Жоон топ аткаминерди кызматтан алууга Ташкенттеги ок атуу себеп болдубу?
Өзбекстанда коопсуздук кызматынын жетекчиси баштаган бир катар чиновниктер кызматтан алынып, ордуна башкалар дайындалды. Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, президенттин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Бул окуялар сентябрдагы ок атууга байланыштуубу?
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовду 23-ноябрда өкмөттүн жыйынында кызматтан алды.
Мындай чечимге эмне себеп болгону расмий кабарланган жок.
Чечимге президенттик администрациянын мурдагы башчысы Комил Алламжановго кол салуу түрткү бергени айтылууда. Бир күн мурда Ички иштер министрлигинин, өкмөттүн, Коопсуздук кызматынын бир катар жетекчилери кызматынан алынган.
"Озодлик" өз булактарына таянуу менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, президенттин карачечекей күйөө баласы Отабек Умаров 23-ноябрда Өзбекстандан чыгып кеткенин кабарлады. Умаров - Мирзиёевдин кенже кызы Шахнозанын күйөөсү. Ал качып кеттиби же жокпу, кайсы өлкөгө жана кандай максатта кетти, качан келет, азырынча белгисиз.
Азизовдун ордуна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп Баходир Курбанов дайындалганы кабарланды. Ал 2019-жылдын февралынан бери өлкөнүн коргоо министринин орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жаңы чакырылыштагы депутаттардын макулдугу жана президенттин буйругу менен бейшембиде дайындалган.
Курбановдун дайындалганы расмий жарыялана элек.
Быйыл 26-октябрга караган түндө Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. “Озодлик” өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Комил Алламжанов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.
Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген себеп менен бир нече киши кармалганы кабарланган.
Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип жатканын, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.
Дунгандар: Улуу Жибек жолу телчиктирген мусулман эл
Көп этностуу эгемен Кыргызстандагы дунгандар мээнеткеч дыйкан калк катары жамы журтка дурус маалым. Дунгандар кыргыздар жана башка түрк калктары менен орто кылымдардан бери тыгыз этностук-маданий алакаларын өөрчүтүп келишет. Тарыхчынын блогу.
Бала чактагы мен билген дунгандар
Нарын жергесиндеги бала чагымда туш болгон алатоолук чакан этностордун бири – дунгандар эле. Алар Нарын шаарындагы базарды жашылча-жемиш менен үзбөй камсыз кылып турушчу. Ал түгүл 1960–70-жылдарда нарындык кыргыздар минтип мактанып айтышаар эле: “Биздин дунган коңшубуз бакчасында жашылча түрлөрүн, пыяз, сабиз, чемичке түгүл, алмадан бери өстүрөт!”
(Албетте, ал кезде “Эмнеге өзүң деле аларды өстүрбөйсөң?” деген суроо деле берилчү эмес. Кийинчерээк, 1980–90-жылдардан тартып, жергиликтүү кыргыздардын арасында да нечендеген багбандар чыгышты).
Нарындык дунгандар кыргыз жана орус тилдерин жакшы билишет. Адатта, алар өз балдарын Чкалов атындагы орус мектебине же башка мектептердин орус класстарына беришчү. (Кыргыздардын аткаминерлери деле ошентишчү эмес беле).
Жалпы калайык ичинде өзгөчө кеңири таркалган түшүнүк – бул дунгандардын эмгекчилдиги эле.
Дунгандар – Кытайда орто кылымдарда калыптанган улут. Алардын тили – дээрлик кытайча (ханзуча), дини – ислам. Бул элдин өздүк аталышы (эндоэтноними) – хүйзу (خُوِزُو; иероглиф менен 回族 деп жазылат).
Мурдагы Советтер Биримдигинде бул элге карата “дунган” деген этностук аталыш колдонулуп калган.
Азыркы Кытай Эл Республикасында (КЭР) 14 миллиондой дунган байырлайт, дешет.
КЭРдин бийликтери дунгандарды өзүнчө этнос катары карабастан, бул өлкөдөгү көн сандуу улуттун – ханзулардын (б.а. кытайлардын) ичиндеги кытай тилинде сүйлөгөн, бирок дини ислам болгон топ катары белгилешет.
Орто кылымдарда Кытайдагы Юан (1271–1368) жана Миң (1368–1644) сулалелери маалында кытайлык хан сарайдын аткаминерлери жалпы эле мусулман, несториан христиан жана йахудий (жөөт) диндерин туткан чет өлкөлүктөрдү “хүй” (Hui) деп атап коюшчу.
Италиялык саякатчы, дин таркатуучу, окумуштуу жана котормочу Маттео Риччи (Matteo Ricci; ханзуча Ли Ма-доу; 1552–1610) дагы “хүй” термини Жакынкы Чыгыштан келген үч (ислам, тарса жана йахудий) диндеги чет өлкөлүктөрдү жалпылап атап чагылдыргандыгы жөнүндө эскерген.
Кийинчерээк бул сырттан берилген элдик аталыш (экзоэтноним) менен ханзуча сүйлөгөн жана ислам динин туткан жергиликтүү этностук топ да аталып калды.
Дунгандарды башка да этнонимдер менен дагы аташчу экен. Алардын чоо-жайына токтолуп отурбайлык.
Айтор, 1954-жылы КЭРдин өкмөтү дунгандарды өлкөдөгү ислам динин туткан башка элдерден айырмалап, “хүй” (Hui) этностук тобу катары расмий каттаган. Англисче адабиятта кээде аларды “сино-мусулмандар” (Sino-Muslims) жана “ханзу мусулмандар” (Han Muslims) деп да атап келишет.
XXI кылымдын башындагы генетикалык иликтөөлөргө караганда, КЭРдеги дунгандардын генинде Евразиянын батышынан келгендердин 6,7 гана пайыз катышы бар экен. Демек, алардын генинин 97,3 пайызы Борбордук, Ички жана Чыгыш Азиянын калктарыныкына окшош болуп чыкты.
Элдик жоромолдор боюнча, Улуу Жибек жолу менен келген арап жана парсы мусулман элдеринин өкүлдөрү дунган элинин калыптанышына зор салым кошкон, делет. Бирок бул – илимий эмес жоромол.
Чын-чынында, маркум профессор Мухаммед Сушанло (Бишкек), көзү тирүү профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа (Бээжин), этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Али Алиевич Жйөн (анын тегаты орусча “Джон” деп жазылат) сыяктуу белгилүү дунган таануучулар белгилешкендей, дунган элинин келип чыгышына ислам динин кабыл алган ханзулардан (кытайлардан) тышкары бир катар мусулман чыгыш түрк элдери (анын ичинде уйгурлар, саларлар, кыргыздар, сары уйгурлар, ж.б.), ошондой эле айрым кытаң (кидан), монгол жана тунгус-манжур тектүү чыгыш элдеринин өкүлдөрү да катышкан.
Мында монгол тектүүлөр бекеринен айтылбады.
Азыркы Монголиядагы Увс-Нор (Убсунур) көлүнүн түштүгүндө Убсунур аймагында байырлап жаткан хотон эли – монгол тилдүү мусулман этнос. Алардын этностук калыптанышына да кыргыздар жана башка чыгыш мусулман түрк элдери салым кошкон. Алар өздөрүнүн түркчө хотон тилин дээрлик унутуп калышкан.
Кытайдын түндүк-батышында болсо ханзуча “дунсян” (Dongxiang) деп аталган жана өзүн “сарта” (“сарт”) же “санта” атаган монгол тилдүү чакан этнос байырлайт. Дунсян элинин саны – болжол менен 775 миңдей киши. “Дунсян” сөзү ханзу тилинен “Линся шаарынын чыгышындагылар” деп которулат. Гансу өрөөнүндөгү бул элдин дини – ислам дини болуп саналат.
Кыргыз улутунун баатырдык эпосу “Манаста” башкы кейипкерлердин бири катары саналган Алмамбеттин теги – кытай эмеспи. Ал хан Манастын ишенимдүү досу жана жөкөрү болуу үчүн ислам динин кабыл алат.
Кайсы бир деңгээлде бул эпостук окуя дунган элинин дагы этностук калыптануу тарыхынын көркөм чагылдырылышы катары салыштырылып каралышы мүмкүн.
XIX кылымдын экинчи жарымындагы дунган көтөрүлүштөрү жана ички дунган Үркүнү
Кытайда өкүм сүргөн Цин-манжур сулалесинин падышасы Туңжы (Тунчжи; Tongzhi; 1856–1875) тактыда отурган жылдары (1861–1875) бул өлкөдөгү дунгандар байырлаган Шэнси, Гансу жана Нинся сыяктуу бир катар аймактарда ири улуттук-боштондук көтөрүлүштөр орун алган. Өлкөнү Туңжы падышанын бала чагында, 1873-жылга чейин, анын энеси, жесир каныша Цыси (1835–1908) бийлеп турган. Туңжы өзү бир гана жыл өз алдынча башкарып, 18 жашында кайтыш болгон.
Бирок 1862–1877-жж. дунган көтөрүлүштөрү Кытай тарыхында “Туңжы бийлеген замандагы мусулман (хүй) согушу” деп жалпы аталып калган.
Шэнси аймагында 1862–63-жылдардагы көтөрүлүш исламдык “ыйык казат” урааны менен да жүргөн. Ошол жылдары бул аймакта диний мазмундагы өз ара кыргын да орун алып, өз жанынан корккон айрым шэнсилик ханзулар ислам динине убактылуу өткөнү да айтылат.
Оболу 1864–69-жылдары шэнсилик көтөрүлүшчү дунгандар тобу Гансу аймагына (азыркы Нинся-Хүй автоном району менен түндүк Цинхай аймактарына) үрккөн.
Андан ары Гансудан батышка качып чыгууга аргасыз болгон дунгандар Чыгыш Теңир-Тоого жана Тарим ойдуңуна чейин келишкен.
Келгин дунгандар Чыгыш Түркстандагы цин-манжур баскынчылыгына каршы улуттук боштондук кыймылдарга да жигердүү салым кошкон. Маселен, мындагы жергиликтүү болуп калган дунгандар жана келгин дунгандар 1864-жылы Үрүмчү шаарын ордо кылган Дунган хандыгын негиздешкен. Анын башчысы Лотай-хан көп узабай дунгандардын Үрүмчү султандыгын жарыялаган. Бул мамлекетти уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу бир катар жергиликтүү түрк мусулман калктары да колдошкон.
Кулжа (Иле дарыясынын башы) тарапта 1864–1871-жылдары мусулмандык Таранчы султандыгы (Кулжа же Иле султандыгы) да түзүлгөн. (Анын аймагын падышалык Орусия 1871-жылы июнда убактылуу каратып алып, он жылга жакын бийлеп турган).
Таранчы султандыгындагы көп этностуу калайыктын арасында дунгандар да болгон.
1864-жылы Кашкардагы мусулман калайык цин-манжур өкүмүнө каршы көтөрүлүш баштаган. Алар ошол жылы Кокон хандыгынан келген айтылуу ак-тоолук (чыгыш памирдик) сопулук агымга таандык кожолордун тукуму Бузурук кожо Жааңгир кожо уулун өздөрүнө башчы кылып шайлап алышкан.
Ошол 1864-жылы Кашкардагы кыргыз колбашчы Сыдыкбек шаардагы чин-манжур чебин камалап, бирок ала албай, Кокон хандыгынан аскердик көмөк сураган. Сыдыкбек баатыр Бузурук кожо Жааңгир кожо уулун Кашкардагы тактыга биротоло отургузгусу келген.
Ошол кездеги Кокон хандыгынын лашкер башчысы, кыргыз колбашчы Алымкул жөнөткөн аскерди жетектеген Жакып бек (Мухаммед Йакуб-бек; 1820–1877) бат эле Бузурук кожону четке жылдырып, 1867-жылы бийликти тартып алган жана “Жети шаар” мамлекетин негиздеген. Ал өзүнө “бадөөлөт” деген даража ыйгарып алган.
1870-жылдын соңуна карата Жакып бек Дунган хандыгын (султандыгын) да каратып алган. Дунгандардын хандыгы борбору Кашкар болгон “Жети шаар” мамлекетине көз каранды болуп калган.
Чыгыш Түркстандагы дунгандардын бир катар топтору “Жети шаар” мамлекетин колдоп чыгышкан. Алардын арасында шэнсилик дунгандардын жолбашчысы Мухаммед Айып Бийанху (Мухаммед Аюб Биянху; 1830–1882) да болгон.
Бул жарандык согуш жана улуттук көтөрүлүш маалында уруштардан, ачарчылыктан, жугуштуу оорулардан жана аргасыз журт которуулардан (“үркүндөрдөн”) улам түндүк-батыш Кытайдын жалпы калайыгы 21 миллион кишиге кыскарган, деп жоромол кылынат.
Дунгандардын топторунун Жети-Сууга үркүнү
Цин-манжурдук Кытай бийлиги чет-четинен көтөрүлүш очокторун кандуу басып, Батыш Кытайдагы улам жаңы аймакты ээлей берген.
1873-жылдын соңунда цин-манжур аскерлери Гансу аймагындагы көтөрүлүш очокторун тазалашкан.
1875-жылы цин-манжур колбашчысы Цзо Цзунтан өзүнүн 70 миң жоокери менен Жуңгарияны кайра каратып алган.
Цин-манжур жазалоочу аскерлери 1876-жылы августта Үрүмчү шаарын, ошол жылы октябрда Чыгыш Теңир-Тоодогу Манас шаарын каратып алышкан.
1877-жылы апрелде Цзо Цзунтан аттандырган 180 цин-манжур баталйону Жети шаар мамлекетине капысынан кол салган.
Май айында Жакып бек ууландырылып өлтүрүлгөн соң, анын хандыгы бат эле ыдырап кеткен.
Ошол жылдын декабрына карата бүткүл Кашкар аймагы кайрадан Цин-манжур сулалесине каратылган.
Чыгыш Түркстанда көтөрүлүшчү мусулмандарга каршы аёосуз жазалоолор башталган.
Дал ошол кырдаалда бул аймактагы бир катар этностордун топтору (уйгурлар, ислам дининдеги сарт калмактар жана дунгандар) падышалык Орусиянын ээлигиндеги Жети-Сууга качып чыгууга мажбур болушкан.
Оболу 1877-жылы ноябрда Дасифу баштаган гансулук дунгандар (1166 киши) Бедел ашуусу аркылуу Каракол шаарына келген. Ал эми Мадажын баштаган гансулук жана чыгыш түркстандык дунгандардан турган дагы бир топ (1779 киши) Фергана өрөөнүнө көчө качкан.
Мухаммед Айып Бийанху жетектеген шэнсилик дунгандар тобу (3314 киши) Торугарт ашуусу аркылуу Нарынга өтүп, 1877-жылы 27-декабрда Токмок шаарына келген.
1881-жылы күзүндө Иле (Кулжа) аймагынын оодук бөлүгүн Орусия падышалыгынын бийликтери кайрадан Кытайга өткөргөнгө байланыштуу Иле дарыясынын боюнда жашаган бир катар дунгандар Жети-Сууга көчө баштаган. 1884-ж. 1-июлга чейин бул жактан 4682 дунган Жаркент, Алматы жана Бишкек жакка көчүп келишкен.
Дунган үркүнү маалында далай кишилер жолдо набыт кетишкен.
Кыргыздар, казактар, өзбектер жана башка жергиликтүү элдер ач-жылаңач дуңгандарды жана башка качкындарды жылуу тосуп алышып, аларга тамак-аш жана кийим-кече берип көмөктөшкөн. Жергиликтүү оторчул бийликтер да атайын чара көрүшүп, келгиндер үчүн каражат жана жер-суу тилкелерин бөлүп беришкен.
Ошентип, 1877-жылдан тартып Кыргызстанда дунган диаспорасы калыптанган.
Эгерде Ички Азияда жана Чыгыш Теңир-Тоодо кыргыздар дунгандар менен тээ орто кылымдардан бери карым-катнашта болуп келишсе, ал эми Кыргызстандын аймагында алар соңку 147 жылдан бери ымалашып жашап келишет.
Дини жагынан бирдей болгондуктан, кыргыздар, казактар жана дунгандардын этностор аралык никелери кыйла арбын учурайт.
Биздин ага досубуз, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Али Алиевич Жйөн мырза жакын туугандарынын бири көлдүк кыргыз кызга үйлөнгөнүн айтса, мен бир бир бажамдын эки уулу тең чүйлүк дунган кыздарга үйлөнүшкөнүн айттым.
Кыргыз акыны, котормочусу жана журналисти, “Кыргыз КСРинин Маданиятына эмгек сиңирген кызматкери” наамынын ээси Смар Шимеев (1921–1976) да кыргыздар багып алган, өз теги дунган айдың болчу, дешет.
Айтылуу алатоолук дунган тарыхчысы, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын УИАсынын мүчө-кабарчысы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмер Мухаммед Ясызович Сушанло (20.12.1924 – 22.2.1998) агайыбыздын энеси казак кызы болгон.
(Анын эмгегин караңыз: Сушанло, Мухамед Ясызович. Дунгане: (историко-этнографический очерк). – Фрунзе: Илим, 1971. – 305 б.).
Ал эми бээжиндик профессор, теги дунган Мухаммед Ху Чжэнхуанын заманбап кыргыз таанууга жана манас таанууга кошкон көөнөргүс салымы өзүнчө сөз кылууга арзыйт.
Кыргыздар дунгандардын тамак-аш маданиятын өздөштүрүп, андан ары өнүктүрүштү. Ашлямфу, лагман, мантуу сыяктуу дунган тамак-аштары эми кыргыз даамдарынын бир түрүнө айланды.
Дунгандар болсо кыргыздын бешбармагын, кымыз, жарма, бозо сыяктуу азыктарын өздөштүрүштү.
Кыргызстандык дунган тегиндеги окумуштуулар, синология жана дунган таануу өңүттөрүндөгү эмгектери менен жумуриятыбыздагы чыгыш таануу тармактарын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп жатышат.
Эң башкысы – кыргызстандык дунгандар өлкөбүздүн демократиячыл жүрүмдөрүнө, коомдук-саясий, маданий, спорттук жана илимий турмушуна жана этностор аралык ынтымагына жумуриятыбыздын данакер жарандары катары зор салым кошуп келишет.
Редакциядан.Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.