Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

6-март: Достуктун эли Чет-Булакка көчөт, Трамп ХАМАСка туткундарды тез арада бошотууну эскертти


Баткен районундагы Достук айылынын тургундары менен жолугушуу учуру.
Баткен районундагы Достук айылынын тургундары менен жолугушуу учуру.

6-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Достук айылынын тургундары Чет-Булакка көчөт

Баткен районундагы Достук айылынын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак чөлкөмүнө көчүрүү чечими кабыл алынды. Чет-Булак Баткен шаарынын четинде жайгашкан. Көчүп барган ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер бөлүнүп, мамлекет бардык шарты бар үй куруп берет. Жалпы 71 үй курулат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан. Депутат Султанбай Айжигитов парламенттин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Президент Садыр Жапаров муну четке кагып, Кыргызстан менен Тажикстан кызыкчылыктарды эске алуу менен чек араны түбөлүккө чечип жатканын айтты.

Бишкекте бир кызды зордуктоого шектелгендер камалды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 1-марттагы токтому менен кыз зордуктоого шектелген беш адам 28-апрелге чейин камакка алынды. Маалыматка караганда, шектүүлөрдү камоо өтүнүчүн сотко Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү берген. Жабырлануучу 28-февралга караган түнү борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам аны белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, беш адам – 25 жаштагы үч жана 24 жаштагы эки адам кармалган.

Адвокаттын өлүмү иликтенүүдө

Бишкекте 5-мартка караган түндө саат 03:50 чамасында милициянын 102 кызматына шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынан боюн таштаган аял каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн. Свердлов райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, маркум 58 жаштагы аял экенин аныктаган. Ушул тапта тиешелүү экспертизалар дайындалды. Айрым маалымат каражаттары 5-кабаттан бой таштап каза болгон аял адвокат Зафира Барузова экенин жазышты. Ал 2022-жылы Бишкекке Казакстандан келип кармалган казакстандык активисттердин укугун коргоп жүргөн.

Судьялар кеңешинин жаңы курамы шайланды

5-мартта судьялардын XIII курултайында Соттор кеңешинин 15 мүчөдөн турган жаңы курамы үч жылдык мөөнөткө шайланды. Андан тышкары 26 сот Судьялар кеңешинин резервдик тизмесине шайланды. Соттор кеңеши Кыргызстанда судьялардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган иштерди алып барат. Соттордун бюджетинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт. Ошондой эле иштеп жаткан жана мурдагы сотторду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелерин карап, президентке судьяны кызматтан алуу сунушун киргизет.

Кривой Рогдо Орусиянын чабуулунан төрт киши мүрт кетти, ондогон адам жараат алды

Орусия 5-марттын кечинде Украинанын Кривой Рог шаарына урган ракеталык соккудан, баштапкы маалымат боюнча, эки адам мүрт кетип, 29 киши жарадар болгону кабарланган. Ракета тийген имараттан өрт чыккан. Калаанын коргонуу кеңешинин башчысы Александр Вилкул жараат алгандардын арасында балдар бар экенин, 20 адамдын абалы оор деп бааланып жатканын билдирди. Ракета “Центральный” деп аталган мейманкананын имаратына тийип, ал катуу жабыркаган. Куткаруу иштери улантылып жатат. Харьковдо дрон көп кабаттуу үйгө тийип, эки киши жабыркаган. Орусия Украинага согуш ачканына быйыл 24-февралда туура үч жыл болду

Трамп ХАМАС радикал тобу барымтадагыларды тез арада бошотпосо аны "жок кыларын" айтты

АКШ президенти Дональд Трамп эгер АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу барымтадагы израилдиктерди тез арада бошотуп, каза болгондордун сөөгүн өткөрүп бербесе уюмду "жок кыларын" эскертти. Truth социалдык түйүнүнө ал Израилге "ишти аягына чыгаруу" үчүн керектүү нерсенин баарын жөнөтүп жатканын жазды. "Мен айткандай кылмайынча ХАМАСтын бир дагы мүчөсү коркунучсуз болбойт”, - деп белгиледи. Трамп Газанын тургундарына кайрылып, эгер алар эч кимди барымтада кармабаса "жаркын келечек" болорун убада кылды. "Эгер уланта берсеңер, анда силер өлүксүңөр. Акылыңарга келгиле", - деп жазды ал. Маалымат каражаттары ХАМАСтын колунда болжол менен 24 киши жана каза болгон 39 израилдиктин сөөгү бардыгын жазды.

Түштүк Кореяда аскердик машыгуу учурундагы кырсыктан кеминде 15 киши жабыркады

"Франс-Пресс" маалымат агенттиги өлкөнүн армиясынын билдиргенине таянып, аскердик учактардын бири машыгуу учурунда жарандык объектиге кокусунан сегиз авиабомба таштап алганын кабарлады. "MK-82 аталышындагы сегиз бомба күтүлбөгөн жерден аба күчтөрүнө таандык KF-16 учагынан белгиленген полигондун сыртына түштү", - деп маалымдады Түштүк Кореянын аскердик-аба күчтөрүнө таянып Би-Би-Синин орус кызматы. Такталган маалыматтарга караганда, авиабомбалар турак жайдын жанындагы жолго түшкөн. Жабыркагандар ооруканага жаткырылып, кеминде эки адамдын абалы оор деп бааланууда. Алардын арасында чет элдиктер жана аскер кызматкерлери бар.

АКШда "Ислам мамлекети" террордук тобуна кирген "Вилаят Хорасандын" мүчөсүнө каршы сот иштерин баштады

Маалыматка караганда, "Жафар" лакап аты менен белгилүү болгон шектүүнүн аты-жөнү Мохаммад Шарифулла. Департамент билдиргендей, АКШ Мохаммад Шарифуллага 2021-жылы Кабул аэропортундагы 13 америкалык аскер жана кеминде 160 ооган жараны набыт болгон террордук чабуулга катыштыгы бар деп айып такты. Шарифулла Пакистанда кармалып, АКШга экстрадицияланды. ФБРдин директору Кэш Патель кармалган адамдын сүрөтүн X социалдык тармагындагы (мурдагы Twitter) баракчасына жарыялады. Мохаммад Шарифулла 2-мартта ФБРге берген көрсөтмөсүндө Кабулдун аэропортундагы чабуулду даярдоого катышканын мойнуна алган. АКШ бийлиги шектүү Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлго" кол салган "Вилаят Хорасан" тобунун мүчөлөрү менен байланышта болгонун билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG