"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Жогорку Кеңеште депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун сынына жооп берип, элдин үнүн жеткирип жатканын, "бул үчүн эч кимден уруксат сурабай турганын" айтты.
Кремлдин таасирдүү пропагандисти деп таанылган Владимир Соловьёв согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атады. Чөлкөмдүн мамлекеттеринин бийликтери азырынча Соловьевдун сөзүнө расмий комментарий берише элек. Бирок коомдук талкуулар жүрүүдө.
Мурдагы депутат Аккулу Бердиев үй-бүлөлүк зомбулукка жана алдамчылыкка айыпталып кармалды. Анын аялы көп жылдардан бери зомбулукка кабылып келгенин, күйөөсү көп аял алганын айтып, бийликке кайрылган эле.
Алдамчылык фактысына жана зомбулукка байланыштуу кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев эки айга камалды. ИИМ 2022-жылы ал алдоо жолу менен акча алып, жеке максаттарына жумшаганын билдирген. Ага чейин анын жубайымын деген аял зомбулукка кабылганын айтып, бийликке кайрылган.
2025-жыл чет өлкөдө эмгектенген мигранттар үчүн оор жылдардын бири болуп калды. Айрыкча Орусия, Кошмо Штаттарда миграциялык жаңы эреже-талаптар катаалдашып, утур-тетир текшерүүлөр көптөгөн мигранттарды түйшүккө салды.
11 жылга соттолгон уулу бир апта мурда Украинадагы согушка барууга өзү макулдугун берип, машыгуу лагеринде жүргөнүн билдирген экен. Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда да чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга аралашкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Орусияда абакта отурган уулун бир апта мурда Украинадагы согушка алып кетишкенин айткан кыргызстандык аял "Азатыкка" кайрылды. Ал 18-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине арыз тапшырып, 19 жаштагы уулун артка кайтырууга жардам сурады.
Украинадагы согушка ар кандай жагдайда азгырылган борборазиялыктар арасында дайынсыздын саны өсүп жатканы маалым болду. "Медиазона" басылмасы 2025-жылы эле Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлерди "дайынсыз жоголду" же "өлдү" деп табуу боюнча сотко 90 миңдей арыз жолдогонун жазды.
Укук коргоочулар эмне себептен артка кайтарылганы тууралуу расмий комментарий бериле элек. “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму муну жарандардын ээн-эркин кыймылын чектөө, укук коргоочулардын укугунун бузулушу катары сыпаттап, тынчсыздануусун билдирди.
Дүйнөдө аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканы БУУнун соңку баяндамасында айтылды. Анда өткөн жылы дүйнөдө 83 миң аял киши колдуу болгону, анын 60 пайызга чукулу жакындарынын колунан ажал тапканы көрсөтүлгөн. Өз үй, өлөң төшөгү кыз-келиндер үчүн эң кооптуу жай болуп калганы белгиленеген.
Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодон кийинки арыз-даттануулар териштирилүүдө. Президенттик администрация бир топ мыйзам бузуу болгонун билдирди, алган добушу же аймактык комиссиянын чечими күмөн санатып жаткан талапкерлер акыйкаттыкты талап кылууда.
Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн 2-декабрда билдирди. Мекеме мыйзам долбоорунда Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталганын түшүндүрдү.
Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн 2-декабрда билдирди.
Буга чейин орус бийлиги башка дагы бир катар платформаларды бөгөттөгөн. Бул жагдай борбор азиялык мигранттардын баарына маселе жаратууда. Тажикстан буга альернатива катары өзүнүн алгачкы улуттук ORIZ мессенжерин сунуштады.
Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусу 26-ноябрда "Ынтымак Ордодо" өттү.
Акыркы жылдары катаал мамиледен жана согуштан улам Орусиядан миңдеген кыргыз мигранттары чыгып кетти. Бул маселе кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда көтөрүлүп, каралышы керек дешет серепчилер.
Киевдин мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Украинадагы согушта орусиялык күчтөрдүн тарабында cогушуп жүрүп каза болгон теги кыргызстандык делген 143 кишинин тизмесин жарыялады. Кыргызстандын расмий органдары бул тизме боюнча комментарий бере элек.
Жаңы окуу жылы башталганына эки ай өтсө дагы Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанууда. Мектепке кире албай калган мигранттардын балдары үчүн быйыл Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби ачылган, анда 900гө жакын бала билим алууда.
Дагы жүктөңүз