Казакстан тарыхы жаатында фолк-хисторичил бурмалоолордун жаңы далалаты тууралуу сын-пикир камтылган блог.
Дегиңкиси, коңшу элдердин тарыхын байыркы кылып бурмалоо аракеттери жөнүндө сын пикир жазардан мурда, “өзүбүздө да ушундай далалаттар орун алып жатабы?” деген суроого кайрыла кетели.
Ала-Тоодо фолк-хистори араанын ачууда
Албетте, тарыхтын ордуна жалган тарыхты сунуштаган далалаттарды постсоветтик мейкиндиктеги орус тилдүү жана башка кирил жазмасындагы адабиятта “фолк-хистори” (англисче “pseudohistory”) термини менен белгилешет. Бул багыттагы “тарыхчылар” эч кандай тарыхый фактыларга, археологиялык, жазма жана башка даректерге таянбастан, же ошондой фактыларды айдан ачык бурмалоо жолу менен өздөрүнүн жеке фантазияларын окурмандардын кеңири катмарына таңуулап келишет.
Алар үчүн, маселен, кыргыз тарыхын 7 миң жылдык тарых кылып элестетүү, шумерлер жана башка түрк элдери кыргыздардан таркаган деп саноо, ошондой эле Аттила, Чыңгыз хан, эмир Темир, же ал түгүл Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаевди кыргыз же кыргыздын жээни кылып көрсөтүү – калемдин бир шилтеми менен жүзөгө ашырылчу оңой жумуш эмеспи.
Аларга шыкакчы болгон айрым заманбап калемгерлер “бүт дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү калктарды мындан ары кыргыз тилдүү деп эле атап жүрөлү”, анан калса “(руна сымал) битик жазмасын жалаң эле кыргыздын жазмасы деп өзүбүзгө энчилеп жарыялайлы” дегендей жөө жомокторун ортого салып, жалган тарыхка ыракаттанчу кишилердин кычуусун кандырып жатышат.
Этностук-маданий тарыхты орой бурмалоо үчүн “Манас” эпосуна да кайрылгандар жок эмес.
Алардын бири, маселен, манжур ханынын XVII кылымдын башына таандык чийме сүрөтүн “Эр Манастын Бээжинде жашыруун сакталып келген байыркы сүрөтү” деп да жазып чыкты.
Албетте, азыркы фолк-хистори жаатында фантазиясы кубаттуу кыргыз калемгерлери дүйнөдө жалгыз эмес. Бул блогдо заманбап Казакстандагы тарых бурмалоочу бир гана сунушка учкай токтоло кетмекчибиз.
(Чакан блогубузда “Адам Ата теги боюнча казак болгон” деген жана башка жомокторго кайрылып отурбайбыз).
Казак мамлекетине дээрлик 12 кылым болдубу?
Дегиңкиси, диссертациясын заманбап тарыхка же соңку саясий турмушка байланыштуу жактап алган айрым калемгерлер өз дымагы үчүн көөнө тарыхка сүңгүүгө аргасыз болгон учурлар Казакстанда деле кездешет.
Андай авторлор бир нерсеге кыжаалат: эмне үчүн Казак хандыгынын 550 жылдыгын гана белгиледик? Эмне үчүн ага чейинки казак тарыхын изилдөөдө алигиче “жармачтык кылып” жатабыз? Дал ушул ойлор аларга тынчтык бербей келет.
Албетте, алар таанымал казак чыгыш таануучулары Чокон Валиханов, Болат Көмеков, Алкей Маргулан, Абжан Курышжан уулу, Александр Кадырбаев, Сатай Сыздыков, Меруерт Абусеитова, Тимур Бейсенбиев, Ашырбек Муминов, Зифа-Алуа Ауэзова, Дүкен Масымхан уулу, Жулдыз Тулибаева, Нурлан Кенжеахмет, археологдор Кемел Акишев, Карл Байпаков, Жакен Таймагамбетов жана башка окумуштуулар жазган илимий эмгектерди “жериши” айдан ачык.
Казак чыгыш таануучулары байыркы хун, үйсүн, каңгылар жана башка этностор, орто кылымдардагы түрк, түргөш, карлук, огуз, кыргыз, кыпчактар жана башка этностор түрк элдеринин этностук тарыхына, анын ичинен казактардын тарыхына да башаттык этностор (тарыхый орток бабалар) катары салым кошкондугун таасын белгилешет.
Бирок бул илимий бүтүмгө ичи чыкпагандар да жок эмес тура.
Маселен, жакында Лев Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин (ЕУУ) Заманбап изилдөөлөр институтунун (Астана, Казакстан) деректири, ЕУУнун профессору, саясий илимдердин PhD доктору Мухит-Ардагер Каржаубай уулу Сыдыкназаров мырза сенсациялуу кабар менен чыкты. Анын оюнча, Казак мамлекети дээрлик 12 кылымдык бай тарыхка ээ.
М-А.Сыдыкназаров мырза быйыл бир катар университеттерде жана илимий чордондордо өз табылгасын калайыкка тааныштырды.
Ал, маселен, 2024-жылы 27–28-мартта Орол (Уральск) шаарындагы Батыш Казакстан инновациялык-технологиялык университетинде (казакча “Батыс Қазақстан инновациялық-технологиялық университеті”) жолугушуулар өткөрүп, баяндама да окуду.
Аталган университеттин интернет барагында айтылгандай, М-А.Сыдыкназаров мырза өз иш сапарынын алкагында Батыш Казакстан инновациялык-технологиялык университетинде түзүлгөн “Казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы” аттуу байыркы карталар кабинетинин ачылыш аземине катышып, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер үчүн ачык дарс окуп берди.
28-мартта БКИТУнун “Атамекен” көркөм өнөр борборунда профессор М-А.Сыдыкназаровдун катышуусунда “Казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы – байыркы карталарда” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын да өттү.
Профессор М-А.Сыдыкназаров Казакстандын башка илимий мекемелеринде да Казак мамлекетине дээрлик 12 кылым болгондугу жана орто кылымдардагы Чыгыштагы жана Европадагы тарыхый карталарда “казак” этнониминин чагылдырылышынын тарыхы жөнүндө дарстар окуп келди.
Далил катары кайсы факт көрсөтүлүүдө?
Албетте, орто кылымдардагы Казак мамлекетинин тарыхы дээрлик 12 кылымды ырааттуу камтыгандыгы жөнүндөгү жаңы илимий тыянак биздин замандын IX кылымынан берки Евразиянын чордону менен чыгышындагы саясий тарыхты жаңы булактардын негизинде кайра таразалап чыгуунун гана натыйжасында жасалышы мүмкүн.
Ал эми Мухит-Ардагер Каржаубай уулу Сыдыкназаров мырза – филология илимдериниин кандидаты. Ал 2009-жылы Польшанын Познан шаарындагы Адам Мицкевич университетинде окуусун аяктап, саясий илимдер тармагында докторлук (PhD) диссертациясын коргогон. Ал поляк тилинде эркин сүйлөйт.
Анын мурда иликтеп келген илимий темасы Евробиримдиктин заманбап саясатына арналган жана ал өзүнчө монография да жарыялаган.
(Караңыз: Сыдыкназаров, Мухит-Ардагер Каржаубайулы. Человеческий капитал: политика Европейского Союза в сфере науки и высшего образования как часть общеевропейской стратегии повышения конкурентоспособности [Текст] / М.-А.К.Сыдыкназаров. – Астана: ЕНУ им. Л.Н.Гумилева, 2013. – 236 с).
Мухит-Ардагер Каржаубай уулу Сыдыкназаров мырзага жогорудагы олуттуу тыянакты шардана кылуу үчүн олуттуу булак – бул картографиялык маалымат болуп чыкты.
Атап айтканда, бул жаш казак окумуштуусу орто кылымдардагы арап жазмасындагы кол жазмаларда таасын чагылдырылган тарыхый жактан белгилүү “харлух” (карлук) деген түрк этнонимин “казак” деп оңдоп окууну сунуштады.
Ал арап географы Абу Исхак Ибрахим ибн Мухаммад ал-Истахринин (болжол менен 850-жылы же андан кийин туулган –– 951–952-жылы же андан кийин өлгөн) арапча жазылган "Китаб ал-масалик ва-л-мамалик" (“Жолдор жана мамлекеттер китеби”; 930–933-жж.) аттуу географиялык эмгегиндеги текстке эмес, тиркелген дүйнө картасына гана таянат.
