Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Бээжиндин өкүлү: Украинадагы урушту жөнгө салууну АКШ менен Орусия гана чечпеши керек


Кытайдын Европадагы атайын өкүлү Лу Шае
Кытайдын Европадагы атайын өкүлү Лу Шае

Кытайдын Европа боюнча атайын чабарманы Лу Шае Украинадагы согушту токтотуу үчүн тынчтык келишиминин шартын Орусия менен АКШ гана аныктабашы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Бээжинде Элдик саясий кеңештин жылдык сессиясында билдиргенин South China Morning Post басылмасы жазды.

Басылма өз сөзүндө Лу Шае тынчтык процесси "бардык тараптардын, анын ичинде европалыктардын тең укуктуу катышуусун" талап кылат деп белгилегенин жазды.

Дипломат "тынчтыкты орнотууга багытталган чечимдер талкууланганда, аларды бир нече адам гана кирген топ үстөмдүк кылбастан, бардык пикирди эске алып, кабыл алуу керек" деп айткан. Ал ошондой эле Дональд Трамптын Европа өлкөлөрүнө болгон мамилесин сындап, "Ак үй үстөмдүк кылуучу жана уятсыз саясат жүргүзүүдө" деп белгиледи.

"Европалык достор бул тууралуу ойлонуп, Трамптын администрациясынын саясатын Кытай өкмөтүнүн дипломатиялык ыкмасы менен салыштырса айырманы көрүшөт. Кытайдын дипломатиялык мамилеси тынчтыкка, достукка жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка басым жасайт", - деп билдирди Лу Шае.

Лу Шае чуулгандуу билдирүүлөрү менен буга чейин да белгилүү. Ал 2023-жылы Кытайдын Франциядагы элчиси маалында француз телеканалына берген маегинде аннексияланган Крымды "башынан эле орус жери" деп атап, аны 1954-жылы КПССтин жетекчиси Никита Хрущёв Украинанын курамына өткөрүп бергенин айткан. Ал ошондой эле СССРдин курамындагы мурдагы мамлекеттер эл аралык укуктан алганда "суверендүү мамлекет макамына ээ эмес" деп, "алардын макамын аныктаган эл аралык келишим жок" деп белгилеген.

1991-жылы Советтер Союзу ыдыраганда анын курамындагы улуттук республикалардын суверендүүлүгүн эл аралык коомчулук тааныганын кытай дипломаты эске алган эмес. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG