Азаттык Азия (Azattyq Asia) – "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча орус тилдүү бөлүмү.
Кыргызстан атомдук электростанция куруу боюнча референдум өткөрүшү мүмкүнбү? Орусиянын "Росатом" корпорациясы менен кызматташтык кандай уланууда? Москва Бишкекке кандай шарттарды сунуштайт жана ага энергетика жаатындагы адистердин пикири кандай?
Нефтетрейдерлер ассоциациясы Жакынкы Чыгышта абал курчуса, өлкөдө күйүүчү май баасы кескин кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Кыргызстан күйүүчү май сатып алган Орусиянын өзүндө мунай баасы акыркы 13 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти.
Кандай гана смартфон же ноутбук болбосун “бузуп” кирип, андагы каттарды, фото-видеолорду жана башка маалыматтарды алып чыгууга мүмкүнчүлүк берген программалар көп. Алардын арасында UFED деген Израилде чыгарылган аппарат дагы бар.
Өзбекстанда бийлик жаштардын акылы токтоло баштаган куракта гана үй-бүлө куруусуна шарт түзүү аракетин көрүүдө. Борбор Азиянын калк эң жыш жайгашкан өлкөсүндө никеге тургандардын үчтөн бири жашы толо электер. Өкмөт 21 жаштан өткөндө гана үйлөнгөндөргө түрдүү жеңилдиктер берилерин убада кылууда.
Борбор Азияда социалдык тармактар баарлашуу гана эмес, санарип көзөмөл куралы катары да колдонулууда.
Президенттин саламаттыгынан эл кабардар болушу керекпи же анын ден соолугу тууралуу маалымат мамлекеттик сыр катары сакталганы дуруспу?
Балдары жана туугандарынын айтымында, кыргызстандык Земфира Жумадилова 17 жыл бою тозокто күн кечирген. Басынтуу, кол көтөрүү, жаңжал - мунун баары жабык эшик артындагы кадимки үй-бүлөлүк жашоо катары кабылданчу.
Байкоочулар бул көрүнүштү түрдүүчө баалашат: айрымдар муну элге жакын болуу аракети десе, башкалар саясий пиар катары көрүшөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн айда чыгарган буйрукка ылайык, ал өлкөдө туруктуу жашоону же жарандык алууну каалаган чет өлкөлүк эркектер армия менен келишимге кол коюуга же аскерде "кызмат өтөөгө жараксыз" деген тастыктама көрсөтүүгө милдеттүү.
Жакыңкы Чыгыштагы коогалуу аймактардан мекенине кайтып келгендер тынч жашоого кантип көнүп жатышат? Аларды коомго аралашуу жараянында кандай тоскоолдуктар бар жана бул маселе кантип чечилүүдө? Кыргызстан менен Өзбекстандын тажрыйбасын талдайбыз.
Казакстан Каспий куур консорциумунун (КТК) инфраструктурасына урулган дрон соккусуна байланыштуу дипломатиялык нааразылыгын билдирди. Москванын кол салуусунан улам Орусиянын энергетикалык жайларын бутага алып жаткан Киев Астанага жооп берди. Бул окуялар талкууларга жем таштады.
Тажикстандын элетинде бир эксперимент ишке ашууда: айыл жериндеги он чакты түтүнгө орнотулган биореакторлор тамак бышыруу үчүн газ өндүрүп, малдын кыгын зыянсыздандырып эле тим болбостон экологиялык жактан таза түшүм алууга да салым кошууда.
Культ личности правителей в странах Центральной Азии выстраивается годами, но рушится буквально в одночасье. Дифирамбы руководителю замолкают с его смертью — физической или политической — а исполнители од находят новый объект поклонения, наделенный властью.
Алар маркумдун денесинде кыйноодон калган тактар бар экенин айтып жатышат. Акыркы жылдары Германияда жашаган Рахмоновду немис бийлиги Тажикстанга кайтып барууга мажбур кылган. Анын өлүмү кызуу талкууга түштү.
47 жаштагы Өткүр Рахматуллаев 2000-жылы Өзбекстандан АКШга туристтик виза менен үч айга барып, мыйзамсыз калып калган. Ал АКШ армиясында 11 жыл жүрүп, Кабулда да кызмат өтөгөн. АКШ паспортун алган өзбекстандык эми мекенине кайткысы келет. Бирок аны Ташкент кылмыш жоопкерчилигине тартышы мүмкүн.
Сан-Себастяндагы кинофестивалда "Жарашуу" аттуу казак-испан тасмасы көрсөтүлдү. Анда Карагандадагы ГУЛАГда тирүү калган эки испандын тагдыры көрсөтүлгөн.
Сентябрдын башында Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Лола Каримова-Тилляева социалдык тармакка кайрылуу менен чыкты. Лола анда тогуз жыл мурда каза тапкан атасынын өлкө үчүн эмгегин жогору баалаган. Бул кайрылуу чыккандан көп өтпөй эле анын дарегине сын жаады.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясына катышып келгенден кийин тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну жана АКШдагы элчи Ержан Ашикбаевди кызматтан алды. Буга казак делегациясынын Нью-Йоркко сапарынын жыйынтыгы негиз болдубу же башка да себептер барбы?
Касым-Жомарт Токаев 8-сентябрда парламенттин кош палаталарынын биргелешкен жыйынында салтка айлангандай калкка кайрылуу жасап, кеңири коомдук талкуудан кийин референдум өткөрүп, Сенатты жоюп, бир палаталуу парламентке өтүүнү сунуштады. Токаевдин кайрылуусундагы негизги учурларга токтолобуз.
Дагы жүктөңүз