Истахриге таандык дүйнөнүн географиялык картасын учурунда академик В.В.Бартольд, профессор Ахмет Заки Валиди Тоган, кыргыз арабисти, профессор Өмүркул Караев, кыргыз географы Садыбакас Өмүрзаков, казак арабисти, академик Болат Көмеков (Булат Кумеков) жана башка нечендеген аалымдар изилдешкен. Биз дагы кандидаттык (1988) жана доктордук (1998) диссертацияларыбызды жазууда Истахринин чыгармасындагы (анын ичинен картасындагы) маалыматты башка булактарга салыштырып колдонгон элек.
Албетте, Истахриге таандык географиялык картанын эч бир жеринде “казак” деген этноним учурабайт. Эгерде андай этноним учураган болсо, анда, башкасын айтпаганда да, чыгаан чыгыш таануучу, академик Болат Көмеков эчак эле дүйнөлүк деңгээлде той уюштуруп бермек.
Маселенин өзөгү эмнеде?
Жылаңач сенсацияны кубалагандык эмнелерге гана алып келбейт!
Жаш жана таланттуу казак илимпозу, саясат таануучу Мухит-Ардагер Сыдыкназаров өтө оңой “жолго” түшкөн: ал Истахринин дүйнө картасындагы “ал-харлухиййа” (الحرلحية) этнонимин байкаган (мындагы каткалаң “ха” тыбышынын үстүнө бир чекит коюу керек, бирок кол жазманы тез көчүрүү маалында үстүңкү чекит кээде коюлбай же окуганда чекит байкалбай кала берет).
Бул этноним түрк тилдүү башка элдердин аталыштарынын (кимак, кыргыз, тогуз-огуз элдеринин этнонимдеринин) батышыраак тарабында жайгаштырылган.
Айтор, Мухит-Ардагер Сыдыкназаров үчүн жогорудагы Истахринин картасындагы “ал-харлухиййа” (الخرلخية) этнониминдеги чекиттерди өзгөртүү жана ортодогу “лам” тамгасын “алиф” тамгасына алмаштыруу аркылуу бул этнонимди “ал-хазахиййа” (الخزاخية) же “ал-казакиййа” (القزقية) деп сунуштап коюу эле жетиштүү сезилген.
Чынында, кээде орто кылымдардагы жазмаларда арап арибинде чекит же башка айырмалоочу белгилер туура эмес жазылган учурлар кездешет.
Бирок бул жагдай – арап, парсы жана башка мусулман булактарында дурус чагылдырылып калган “харлух” этнонимин таптакыр четке кагуу үчүн жетиштүү эмес.
Бул “харлух” (карлук) термини абдан көп мусулман жазма булактарында кыргыз, кимак, кыпчак, огуз, тогуз-огуз, уйгур, түркмөн, чигил, йагма сыяктуу этнонимдер менен доордош түрк тилдүү элдин аталышы катары ырааттуу эскерилет. Ал эми айрым мусулман парсы жазма булактарында бул этноним “халлух” деген вариантта да учурайт.
Кыпчак, кимак жана казак тарыхы боюнча ири адис, булак таануучу, академик Болат Көмеков гана эмес, башка да казак чыгыш таануучулары, маселен, Карлук мамлекетинин тарыхы боюнча илимий эмгектери бар мээнеткеч тарыхчы, профессор Сатай Сыздыков агайыбыз, арап жазмасындагы булактарды изилдөөчү, профессор Ашырбек Муминов жана башка адистер деле жөнү жок жерден “харлух” этнонимин “казак” этноними катары сунуштоо далалатына шылдыңдоо менен мамиле кылып жатышат ко деп санайм.
Деги, Мухит-Ардагер Сыдыкназаров мырзага мындайча бурмалоонун кандай кажети бар?
Көрсө, ал дал ушул картографиялык бурмалоо аркылуу азыркы “казак” этностук аталышы б.з. 890-жылынан бери катталган деп айтууга далалат кылып жаткан экен.
Баса, Истахри өз эмгегин 890-жылы эмес, болжол менен 930–933-жылдары жазып бүтүргөн. Демек, анын картасы деле ошол жылдарга барып такалат.
Ошондой болсо да “казак” этноними 930-жылдан тартып картографияда катталган деген тыянак чыгарууга да эч болбойт.
