтымында, бул алардын расмий түрдө чыр-чатакка катышуусун түшүндүрөт жана Орусия бул жерде компромисске жол бербейт.

Лавров ошондой эле француз президенти “Орусияга каршы өзөктүк куралды колдонууга даярданып жатканын” айтты. Бирок Макрондун кайрылуусунда бул тууралуу түз сөз болгон эмес.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Франция Германияда өзөктүк куралды алып жүрүүгө жөндөмдүү бир нече истребителди жайгаштырууга даяр экенин жазышкан.

Макрон 5-марттагы кайрылуусунда Франция менен Британиянын “өзөктүк кол чатырын” Германияга жайылтууну жактаган, Германиянын кийинки канцлери болот деп күтүлүп жаткан Фридрих Мерцтин сөздөрүнө токтолду.

Ошол эле учурда ал өзөктүк куралды колдонуу чечимин бир гана француз президенти кабыл аларын баса белгиледи.

Макрон Орусия Украина үчүн эле эмес, Евробиримдик өлкөлөрүнө да коркунуч туудурганын жана ал армиясын күчтөндүрүүнү улантып жатканын айтты. Ал ошондой эле Орусиянын согуштук аракеттери Украина менен чектелбеши мүмкүн экенин баса белгиледи.

Макрон Орусиянын бир катар өлкөлөрдөгү шайлоолорго кийлигишүүсүн, киберчабуулдарды белгилеп, Орусиянын агрессиясы “муну менен чектелбей турганынын” мисалы катары атады.

Францияда 300гө жакын өзөктүк дүрмөт бар. Анын өзөктүк куралынын негизги алып жүрүүчүлөрү суу астында жүрүүчү кайыктар. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG