2025-жылдын башынан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда беш жолу бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасалды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда акысыз бөйрөк алмаштырууга кезек күткөндөрдүн тизмесинде 128 бейтап бар.
Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж бейтап менен анын донорун операцияга даярдоо жашаган жериндеги нефролог-дарыгер менен чогуу бекитилген медициналык мекемеде мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында жүргүзүлөт. Айрым учурларда жашаган жериндеги менчик лабораторияларда жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул этап бейтаптардын жеке каржылоосу менен болот.
2024-жылы бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз 22 операция жасалган. Буга мамлекеттик бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөн.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда туугандар донор болуп, трансплантациялоо жасалат, донорлор көбүнчө 30 жаштан 40 жашка чейинкилер.
Бөйрөк алмаштыруу операциясы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кыргызстандык хирургдардын аракети менен 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Андан бери жалпы 70ке чукул операция жасалып, анын 22си 2024-жылы болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда гемодиализ алган 1969 бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 2,5 миллиард сомго жакын каражат каралат. (ZKo)
Шерине