Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:02

Кыргызстанда насыя алгандар 10% көбөйдү


Эл алган насыянын суммасын көрсөткөн сүрөт.
Эл алган насыянын суммасын көрсөткөн сүрөт.

Кыргызстанда 2023-жылы 740 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан 51 млрд сом насыя алды. Улуттук статистика комитети 2022-жылга салыштырмалуу насыя алгандар 10%, ал эми берилген насыянын суммасы 29,5% көбөйгөнүн билдирди.

Насыя алгандардын көбү Бишкек шаарында (10 млрд сом) жана Ош (8,5 млрд сом), Чүй (8,2 млрд сом), Жалал-Абад облустарында (7,8 млрд сом).

Насыянын 48% турмуштук керектөөгө, 23% жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12% соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5,5% курулушка алынган.

Өлкөдө жакырчылык менен үй-бүлөлүк кирешенин азайышы жарандарды насыя алууга түрткөн факторлордун бири катары аталып келет.

Президент Садыр Жапаров былтыр 3-ноябрда Бишкекте “Жакырчылык жана теңсиздик” деп аталган улуттук форумдагы видеокайрылуусунда элди жакырчылыктан чыгарууга өкмөт аракет кылып жатканын, эл аралык коомчулуктун да колдоосу маанилүү экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG