Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Шольц: Украинанын коопсуздугун бекемдөөгө басым жасалат


Олаф Шольц. (Архивдик сүрөт).
Олаф Шольц. (Архивдик сүрөт).

Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц Брюсселде Европа лидерлеринин кезексиз саммитинин алдында билдирди. Шольц саммитте Украинанын коопсуздугун чыңдоо тууралуу талкууга басым болорун кошумчалады:

"Украинадагы коопсуздук чараларын жана тынчтыкты тышкы оюнчулар күч менен таңуулай албайт. Биз бул концепцияны карманабыз",- деди Шольц.

Мунун алдында Польшанын премьер-министри Дональд Туск: "Европа Орусиядан күчтүү жана аны кандай гана жаңжал болбосун жеңүүгө жөндөмдүү", - деп билдирди.

6-мартта Брюсселде Европа лидерлеринин кезексиз саммити башталды.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Европанын коопсуздугу Украинанын коопсуздугунан ажырагыс экенин белгиледи. Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа өзүн коргоп, тынчтыкка умтулушу керектигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында европалык лидерлер коргонуу чыгымдарын көбөйтүү жана Украинага мындан аркы колдоону макулдашары күтүлүүдө. Ошондой эле Орусиянын камактагы 180 миллиард евродон ашык активин Украинанын тынчтыгынын кепилдиги катары колдонуу маселеси талкууланары айтылган.

Ошол эле учурда, Reuters агенттиги орусиячыл саясатчылардын бири саналган Венгрия өкмөтүнүн башчысы Виктор Орбан Киевди колдоо боюнча вето коюшу мүмкүн экенин жазды.

Саммит Украина боюнча АКШнын саясаты өзгөргөн учурда өтүп жатат.

4-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте туруп Зеленскийден кат алганын жана анда украин лидери сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын билдиргенин айткан. Мунун алдында АКШ Украинага аскердик колдоосун убактылуу токтотконун жарыялаган.

Украин президенти Владимин Зеленский 28-февралда Ак үйдөн талаш-тартыштан кийин чыгып кеткен жана эки лидер Украинанын стратегиялык кен байлыктарына байланыштуу келишимге кол коюшкан эмес. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG