6-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа лидерлеринин кезексиз саммитине катышуу үчүн Брюсселге келди.
"Биз жалгыз эмес экенибизге ыраазыбыз, муну сезип жатабыз. Аскердик чыгымдарды жана өндүрүштү көбөйтүү боюнча кабарларды уккан абдан жагат”, - деди Зеленский журналисттерге берген комментарийинде.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Европанын коопсуздугу Украинанын коопсуздугунан ажырагыс экенин белгиледи. Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа өзүн коргоп, туруктуу тынчтыкка умтулушу керектигин билдирди.
Февраль айынын аягында Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта Владимир Зеленскийди 6-мартка белгиленген Украина менен Евробиримдиктин коопсуздук маселелери боюнча Евробиримдиктин кезексиз саммитине чакырган.
Саммит Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча АКШнын саясаты өзгөргөн учурда өтүп жатат.
4-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте туруп Зеленскийден кат алганын жана анда украин лидери сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын билдиргенин айткан. Мунун алдында АКШ Украинага аскердик колдоосун убактылуу токтотконун жарыялаган.
Украин президенти Владимин Зеленский 28-февралда Ак үйдөн талаш-тартыштан кийин чыгып кеткен жана эки лидер Украинанын стратегиялык кен байлыктарына байланыштуу келишимге кол коюшкан эмес. (AiA)
Шерине