Биз окурмандарыбызды Истахринин арапча эмгегинин кыскача көчүрмөсүнүн Нидерланддын Лейден шаарындагы даңазалуу Лейден университетинин (Universiteit Leiden) илимий китепканаларынын бирине таандык нускасындагы дүйнө картасынын чыгышыраак бөлүгүн карап коюуга чакырабыз.
(Караңыз: Абу Исхак Ибрахим ибн Мухаммад ал-Истахринин (850–951) арапча жазылган "Китаб ал-масалик ва-л-мамалик" (“Жолдор жана мамлекеттер китеби”; 930–933-жж.) эмгегинин кыскартылган көчүрмөсүндөгү дүйнө картасы. 3-бет. Лейден университетинин китепканасы).
Мында картанын кыргыз, карлук, кимак, тогуз-огуз сыяктуу түрк этнонимдери катталган бөлүгү чоңойтулуп сунушталды.
Картадагы талаш-тартыштуу этнонимди “карлук” (“ал-харлухиййа”) деп гана окууга мүмкүн. Академик В.В.Бартольдго чейинки айрым изилдөөчүлөр бул терминди жаңылыш түрдө “ал-хазлажиййа” деп да окуган учурлар болгон.
Айтылуу Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”; 1072–1077-жылдары жазылган) деген арапча жазылган китеби Биринчи дүйнөлүк согуш маалында илим чөйрөсүнө киргизилген.
XI кылымдагы бул түркологиялык энциклопедиялык мазмундагы сөздүк тигил же бул түрк этнонимдерин түрк элдери кантип туура айткандыгы жөнүндө тастыктаган мыкты этнологиялык булак болуп калды.
Маселен, “Диванда” кыргыздар “кыркыз” (قرقز) аталышында эскерилген.
Руна сымал битик жазмасындагы эстеликтерде дагы дал ушул "qyrqyz" (𐰴𐰃𐰺𐰴𐰕) деген вариант учурайт эмеспи!
Ал эми карлуктар тууралуу Махмуд Кашгари Барскани мындайча жазат:
“Карлук (قرلق) – көчмөн түрк уруусу; [алар] огуздарга кирбейт, бирок түркмөндөргө тектеш”.
(Караңыз: Махмуд Кашгари Барскани. Дивану... (Кол жазма). – 119 б бет).
Мында каткалаң қ тыбышы таасын берилген. Чынында да түрк элдери бул этнонимди "қарлуқ" деп айтышчу.
Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” эч бир жеринде “казак” (қазақ") деген этноним айтылган эмес. Ал чийген дүйнө картасында да мындай этноним жок. Бул жагдайды “Диванды” орус тилине толук которгон жана терминдер тизмесин да сунуштаган казак чыгыш таануучусу Зифа-Алуа Мурат кызы Ауэзова деле тастыктай алат.
“Диванда”, албетте, бир жерде “қазаш – жакын тууган” деген сөз учурайт. (Караңыз: Махмуд Кашгари Барскани. Дивану... (Кол жазма). – 93а).
Албетте, “Дивандагы” кыпчактарды азыркы казактардын негизги бабаларынын бири катары ишенимдүү айта алабыз.
Ал эми Истахринин географиялык эмгегинин текстинде тарыхый Түркстанды (анын ичинен азыркы Казакстан менен Кыргызстанды да) жердеген карлуктар жана алардын тарыхый коңшулары тууралуу арбын маалымат берилет. Мында Ош, Өзгөн, Испижаб, Тараз, Атлах, Шелжи, Кедер, Фараб сыяктуу шаарлар сүрөттөлөт.
Истахринин эмгегинде географиялык карта берилип, түрк этносторунун отурукташкан жери көрсөтүлгөн. Китепте Түркстан аймагындагы мусулмандардын түндүк-чыгыштагы соңку шаарларынан болгон Тараздын ары жагында исламды кабыл ала элек карлуктардын чатырлары (көчмөндүк боз үйлөрү) жайгашкандыгы, айрым кыргыз топтору Ферганага жакын байырлап калгандыгы жөнүндө да кызыктуу маалыматтар камтылган.
(Караңыз: Караев О. Восточные авторы о кыргызах. Бишкек: Кыргызст ан, 1994. – С. 36–40).
Дегиңкиси, чыгыш таануу илиминде картографиялык маалыматтар башка да тексттер менен салыштырылат. Маселен, кыргыздар, түрктөр, түргөштөр, карлуктар, кыпчактар ж.б. тууралуу эрте орто кылымдардагы маалыматтар бир эле учурда кытай, тибет, арап, парсы, согд ж.б. булактарда, түрк калктарынын өздөрүнүн битик жана орток түрк (уйгур) жазмаларында чагылдырылган.
Кыргыз этноними византиялык булактарда да кезигет. (Бул чакан блогдо мен байыркы доордогу жана орто кылымдардын кийинки кезеңдериндеги ар кыл тилдердеги жазма булактарга кайрылып отурган жокмун).
Ал эми орто кылымдардын эрте мезгилиндеги кубаттуу түрк тилдүү этнос болгон карлук элинин тарыхын эч качан жерибешибиз жана бөксөртпөшүбүз керек.
Карлуктар деле азыркы өзбектер менен уйгурларга гана эмес, кыргыз, казак, каракалпак, түркмөн сыяктуу башка элдерге деле жуурулушкан. Демек, алар дагы орток ата-бабаларга жатат.
Кыскача корутундуласак, Истахринин картографиялык маалыматын бурмалоо аркылуу казак тарыхын жасалма түрдө байыркы кылуу аракети кийинки мезгилдердеги фолк-хистори далалаттарынын бир түрү катары адилет сынга алынышы абзел.
P.S.
Айтмакчы, профессор Мухит-Ардагер Сыдыкназаров мырзанын орто кылымдардагы латын тилиндеги тарыхый-географиялык карталарды бурмалап аңдап алган учурлары да сынга алынууда.
Маселен, түрк жана монгол тарыхы боюнча латын тилиндеги булактарды терең изилдеп келе жаткан булак таануучу, тарыхчы Роман Валерьевич Хаутала (Roman Hautala) мырза өзүнүн “Фейсбук” барагында (17.5.2024) бир канча сын пикирлерин жарыялады.
Тактап айта кетсек, Роман Хаутала Италиянын Флоренция шаарынын Улуттук борбордук китепканасында сакталып жаткан 1457-жылга таандык “Генуя дүйнө картасы” (италиялыкча “Mappamondo Genovese”) аттуу латынча картадагы “Cambellanus rex, magni canis filius” деген текстти М.-А.Сыдыкназаров мырза “Жаныбек, жөнөкөй хан. Улуу хандын уулу” (“Janïbek, a simple king. Son of the Great Khan”) деп бурмалап которуп салган деп сынга алат (бул текстти Р.Хаутала мырза өзү “Темирлан падыша, Улуу хандын уулу” – “King Tamerlane, son of the Great Khan”) деп которот).
(Бул картанын шилтемеси: https://engineeringhistoricalmemory.com/GenoeseMap.php?vis=sat&fbclid=IwY2xjawGln31leHRuA2FlbQIxMAABHYWF7GOMd6KbUiceF3CYm1FjEXRGq8jycC1Kr5vHokMGpVDyXLeFFm2ing_aem_nONEMmKDa79VEERSAmehMw)
Мындагы “Cambellanus” сөзү тээ XIX кылымдан бери эле эмир Темирдин аты катары тастыкталгандыгын да Р.Хаутала баса белгилеген.
Анан калса, М.А.Сыдыкназаров мырза бул картанын текстинде эч учурабаган “Алтын Ордо” (Orda D’Oro) сөзүн да картадан “окууга жетишкен" деп Р.Хаутала башка бир жарыясында казак илимпозун сындай кеткен.
Биз XV–XVII кылымдарга таандык карталардын М.-А.Сыдыкназаров мырза тарабынан чечмеленишинин башка аки-чүкүсүнө кайрылып отурбайлык.
Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУда) алгачкы курстарда латын тилин да баштапкы баскычта үйрөнгөн элек. Бирок бул тилдеги тарыхый карталар жөнүндөгү талаш-тартышты азырынча кесипкөй латын таануучу адистерге эле калтыра туралык.
Албетте, талаштан тактык жаралат эмеспи! Ошондой болсо да жазма булактын текстине одоно мамиле кылуу – илимий калпыстыкка жатат деп баса айта алабыз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.