"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Францияда окуучулардын билим берүү шарттарын жакшыртуу талабы өлкө боюнча нааразылык кыймылына айланды. Айрым шаарларда демонстранттар менен полиция кагылышты. Өкмөт октябрдын аягына чейин сунуштарды даярдоону убада кылды.
7-октябрда Газадагы согушту тутанткан кандуу чабуулга үч жыл толду. Израилде 1200дөй адамдын өмүрүн алган чабуулдун курмандыктарын эскеришти. Газада болсо согуштун изи дагы деле өчө элек. Калаалардын бир топ бөлүгү урандыга айланган. Миңдеген үй-бүлө жакындарын жоготкон.
Ютадагы компаниялар Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат. Юта штатынын Сенатынын төрагасы Стюарт Адамс «Азаттыкка» эки тараптын ортосундагы технология жана туризм тармагындагы кызматташтык, ошондой эле эки элди жакындаткан көк бөрү тууралуу айтып берди.
Дубайдан Тел-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат. Жапонияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алтын медал утту.
Дубайдан Тель-Авивге бараткан жүргүнчү учакта экинчи учкуч капитанды бычактап, андан кийин лайнер кескин төмөндөй баштаган. Израил бийлиги экинчи учкуч учакты атайылап кыйратууга аракет кылганын билдирүүдө. Жүргүнчүлөр кабинага кирип, аны токтотуп, учак Сауд Арабиясына конгон.
Мавлян Аскарбековду райондук сот эки жылга абакка кести. Коррупцияга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыккан экс-депутат Шаирбек Ташиевдин мамлекетке канча зыян келтиргени кайрадан такталууда. Бишкекте орусиячыл “Станрадар” порталы Кыргызстандагы улут аралык мамилеге байланыштуу талкуу өткөрдү.
Орус армиясы Украинанын аймактарына абадан сокку урууну улантууда. 29-сентябрга караган түнү Одессада алты киши жараат алды. Дүйшөмбүдө Киевдеги Улуттук илимдер академиясынын имараты бутага алынган. Бул маалда фронттогу абал боюнча да Москва менен Киев карама-каршы маалыматтарды таратууда.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында 700 киши дүркүрөтө аткарган бий жаңы аренаны өзгөчө шаңга бөлөдү. Жастин Бибер, Билли Айлиш, БТС тобу сыяктуу атактуулар менен кызматташып келген америкалык чебер Кеон Мадрид Кыргызстандагы салтанатка кантип аралашып калды? "Азаттык" бийчи кепке тартты.
22-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаты башталды. Садыр Жапаров өз сөзүндө Украина, Иран, Судан жана Газадагы окуяларды атап, дүйнөдөгү согуштар менен гуманитардык кризистер эл аралык процесстердин татаалдашканын көрсөтүп турганын айтты.
Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду. Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар жыш жашаган аймакка барды.
16-сентябрда Сеулда Түштүк Корея-Борбор Азия саммити өттү. Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды
16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты.
Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоого кызматта туруп талапкер катары катыша алабы? Боршайкомдун жообу.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаттары “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылды. АКШ президенти Трамп Украинага жаңы талап койду, Орусиянын дрону Польша менен чек арага жетти. Улуттук банк инфляциянын деңгээли 11% ашканын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленскийди Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго сокку урууну токтотууга чакырды. Анын айтымында, украин дрондорунун чабуулдары Орусияда дизел тартыштыгын жаратып, дүйнөлүк рынокко да зыянын тийгизип жатат.
25 жыл мурда дүйнө адамзат тарыхындагы эң ири террордук чабуулдардын бирине күбө болгон. Дүйнөлүк тартипке таасир эткен апааттан кийин башталган терроризмге каршы согуш миңдеген чакырым алыстагы Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды кандай өзгөрттү?
Бул жолу Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы Таласта белгиленүүдө. 2030-жылга чейинки улуттук программада эмне камтылган? “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков президент Жапаровго кайрылып, сотту ачык өткөрүүнү сурады.
АКШ менен Ирандын ортосундагы алты айдан бери уланып келаткан согуш кайрадан курчуду. Вашингтон Ирандын беш мунай танкерин жок кылганын билдирди. Тегеран буга жооп катары Иорданиядагы америкалык базага жана Ормуз кысыгындагы АКШнын он кемесине чабуул койгонун жарыялады.
Садыр Жапаров жалган маалымат таратып, элди адаштыргандарга катуу чара көрүлөрүн дагы бир жолу эскертти. АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайра курчуду. Билим берүүнүн абалы кандай? Кыргызстан PISA-2025 эл аралык сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80-сапка чыкты.
АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайрадан курчуду. Вашингтон Ирандын беш мунай танкерин бутага алганын билдирди. Тегеран буга жооп катары Иорданиядагы америкалык базага ракета менен сокку уруп, Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган он кемеге чабуул койгонун жарыялады.
Дагы жүктөңүз